2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Британия Солсберидеги ууланууну уюштурду деп эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялады. Өкмөт башчы алар Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп жарыялады. Москва болсо жаңы маалыматтар эч нерсени билдирбейт деп четке кагууда.
Москвадагы соттук медэксперттер алдын ала Муратов полициячыга ок атпашы ыктымал деген тыянакка келгенин Рен ТВ кабарлады.
Кытай бүтүндөй Африка континентин өнүктүрүүгө убада берүүдө. Бээжинде өткөн саммитте Си Цзиньпин бул үчүн 60 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыя кылды.
Мхитар Айрапетян 29 жашта. “Баркыт ыңкылабынан” кийин Диаспора министрлигине дайындалган. Армян министрлеринин эң кенжеси. Никол Пашиняндын өкмөткө каршы жүрүшүн колдоп, башынан чогуу жүргөн. Еревандагы сапарыбызда жолугуп, азыноолак кепке тарттык.
Франциянын элчилери Парижге чогулду. Өзөктүк держава жана дүйнөдөгү өтө бакубат мамлекеттердин бири болуп саналган бул өлкө кийинки жылдардагы тышкы саясатын аныктап, тактап жаткан кези. Президент Макрон АКШга сын айтып, Орусия менен кызматташуу жөнүндө кеп козгоду.
Орусия соодада доллардан баш тартуу аракетин тездетүүгө ниеттенүүдө. Бул маселени орус расмий өкүлдөрү рубль кайрадан наркын жоготкон учурда көтөрүштү.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөдө коррупция менен күрөш уланарын, апта сайын жемкорлукка каршы ийгиликтүү иштер боло берерин айтты.
Арменияда «Баркыт революциясынын» арты менен бийлик алмашканына 100 күн болду. Элдик толкундоолордун шарданында бийликке келген премьер министр Никол Пашинян 17-августта Еревандагы башкы аянтка элди топтоп, жасаган ишинин отчетун берди. Ал окуяга Али Токтакунов да күбө болду.
Каспийди анын жээгиндеги беш өлкө өзгөчө статус берип, бөлүп алууну макулдашты.
Таалайбек Маткасымов - үй-бүлө багуу аргасында Орусияга кеткен кыргыздардын бири.
Кошмо Штаттар Иранга каршы санкцияларын кайра жандантты. Буга Иран эле эмес, негизги өнөктөштөрү да тынчсызданууда. Ал тургай Евробиримдик ортодогу саясаттан жабыркачу ишкерлерин коргой турган мыйзам да кабыл алганга жетишти.
Окуядан бир сааттан кийин ал өзү күнөөлүү деп эсептегендердин атын атады.
Түштүк Корея азыр дүйнөдөгү бирден бир бакубат өлкө. Коррупцияга каршы аёосуз күрөшү, эң жогорку бийлик адамдарын жоопко тартууда эрктүүлүгү, байларга гана жол ачпаган шайлоо системасы өнүгүүдөгү маанилүү факторлордун бири.
Акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатат.
Москвада таксист болуп иштеген өзбекстандык Шерзод Астанаев акыйкаттык издеп жүргөн кези. Жарым жыл мурда аны бөлөк улуттан деп жектеген адам өлтүрүп кое жаздаган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок мигрант өзүнө кол салган адам жеңил берене менен айыпталды деп нааразы.
Жеңиш Исамамбетов Түштүк Кореянын Ансан шаарында заводдо иштейт. Кореяда үй-бүлө куруп, кыздуу болушкан. Мекенинде бизнес түптөгүсү келет. Ал четтеги мигранттардын тапкан каражаты, тажрыйбасы менен жакынкы жылдары Кыргызстан өнүгөт деп ишенет.
АКШ президентинин Иранга карата мамилеси жумшарган сыяктанат. Дональд Трамп Тегерандагылар кааласа жолугууга даяр экенин дүйшөмбүдө билдирди. Болгондо да "алдын-ала эч шарт койбойм" деп жатат.
Армениянын соту мурдагы президент Роберт Кочарянды тергөө бүткүчө эки айга камакка алды. Ал конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган деп шектелүүдө.
Корей согушунун аяктаганына 65 жыл толду. Даталуу күндө Түндүк Кореяда өлгөн америкалык айрым жоокерлердин сөөгүнүн калдыктары кайтарылып берилди.
Пакистандагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, оппозиция чоң ажырым менен алдыда келе жатат. Буга чейин бийликте болуп келген партия жыйынтыкты тааныбасын билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз