"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Бүгүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн №15 участкалык бөлүмүнө «Жашылдар» партиясынын жаш канатынын беш мүчөсү чакыртылды. Тергөөчү аларга коюлуп жаткан айып менен тааныштырды. Жаш саясатчылар укук коргоо органдарынын мындай иш аракетин саясий куугунтуктоо катары баалашарын билдиришти. Ушул эле күнү укук коргоо уюмдарынын бир нече лидерлери маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстанда адам укугу коркунучта экендигин белгилешип, президент Курманбек Бакиевден Баш мыйзамдын гаранты катары жарандардын Конституциялык укугун сактоо талабы менен кайрылышты.
Грузияда оппозициянын тынч митингин күч менен таркатканына кыргыз оппозиционерлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тынчсызданганын билдиришүүдө. Ал эми айрым эксперттер болсо Грузиядагы саясий өзгөрүүлөр Украина, Кыргызстанга да таандык экенин, президенттик башкаруу системасы барып келип жакшылыкка алып келбестигин айтышууда. Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча департаменттин директорунун кеңешчисинин пикиринде болсо учурда Грузиядагы болуп жаткан окуялар алардын ички маселеси.
Бүгүн Кыргызстанда улуттук басма сөз жана маалымат күнү. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктап, бийлик өлкөдө сөз эркиндигине өзгөчө маани берип жатканын баса белгиледи. Ал эми Медиа өкүлү институтунун директору Илим Карыпбековдун айтымында, кийинки мезгилде сөз эркиндигине жетишилген ийгиликтер акыркы эки-үч жыл аралыгында жоголуп баратат.
Белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев «Асаба» Улуттук кайра жаралуу партиясына өткөндүгүн бүгүн маалымат жыйынында жарыялады. Ал партиялык тизмеде биринчи турарын, парламенттик шайлоодо татыктуу ат салышарын билдирди. Доктор 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга баа берип, аны ыңкылап эмес, мамлекеттик төңкөрүш катары эсептээрин, азыркы бийлик элге берген убадасын аткарбай, мурдагы бийликтен айырмасы жоктугун белгиледи. «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо 24-мартта элдик ыңкылап болгонун, ыңкылаптын максаттары акырындан аткарылып жатканын белгиледи.
Бишкек шаардык кеңеши 31-октябрда кезексиз сессиясын өткөрүп, Нуржамал Байболованын катышуусу жок эле аны шаардык кеңештин төрайымдык кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечимге добуш берген көпчүлүк депутаттар төрайымды кызматтан четтетүү себебин айтуудан баш тартышты. Байболова депутаттардын мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, адилеттүүлүк издеп сотко кайрыларын билдирди.
26-октябрда Торугарт-Бишкек жолунда милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлери түшкөн автоунааны токтотуп, коркутуп-үркүтүүсү бийликтин оппозицияны коркутуп, үшүн алуу аракети, деп билдирди аталган партиянын мүчөсү, экс-депутат Эркин Байсалов. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы уюшкан кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция маалында милиция кызматкерлери жаңылыштык менен оппозициячыл саясатчылардын автоунаасын кармашкандыктарын маалымдады.
Бүгүн Ички иштер министрлигинин жанында белгилүү журналист маркум Алишер Саиповду эскерүү акциясы өттү. Ага катышкан укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер укук коргоо органдарынан тез арада кылмыштын бетин ачып, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышты. Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармасынын начальниги Мелис Турганбаев чыгып маалымат берип, Саиповдун атып өлтүрүлгөнү тууралуу кылмыш иши козголуп, тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшү журналисттик кесиптин кооптуулугун дагы бир ирет тастыктады. Мамлекет журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тезинен чечкиндүү чара көрүүсү зарыл, деп билдирди Медиаөкүл иниститутунун директору Илим Карыпбеков. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакеев болсо журналисттердин укугун коргоо боюнча бийлик бардык аракеттерди көрөрүн “Азаттыкка” билдирди.
Президенттин жардыгы менен Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылышын оппозициячыл депутаттар негизсиз, Конституцияга карама-каршы келген чечим деп эсептешет. Алардын баамында өлкө башчысы референдум өткөрүүдө да мыйзам бузууларга жол берген. Ал эми экс-спикер Марат Султанов парламентте акыркы маалымат жыйынын өткөрүп, президент 2003-жылдын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңешти таркатууга укугу бар экенин билдирди.
Таласта өтүп жаткан эпос айтуучулардын эл аралык фестивалына Саха (Якутия) республикасынан баатырдык баяндарды айтуучу элдик өнөрпоз Петр Тихонов баш болгон делегация келди. Алар «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде мейманда болушуп, жакуттардын элдик оозеки чыгармалары тууралуу баян куруп беришти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала тараткан маалыматына караганда, жалпы элдик добуш берүүгө өлкө атуулдарынын 80,64 пайызы катышкан. БШКнын мүчөлөрүнүн айтымында, референдум мыйзамдын алкагында өткөрүлүп, мыйзам бузуулар тууралуу БШКга жазуу түрүндө доо арыздар түшкөн жок. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү рефрендумда административдик ресурстар колдонулуп, мыйзамды бурмалоо жолу менен өткөнүн айтышууда.
