Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

Украин "ультрачылары" оппозицияны коргойт


Украинанын футболдук картасында антиөкмөттүк чыгууларды колдогон ультрачылар кыймылы түзүлгөн шаарлар көрсөтүлгөн. 27-январь, 2014.
Украинанын футболдук картасында антиөкмөттүк чыгууларды колдогон ультрачылар кыймылы түзүлгөн шаарлар көрсөтүлгөн. 27-январь, 2014.

Акыркы бир жумада украин евромайданчылары күтүүсүздөн жаңы союздаштуу болду. Алар футбол командаларын колдогон фанаттардын “ультрас” кыймылы.

“Ультрачылар” өлкө борбору Киевде жана башка шаарларда европачыл жана демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган демонстранттарды полиция менен “титушкилер” деп аталган өкмөтчүлөрдүн кол салууларынан коргоо үчүн түзүлдү. Кээ бир маалымат булактары аларды - стадиондун оң канатында отурганы үчүн “Правый сектор” деп аташат.

“Ультрачылар” же футбол командаларын кайда болбосун жандап жүргөн ашынган күйөрмандардын кыймылы Түндүк Африка жана Европада кеңири жайылган. Украин футбол фанаттарынын өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган оппозиция тарапка ооп кетишине бийликтин өкмөткө каршы нааразылык митингине чыккандарга каршы булчуңдуу, спорт кийимчен бузуку жаштарды тукуруусу түрткү болду. Андай жаштарды Украинада “титушки” деп аташат. (жарым жылдай мурда пайда болгон бул сөз провокатор-спортсмен Вадим Титушкиндин фамилиясынан алынган). Ушулар сыяктуу ак шапкечен чымыр денелүү спорт кийимчен эргулдар Кыргызстандагы 2005-жылкы революция учурунда Ала-Тоо аянтындагы элге каршы коё берилгени эсиңизде болсо керек.

Демейде футболдук таймаштардан кийин атаандаш клубдун күйөрмандары менен мушташ чыгарып, анысына куштарланган украин ультрачылары Киевдеги антиөкмөттүк протестти 21-январдан тартып коргой баштады. Бул күнү Киевдин “Динамо” командасынын фанат күйөрмандары майданчыларды коргоочу атайын отряддарды түзгөнүнүн жарыялады. Эртеси күнү өлкөдө уруксатсыз нааразылык акциясына чыккандардын жоопкерчилигин катуулаткан жаңы мыйзам күчүнө кирмек.

Киевден түз көрсөтүү



Улутчул “Эркиндик” партиясынын ана башы Олег Тянибок ультрасчылардын кадамын 25-январдагы сөзүндө антиөкмөттүк протестке көрсөтүлгөн тилектештик деп мүнөздөдү:

- Украинага даңк! Мен футбол фанаттарынын темасын улантам... Келгиле Черкассынын “Днепр”, Львовдун “Карпаты” жана Полтаванын “Ворскла” командаларынын баатыр футбол фанаттарына кол чабалы. Бул тилектештиктин башталышы. Бул мекенчилдиктин башталышы!

Тянибок мындай пикирин оппозиция лидерлери президент Януковичтин кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке каккандан кийин аянтта жасады. Янукович 25-январдагы кездешүүдө оппозиция лидерлери Виталий Кличко менен Арсений Яценюкту жаңы өкмөткө кирүүгө чакырган.

Украинанын футбол чемпионаты учурдан бир көрүнүш. "Шахтер"(Донецк) -"Динамо" (Киев) 3:1, Киев, 4-август 2013
Украинанын футбол чемпионаты учурдан бир көрүнүш. "Шахтер"(Донецк) -"Динамо" (Киев) 3:1, Киев, 4-август 2013
Ультрасчылар vKontakte жарыялаган кайрылуусунда “Биз Украинанын Евросоюзга алынуусу үчүн же Юлия (Тимошенко), Виталий (Кличко), Арсений (Яценюк), Олег (Тянибока) үчүн чыккан жокпуз. Биз Орусияга же орусиялыктарга каршы эмеспиз. Биз киевдиктер үчүн, өз шаарыбыз үчүн, өз мекенибиз үчүн, өз намысыбыз үчүн чыгуудабыз” деп, өз тарапкерлерин Киевди “саткын шүмшүктөрдөн” коргоого чакырат.

Ошондон бери оппозициянын батыштагы очогу Львовдо, чыгыштагы Луганск менен Донецкиде, түштүктөгү Крымда жана Одессада футбол күйөрмандары ушундай эле үндөөлөрдү жасады. 26-январда Днепропетровск шаарынын “Днепр” командасынын берегидей жүздөгөн күйөрмандары обладминистрацияны басып алмак болгон майданчыларды колдоду. Ю-Тюбда желим октон жарадар болгон ультрасчылыны көтөрүп бараткан видеотасма жарыяланды.

27-январга карай евромайданчыларды колдогон ультрасчылар Украинанын 17 шаарында катталды. Бирок көпчүлүк аймактарда ультрасчылардын активдешүүсүнө “титушкилердин” кутумчул аракеттери өбөлгө түзгөндөй. Мисалы, Симфереполдун “Таврия” командасынын күйөрмандарынын билдирүүсүндө алар Ураинанын Евробиримдикке кошулганын жактабасын, бирок украин жарандарына кол салуулар алардын кыжырын келтиргенин, ошондой эле “полиция кубаттуу кылмышкерлерди коргоо үчүн мыйзамсыздыкка жана каракчылардын башкаруусуна” жол бергени белгиленет.

XS
SM
MD
LG