Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

И.ТРОФИМОВ: АМЕРИКАЛЫК АВИАБАЗА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОРРУПЦИЯНЫ БАГЫП ЖАТАТ


"Айкөл Манас" жана Сергий Родонежский атындагы кордун атынан Игорь Трофимов Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин жанына пикетке чыкты. Ал "Манас" аба майданындагы АКШнын аскер базасы Кыргызстанда коррупцияны багып жатат, деп айыптап, базаны өлкө аймагынан чыгарып кетүү талабын койду. Авиабазанын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Адриана Клерк болсо демократиялык коомдо пикетке чыгып өз көз карашын билдирүүгө ар бир атуулдун мыйзамдуу укугу бар экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин жанында Игорь Трофимов колуна «АКШ биздин жерден куралыңды жана аскериңди алып кет!» деген жазуусу бар плакатты көтөрүп, "Манас" аба майданындагы аскер базасы Кыргызстандагы коррупцияны багып жатат, деп айыптады.

-Манастагы авиабазага негизги биздин коюп жаткан дооматыбыз, аны менен Кыргызстандагы коррупция жан багып жатат. Ал базадан азыркы бийлик ай сайын 100 миң доллар алып турат. Андан бөлөк биз авиабазадан ачык маалымат ала албайбыз. Биздин атуулдарды өлтүргөн фактылар бар.Алардын учактарынын учуусунан "Манас" аба майданы жайгашкан аймактын экологиясына зыян келип жатат. Ошондуктан бул боюнча биздин өкмөт АКШ, Кытай, Орусия, Казакстандын өкүлдөрүнөн экологиялык комиссия түзүп, текшерип чыгуусу зарыл.

Трофимовдун көз карашында, дүйнөлүк тажрыйбада АКШ куралдуу топторду согуш ыкмаларына машыктырып, үйрөтүп чыгып, кайра алар менен өздөрү күрөшүп келүүдө. «Кыргызстандын аймагында да куралуу топтордун жаңжалын чыгарып жиберүү коркунучу бар, ошондуктан АКШнын аба күчтөрүн өлкө аймагынан чыгаруу керек,»- дейт Трофимов.

Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекова болсо Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинин алдында уюмга мүчө мамлекет башчыларына АКШнын авиабазасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу тууралуу кайрылуу жолдогонун билдирди. Ажыбекованын айтымында, "Манаста" авиабазанын жайгашышы мамлекеттин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат.

-НАТОнун Кыргызстанда аскерий базасы турган кезде бизге глобалдык масштабда коркунуч туудурат. АКШга каршы болгон кайсы мамлекет болсо дагы бизге бомба ыргытышы мүмкүн. Бомба болбосо дагы террордук акция жүргүзүшү турган иш. Бизге 5 млрд. доллар төлөсө дагы, бизге абдан зыяндуу аскерий база. Тез арада аскерий базаны чыгаруу зарыл. Биз коммунисттер бийликке бул талапты байма-бай коюп келатабыз.

Клара Ажыбекова АКШнын Иранды жана Түндүк Кореяны коркутуп, согуш ачууга ыктап турганын, эгерде Иранга АКШ согуш жарыяласа анын оор салакасы Кыргызстанга да тиерин баса белгиледи.

Саясий илимдерди доктору Жолборс Жоробеков болсо ШКУнун саммитинде "Манастагы" авиабаза маселеси кызуу талкууга алынбаганы, аскерий базанын Кыргызстанда жайгаштырылышы коңшу мамлекеттерге да ыңгайлуу экенинен кабар берет деп эсептейт. Анын пикиринде аскер базасы жеке эле Кыргызстанга эле эмес жалпы Орто Азияны террорчулардан коргоп, коопсуздукту камсыз кылып турат.

-Кыргызстанга мамлекеттер аралык антитеррордук келишимдердин алкагында АКШнын аскерий аба базасынын турушу азыр бизде эле эмес, айрым мамлекеттерди да канагаттандырат деп ойлоймун. Экинчиден, авиабаза Кыргызстанга кандайдыр бир деңгээлде финансылык жардамын да тийгизип жатат. Менин оюмча бул авиабаза түбөлүк турбайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кетет. Бул жерден кандайдыр бир маанилүү маселе ойлоп таап, саясий оюндарга айлантпаш керек.

Ал эми Манастагы АКШнын авиабазасынын коомчулук менен байланыш боюнча кызматтын жетекчиси майор Адриана Крейк Кыргызстанды демократиялуу өлкө катары бааларын, демократиялык эркин коомдо ар бир атуул тынч митингке чыгууга мыйзамдуу укугу бар экенин, ал укуктарды сыйлаарын «Азаттыка» билдирди.

XS
SM
MD
LG