2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Кыргызстандык Чолпон Абдилазизова беш жылдан бери дүйнөдөгү эң мыкты ооруканалардын катарына кирген Сеул улуттук унивеситетинин госпиталынын Эл аралык бөлүмүндө иштеп келет. Чолпондун “Азаттыктын” кабарчылары үчүн тарыхы 1890-жылдарга барып такалган Сеул госпиталына саякатын бул видеодон көрүңүз.
Орусия менен Өзбекстан 27 млрд долларлык келишимге кол койду. Орус генералы Виктор Золотов оппозиционер Алексей Навальный менен беттешүүдөн баш тартты. Орусия менен Өзбекстан 27 млрд. долларлык келишимге кол койду.
Эфиопия өкмөтүнүн жарымы аялдардан куралды. Жапонияда жумушчу катары иштейт деген роботтор сынакка коюлду.
Ооганстанда ишемби, 20-октябрда Улуттук Ассамблеяга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул ирет аял талапкерлердин саны болуп көрбөгөндөй көп. Алар үчүн саясатчы болуу абдан оор. Гендердик теңсиздик өзүнчө чоң маселе. Андан тышкары террордук чабуулдар тыйылбай жатат.
Хашоггинин тагдыры дале белгисиз. АКШнын мамкатчысы бул маселени Саудия, Түркия жетекчилери менен талкуулады. Канадада кара куурай эркин сатыла баштады. Армения президенти өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Казакстандын Өзбекстандагы элчиси миллиондордун уурдалышына шектелүүдө.
Сауд Арабиясындагы социалдык реформалар жемишин берип жатат. Чектөөлөр азайышы аялдар үчүн кыялдагы нерсени жакындатууда. Акырындап спортко үйүр боло башташты. Маселен Перс булуңунун жээгиндеги Дамам шаарында бокс менен алектенүүнү каалагандар көбөйдү.
Орусияда жума намаз учурунда полициянын текшерүүсү кайрадан башталды. Сентябрдын аягынан тартып бир нече шаарда ушундай рейддер болгону кабарланууда. Бирок полиция эмне себептен намазга жыгылгандардын, алардын ичинде мигранттардын тынчын алып жатканын түшүндүргөн эмес.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл эки кишиге тапшырылды. Алардын бири - Надия Мурад. Ага “башынан өткөргөнүн, башкалар көргөн кордукту дүйнөгө айтып берген чечкиндүүлүгү жана эр жүрөктүгү” үчүн ыйгарылды.
Болгарияда коррупциялык иштерди иликтеп жүргөн журналистти өлтүрүп кетишти. Премьер-министр "илинчек көп, кылмышкерлер кармалат" деп убада берүүдө. Полиция Виктория Маринованын өмүрүнө кол салууга эмне негиз болгонун териштирип жатат.
Падышалык бийликти сындап жүргөн, мекенинен бозгон журналист Жамал Хашоггинин дайны чыкпай жатат. Ал өткөн шейшембиде Сауд Арабиясынын Түркиядагы консулдугуна кирген, бирок кайра чыккан эмес. "Журналистти өлтүрүп коюшту" деген пикир басымдуулук кылууда.
Кыш жакындаганы Тажикстанда электр энергиясынын маселеси кайра көтөрүлдү. Эми өткөн жылдардагыдай жапырт жарык өчүрүү болбойт делген. Бирок борбор шаардын тегерегиндеги айылдарда абал башка. Ошол эле маалда баасы улам көтөрүлүп жатат.
Дүйнөдө ичкилик ичкен, калп айткан же тээ мурдагы кылыктары үчүн жаза алган министрлер кимдер?
Бишкек шаардык кеңешине ишкердин ишкер уулу спикер болушу кызык ойго түрттү. Аны шайлагандардын өздөрү да депутаттардын, ишкер-байлардын балдары же туугандары экен. Бул өлкө жетекчилиги атадан балага алмашып жатабы деген суроолорду жаратты.
Ким Чен Ын ошентип Корей жарым аралы өзөктүк куралсыз аймакка айлана турганын ачык айтты. Атургай ал быйыл жыл аягына чейин Түштүк Кореяга бара турганы белгилүү болду.
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев менен маек. Али Токтакунов "Белизгейт" чыры, саясий куугунтуктар, ЖЭБ, эки президент менен мамилеси, азыр кайда жүргөнү тууралуу сурады.
УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев "Белизгейт" чыры, саясий куугунтук, ЖЭБ, президент менен мамилеси тууралуу айтып берди.
#БизЖанаДүйнө: Абдурахман чабан Инстаграмдан кантип миңдеген күйөрман топтоду? Эмне үчүн дагестандык аялдар мигрант эмес? Эмне үчүн бул аймакта УАЗ менен "Нива" атактуу?
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин 12-июнда Ферганага барганда айткандары эми ачыкка чыкты. Облустагы мунайды кайра иштеткен заводдогу сөзүндө президент Каримовдун үй-бүлөсүнүн дарегине ачуу сөздөрдү айткан.
“Чыгыш-2018” аттуу аскер машыгуусу башталды. Орусия Коргоо министрлиги буга чейин мындай масштабдагы машыгуу болгон эмес деп жатат.
Казакстанда сот бир кишини химиялык кастрация кылууга уруксат берди. Британиянын орус чалгын кызматына койгон жаңы дооматтарын Улуттар Уюмунун эң жогорку органы талкуулайт.
Дагы жүктөңүз