Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

БИЙЛИКЧИЛ КЫЙМЫЛДЫН ПЛАНЫ БҮГҮН АЧЫККА ЧЫГАТ


Бүгүн - 15-октябрда Бишкекте «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылынын форуму өтөт. Ага президент Курманбек Бакиевдин катышуусу күтүлүүдө. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында, уюм алдыга койгон маселелер бүгүн ачыкталат. Бул кыймылга бийликти жактаган бир катар партиялар кирген. Айрым саясатчылар аталган кыймылдын курамы экс-президент Аскар Акаевди колдоп жүргөн адамдардан куралгандыгын, азыркы президент түзөм деген партиянын өзөгү дал ушул кыймыл болуп калышы мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

Он бир миң мүчөсү бар «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылынын форумунда каралуучу маселелер тууралуу аталган кыймылдын Бишкек шаары боюнча демилгечилер тобунун жетекчиси Марат Мамбетов буларга токтолду.

-Чогулуп жатканыбыздын негизги максаты үч жумадан бери референдумду колдоп эл арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатпайбызбы. Ошонун жыйынтыгын чыгарып, кандай жетишкендиктер болду? Кандай иштер аткарылды? Дагы кандай иш аракеттерди көрүү керек? Ушул тууралуу жыйында сөз болот. Анан кыймылдын ар бир региондо активдүү демилгелүү топтору бар ошолордон 1100 киши филармониядагы форумга келет.

Марат Мамбетов белгилегендей аталган кыймыл үч жумадан бери өлкө аймагында Баш мыйзамдын жана Шайлоо жөнүндө мыйзамдын өзгөртүүлөр киргизилген жаңы долбоорлоруна 21-октябрда өтүүчү рефрендумга атуулдардын активдүү катышуусу тууралу үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

Кыймыл жетекчисинин орун басары Автандил Арабаев референдумда административик ресурстар колдонулбайт деген ишенимде.

Маалыматтарга караганда, форумга саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары чакырылган.

«Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылына «Содружество», «Авангард», «Санжыра», «Либералдык-прогрессивдик» жана «Республикалык Эмгек жана Биримдик» партиялары кирген.

Бүгүн өтүүчү форумга өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин катышуусунда, аталган кыймыл президенттин жаңы түзөм деген партиясынын өзөгү болуп жарыяланышы мүмкүнбү?- деген суроого Марат Мамбетовдун жообу төмөндөгүдөй болду.

-Мен аны айталбайм. Чынын айтсам бул тууралуу маалыматым жок. Мен Бишкектеги демилгечилер тобунун жетекчиси катары борбордон катышуучу делегацияны камсыз кылам.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылына жалаң бийликке кошомат кылгандар чогулушуп, ураан чакырганы менен алардын коомдо анчейин деле баркы жок деген пикирде.

-Булар бийликке кошомат кылып, бийликтин “акырынан жем жеген” адамдар. Аларга баары бир Акаев болобу, Бакаев болобу. Азыркы бийлик кетип, алардын ордуна эртең эле оппозиция бийликке келсе, аларга да чуркап барышат,эмне кылалы дешип.

“Ата мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов белгилегендей, бийлик өздөрү ар кандай саясий күчтөрдү, мекеме жетекчилерин чогултуп, административдик ресурсту колдонушу, оппозицияны күчтүү бир топко биригүүгө алып келет.

XS
SM
MD
LG