Бүгүн Улуттук телерадиокорпорациянын Байкоочу Кеңеши алгачкы жыйынын өткөрдү. 25-октябрда болуучу келерки отурумунда Байкоочу Кеңештин төрагасын бекитишет. Кээ бир серепчилер Байкоочу Кеңештин түзүлүшү менен УТРКны коомдук телевидениеге айландырууга жол ачылат дешсе, айрымдары Байкоочу Кеңештин бийлик кысымынан эркин иштей ала тургандыгына көп ишене беришпейт.
"Айкөл Манас" жана Сергий Родонежский атындагы кордун атынан Игорь Трофимов Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин жанына пикетке чыкты. Ал "Манас" аба майданындагы АКШнын аскер базасы Кыргызстанда коррупцияны багып жатат, деп айыптап, базаны өлкө аймагынан чыгарып кетүү талабын койду. Авиабазанын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Адриана Клерк болсо демократиялык коомдо пикетке чыгып өз көз карашын билдирүүгө ар бир атуулдун мыйзамдуу укугу бар экенин “Азаттыкка” билдирди.
“Ак жол” элдик партиясынын түзүлүшүнө жана ага президент Курманбек Бакиевдин төрага болуп шайланышына коомчулукта ар түрдүү пикирлер пайда болду. “Акшумкар” партиясынын тең төрагасы Темир Сариевдин айтымында, Конституцияга ылайык Бакиев президент болуп туруп саясий партияны жетектемек тургай анын мүчөсү болууга укугу жок. Ал эми экс-премьер-министр Амангелди Муралиев болсо президенттик партиянын пайда болушу табигый көрүнүш экенин, президент келерки шайлоого алдын ала азыртадан камылга көрүп жатканын билдирди.
Бүгүн - 15-октябрда Бишкекте «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылынын форуму өтөт. Ага президент Курманбек Бакиевдин катышуусу күтүлүүдө. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында, уюм алдыга койгон маселелер бүгүн ачыкталат. Бул кыймылга бийликти жактаган бир катар партиялар кирген. Айрым саясатчылар аталган кыймылдын курамы экс-президент Аскар Акаевди колдоп жүргөн адамдардан куралгандыгын, азыркы президент түзөм деген партиянын өзөгү дал ушул кыймыл болуп калышы мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.
Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакцияларына референдум өткөрүүгө саналуу гана күндөр калды. Айрым саясатчылардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик референдумду шашылыш өткөрүп жатканы аз келгенсип, жер-жерлерде мекеме-ишкана, билим берүү, медицина тармагынын кызматкерлерин референдумга милдеттүү түрдө катышуу талабын коюп жатышканын айтышууда. Ал эми президент Курманбек Бакиев жолугушууларда референдум ачык-айкын өтүп, административдик ресурстар колдонулбайт, деп ишендирип келет.
Бүгүн Жогорку Кеңеште “Кумтөр” кени боюнча маселе талкууланып, бир катар депутаттар “Камеко” менен башкы келишимди түзүүдө кемчиликтерге жол берип, мамлекеттин казынасына чыгым келтирген мурдакы кызматкерлерди жоопко тартууну сунушташты. Депутат Каныбек Иманалиев кыргыз эли Кумтөрдөн 2 млрд. доллар чыгаша тартканын баса белгиледи. Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, эксперттик топ сунуштап жаткан “Камеко”, “Центерра Голд.Инк” компаниялары менен Кумтөрдүн ортосундагы жаңы келишим боюнча Кыргызстан көлөмдүү үлүшкө ээ болору күтүлүүдө.
Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору референдум аркылуу кабыл алынгандан кийин, өлкөнүн табигый байлыктары жеке менчикке өтүп кетүү коркунучу бар, деп билдирди экс-спикер Өмүрбек Текебаев бүгүн парламент отурумунда. Ал эми депутат Карганбек Самаков болсо Кумтөрдү эл аралык шылуундарга дагы алдатып жибербөө үчүн “Камеко” менен кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүлгөн келишимин ратификациядан өткөрбөөгө чакырды. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча парламент кечиктирбей туура чечим кабыл алып берсе, экономиканын өсүшүнө зор пайдасы тиет, деп эсептейт.
Келерки жылдын апрель айына чейин электр кубатына баа көтөрүлбөйт, деп билдирди энергетика министри Игор Чудинов бүгүн парламент отурумунда. Ал ошондой эле коңшу мамлекеттерге электр кубатынан тышкары өлкө аймагынан агып чыккан агын сууну коңшу мамлекеттерге сатуу маселеси да козголуп жатканын билдирди. Депутат Алманбет Матубраимовдун пикиринде мамлекет биринчи кезекте энергетика коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл, болбосо өлкөнүн келечегине чоң коркунуч туулат.
Айрым депутаттар УТРКнын Байкоочу Кеңеши президенттик администрацияга, аталган компаниянын жетекчилигине көз каранды болуп, эч кандай маселе чече албастыгын айтышууда. Журналистер кошуунунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев болсо Байкоочу Кеңеш УТРКнын ишмердигин көзөмөлдөп, татыктуу иш алып барат деген ишенимде. Парламент бүгүн байкооочу кеңештин курамына көрсөтүлгөн 30 талапкердин төртөөнү биринчи айлампада шайлады. Экинчи айлампага чыккан 11 талапкерлерди парламент жума күнү шайлайт.
Дагы жүктөңүз