"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жылдык жыйынына тышкы иштер министри Эднан Карабаев кечээ түнү жөнөп кетти. Айрым саясатчылар аталган уюмдун жыйынына президент Курманбек Бакиев өзү барганда бир топ маселелерди чечип келмек дешүүдө. Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов быйыл президенттин БУУнун жыйынына баруусунун кажети жок деп эсептейт.
Коомчулукта 21-октябрда референдум өткөрүлгөндөн кийин парламент таркатылат деген ишеним пайда болду. Айрым саясий партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү да Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтышууда. Ал эми парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү Райымбек Мамыров болсо президенттин парламентти таркатууга мыйзамдык негизи жок деп эсептейт.
Жогорку Кеңеш бүгүн Клара Кабилованы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кылып дайындоого макулдук берди. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында шайлоого катышкан 60 депутаттын 52 макул, сегизи каршы добуш берди. Кабилова депутаттар жана президент ишеним көрсөтүп тапшырган жооптуу кызматта мыйзам менен да, абийири менен да ойнобой тургандыгын белгиледи. Ал эми “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо БШКнын төрайымын мыйзамдын чегинде иштерине ишенбестигин “Азаттыкка” билдирди.
Конституциялык саясат институтунун директору Нурлан Сыдыков Баш мыйзамдын 43-беренесинин 5-пунктуна ылайык президент Курманбек Бакиев саясий партиянын катарында болууга, же саясий партия түзүүгө укугу жок, билдирди. Бир катар саясатчылар бул жалгыз юристтин талабы эмес, жалпы мыйзамдын талабы деген көз караштарын айтышты. Ал эми парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы Искак Масалиев болсо Баш мыйзамда президентке саясий партия түзүүгө тыюу жок, деген пикирде.
Президент Курманбек Бакиевдин жалпы элге кайрылуусунан кийин коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда. Бир катар саясатчылар Бакиев референдум аркылуу бийликти бир колго топтоо аракетин көрүү менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин учурдагы саясатын туурап жатат дешсе, айрымдары анын бул кадамы конституциялык реформа чатагына чекит коет деген ойдо. Ал эми “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин көз карашында алдыдагы референдумдун Акаевдин көз боемологон референдумунан эч бир айырмасы болбойт.
Бүгүн парламент Конституциялык соттун 1993-жылдан берки ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Депутаттар 2006-жылы ноябрь-декабрдагы кабыл алынган Конституцияларды жараксыз кылган чечим чыгарганы үчүн Конституциялык Сотту Президент менен тымызын заговор уюштуруп жатат деп айыпташты.
Жогорку Кеңеш шейшембиде Конституциялык Соттун чечимин кезексиз талкуулоо боюнча чечим кабыл алды. Баш мыйзамдын декабрдагы редакциясын жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүп чыккандардын бири Кабай Карабеков бир жылдан бери өлкөдө өкүм сүргөн мыйзамсыздыкка Конституциялык Сот чекит койгонун билдирди. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, 2003-жылдагы Конституция кайрадан күчүнө келгени менен укуктук жактан бир катар баш аламандыктар пайда болот.
Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Дооронбек Садырбаев депутат Султан Урманаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган башкы прокурордун өтүнүчү боюнча депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Садырбаев 2002-жылы Аксыда эң оор саясий кылмыш жасалганын, ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев «Буран», «Тайфун» операциялары менен Боспиектеги мыкаачылыкты мыйзамдаштырууга барганын белгиледи. Ал Аксыдагы ок атуу боюнча мурунку жооптуу жетекчилердин, жалпысынан кырк бир адамдын үстүнөн кылмыш ишин козгоону жана экс-президент Аскар Акаев, азыркы президент Курманбек Бакиев, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдон кол тийбестикти алып, ишин кароону эл аралык сотко өткөрүп берүүнү сунуштады.
Парламентте өлкөдө мал ылаңынын күчөп баратканына Ветеринария департаментинин иши себеп деген жыйынтыкка келишти. Ошондон улам айрым депутаттар бул мекеменин директору Талантбек Узакбаевди кызматтан алууну сунуштап, муну менен коррупцияга бөгөт коюуну айтышты. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Сооронбай Жээнбеков дагы ветеринария тармагы коррупцияга батканын мойнуна алды.
Кыргыз өкмөтү канаданын “Камеко Корпорейшн” жана “Центерра Голд Инк” компаниялары менен тогуз айдан бери жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү натыйжалуу болгонун билдирди. Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кумтөр боюнча эки тараптуу макулдашуулардын аркасында кыргыз тараптын акциясы эки эсе көбөйө турган болду. Аталган компаниялар менен өкмөт келишимдерге эртең кол коюусу күтүлүүдө. Каржы министри Акылбек Жапаров болсо Кумтөр долбооруна мурдагы өкмөт башчылары элдин кызыкчылыгын ойлобой эле өздөрүнүн кызмат орду үчүн Кыргызстанга пайда бербеген келишимдерге кол коюшканын айтты.
