Каржы министри Акылбек Жапаров 1997-жылдан бери, 2006-жылды кошкондо Кумтөр алтын кенинен 2 млрд. 14 млн. доллар каражат табылса, андан мамлекеттик бюджетке болгону салыктан 121 млн. 639 миң доллар түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, 2003-жылы 31-декабрда экс-өкмөт башчы Николай Танаев "Камеко" компаниясы менен Кумтөрдүн ортосундагы келишимди реструктуризациялоодо эч ким менен макулдашпай кол коюп, кыргыз тарап өзүнө тиешелүү пайдадан куру калган. Жапаров ошондой эле, учурда «Камеко», «Центерра Голд» компаниясы менен Кумтөр боюнча жаңы макулдашылган келишимдин негизинде Кыргызстандын үлүшү көбөйө турганын айтты.
-Мына үч жылдын ичинде эле 161 млн. доллар салыкка түшкөнү жатат. Мындан тышкары сиздер колдоп берсеңиздер, акциябыз эмдиги жылы 13,30 пайыз канада доллары боло турган болсо, 1 млрд. доллар байлыгыбыз болгону турат.
Каржы министри белгилегендей жаңы макулдашылган келишимге ылайык табылган кирешенин 1 пайызы Ысыккөл облусуна бөлүнүп, экологиялык абалды сактоо жана коргоо боюнча эле «Камеко» 350 миң. доллар бере турган болуп атат.
Жалпысынан Кумтөрдө 716 тонна алтын запасы болсо, учурда анын 200 тоннадайы казылып алынганын маалымдаган министр, "Камеко" менен сүйлөшүүлөрдү парламент колдоп берсе, Кыргызстандын бюджетине көлөмдүү каражат түшөрүн баса белгиледи. «Эгерде бул макулдашууларга келе албасак, бул маселе эл аралык сотко өтүп, ал жерден Кумтөр маселеси кандай чечилери белгисиз»,- дейт Жапаров.
Депутат Иса Өмүркулов болсо Кумтөр алтын кени боюнча калпыстык кетирген мурдагы өкмөттү жоопко тартуу маселесин көтөрдү.
-Силер эмне үчүн кылымдын кыңыр ишин мурас кылып алып атканыңар мага түшүнүксүз. Эмне үчүн силер мурдагы бийлик кол койгон келишимдерди жактап актанып жатасыңар. Ошол кезде өкмөттүн башында ким турган, "Кыргыз алтынды" ким жетектеген? Буга кимдердин катыштыгы бар. Мына ушуларды жоопкерчиликке тартуу маселесин эмне үчүн көтөрүп чыкпайсыңар?
Өмүркулов Кумтөр боюнча түзүлгөн алгачкы келишимде көрсөтүлгөн 276 млн. доллардын өлчөмү эмне үчүн 450 млн. долларга чыкканын, ортодогу 176 млн. долларды кимдер «чөнтөгүнө» салып алганын текшерүү керектигин кошумчалады. Анын айтымында, колдон-колго өтүп жаткан Кумтөр маселесин Башкы прокуратура, Коопсуздук кызматы, укук коргоо органдары ийне-жибине чейин текшерип, ага тиешеси бар кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу керек.
Депутат Каныбек Иманалиевдин пикиринде буга чейин Кумтөр кенинен кыргыз эли 2 млрд. доллар чыгаша тартса, азыркы өкмөт "Камеко" менен жаңы келишим түзүү менен мамлекетке пайда алып келүү ниетин көздөөдө.
Бул күнү Кумтөр маселеси парламентте кызуу талкууланып, шейшемби күнү улантыла турган болду.