Мамлекетке чыккынчылык кылды делип шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бир кызматкери жана Коргоо министрлигинен эс алууга чыккан запастагы офицер Улуттук коопсуздук комитететинин тергөө абагына камалып, учурда алардын үстүнөн тергөө жүрүүдө. Бул маселе боюнча аталган комитет толук маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми экс-депутат Алишер Абдымомунов болсо Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин кийинки кездери мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу иштерин сын көз менен карап, алардын мындай аракетин жасалма аброй топтоо катары баалайт.
«Жоомарт» кыймылынын лидери Нурлан Мотуев «Каракече көмүр» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалганын, ал Каракечедеги коррупция менен айоосуз күрөшөөрүн 23-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бирок «Көмүр» мамлекеттик ишканасынан Нурлан Мотуевдин айтканын төгүнгө чыгарышты. Мындан тышкары Мотуев Балыкчы шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка аттанаарын, аны бийлик колдоп, оппозиция өкүлү Өмүрбек Субаналиевди утуп чыгарын жарыя кылды.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Атамбаев эки тараптуу сүйлөшүүдө Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу кытай өкмөтүнүн планында бар экенин, Токмоктогу кагаз чыгаруучу ишканынын карызын толук кечүү тууралуу макулдашылганын билдирди. Ал эми спикер Марат Султанов менен болгон жолугушууда эки өлкөнүнүн парламент аралык байланышын чыңдоо, экономикалык-социалдык маселелер козголгон.
Таластагы улуттук «Манас ордо» тарыхый комплексиндеги казуулар коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Кароол Дөбөдө археологиялык илимий-иликтөө иштери жүргүзүлбөй эле, илимге тиешеси жок адамдар талкалап-бүлүндүрүү жолу менен казып жатканын 30-июлда маалымат жыйынында жарыялады. Анын пикиринде кыргыздын ыйык жери деп аталган жайды мыйзамсыз казууну уюштургандар кылмыш жообуна тартылышы керек. Ал эми президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде жогорудагы иш чара мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын, Үмөталиеванын койгон дооматтары негизсиз экенин билдирди.
«Амина Мунди» рухий академиясынын эки кызматкери баштаган топ Таластагы “Манас ордо” улуттук маданий комплексиндеги Кароол дөбөнү ырайымсыздык менен талкалоодо, деп билдирди “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева. Ал тарыхый ыйык жайды казып, талкалагандарды жоопко тартуу керектигин, бул иш чаранын башында турган Чолпонбек Абыкеевге чара көрүү тууралуу президентке кайрылуу жолдогонун маалымдады. Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кароол дөбөдөгү археологиялык казуу мыйзамдын чегинде, жергиликтүү элдин макулдугу менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында 3-сентярда Ысыккөл эл аралык кинофестивалы башталат. Фестивалдын төрагасы, мамкатчы Адахан Мадумаровдун айтымында, мындай иш чара Кыргызстанда 32 жылдан бери өткөрүлгөн эмес. Фестивалга өкмөттөн бир дагы каражат бөлүнбөйт. Жергиликтүү ишкерлер жана мекеме-уюмдар өздөрү демилге көтөрүп, каражат менен камсыз кылууга даяр. Маалыматка караганда фестивалды өткөрүүгө 130 миң АКШ доллары сарпталышы күтүлүүдө. Ал эми айрым киноишмерлер эл аралык фестивалды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн беш-алты ай мурда даярдануу керектигин, шашылыш өткөргөн иш чара Кыргызстандын абройуна доо кетирип коерун айтышууда.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда Шанхай кызматаштык уюмунун саммитине карата Бишкекке келүүчү чет элдик жарандардын саны көбөйөт. Ага байланыштуу сырттан келген жарандар “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамды бузбашы үчүн укук коргоо органдары алдын ала маалыматтарды берип, тиешелүү иш чараларды өткөрөт. ШКУнун жыйынына он күн калганда коопсуздукту камсыздоо багытында күч органдары күчөтүлгөн режимде иштери айтылууда. Ал эми Кыргызстандын базарларында соода кылышкан кошуна мамлекеттин жарандары ШКУнун жыйыны бүткөнчө соода-сатыгын токтотуп турууну ылайык көрүшүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов өкмөт ички миграция боюнча программа иштеп чыгып, жаштарды жумуш менен камсыз кылбаса жакын арада өлкөдө жумушка жарамдуу адамдар калбай калат деген кооптонуусун кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде билдирди. Анын пикиринде Баткен, Ош облустарындагы ээн калган жерлерге кошуна мамлекеттин жарандарынын келип отурукташа баштаганы барып келип чоң проблемаларды жаратышы мүмкүн.
«Тыңчылык” кылган делип шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын денсоолугу күндөн күнгө начарлап баратканын анын адвокаты Айжан Касмалиева кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен баарлашканда айтып берди. Ал Арыковага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылганын билдирди.
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Жолдошбек Абдиев менен Эркинбек Акназаровго байланыштуу сот жараянын баштады. Алар 19-апрелдеги митингде массалык тополон чыгарган деп айыпталууда. Акназаров эч кандай күнөөм жок десе, Абдиев коюлуп жаткан айыптардын айрымдарына катыштыгы бар экендигин мойнуна алууда. Коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн көз карашында тынч митингдин катышуучуларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу бийликтин карапайым элдин жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуу максатында жасап жатканын айгинелейт.
Дагы жүктөңүз