Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Аялдар ооган коомун өзгөрткүсү келет


Парламент депутаттыгына талапкер Мария Баширдин сүрөтүн карап турган аялдар. Герат, 30-сентябрь, 2018-жыл.
Парламент депутаттыгына талапкер Мария Баширдин сүрөтүн карап турган аялдар. Герат, 30-сентябрь, 2018-жыл.

Ооганстанда ишемби, 20-октябрда Улуттук Ассамблеяга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул ирет аял талапкерлердин саны болуп көрбөгөндөй көп. Алар үчүн саясатчы болуу абдан оор. Гендердик теңсиздик өзүнчө чоң маселе. Андан тышкары террордук чабуулдар тыйылбай жатат.

Заргона Балох сегиз баланын энеси. Эң кенжеси колунда. Аны өспүрүм уулуна таштады да паранжысын кийип сыртка жөнөдү.

Капотуна Заргонанын сүрөтүн чаптаган үгүт унаалары кыйла эле эски. Арасында кымбат жолтандабастар көрүнбөйт.

Кезектеги үгүт чогулушу Кандагар вилаетинин бир бурчундагы жапыс имаратта башталды. Бул жерге келген эркектердин жүзүндө “ушул аял парламентке барып, бизди башкарабы?” деген суроо жазылып тургандай.

Заргона Балох
Заргона Балох

Бирок отуз бештеги Заргона да оңой эмес. Кесиби экономист. Улуттар Уюмунун калктуу пункттар программасында иштеп, далай жолу эл аралаган.

- Кандагардагы коом эскичил. Мурдатан саясатта аялдардын таасири өтө аз болгон. Бирок мен бүгүнкү күндө адамдар өзгөрүлүп, башкача ойлоно баштаганын көрүп турам. Бул адамдардын таламын талашуу үчүн күчүмдү үрөйм. Анткени бүгүн мени менен тикеден тик турган адамдар алардын үнү болушумду, жакшылык алып келишимди каалашат.

Ооган коомунда талапкерди жынысына эмес, акыл дараметине карап тандайлы дегендер да жок эмес.

- Биз Заргона карындашты өзүбүздүн өкүл катары тандайлы деп чечтик. Биз аны Кандагардагы 111 талапкердин арасынан сууруп алдык. Анткени ал билимдүү, коррупцияга же паракорлукка аралашкан эмес, - деди Абдул Хамид аттуу шайлоочу.

Анткен менен бардык жерде эле мындай маанай байкалбайт.

- Динчил, эскичил жана эркектер үстөмдүк кылган коомдо аялдар эркектерди кайсы бир нерсеге көндүрүшү өтө оор. Эркектер саясатты, мүлк-байлыкты, баарын көзөмөлдөп турат. Ошон үчүн аял талапкерди "эл өкүлү боло аласың" деп ынандыруу чынында татаал маселе, - деди ооганстандык стратегиялык изилдөө институтунун эксперти Омар Садр.

Ага карабастан парламентке жана жергиликтүү кеңештерге депутат болгусу келген аялдардын саны 417. Бул Ооганстан үчүн рекорд. Көбү дал Омар айткан стереотипти сындырууга бел байлашты.

Ошол калыптанган көз караштардын айынан кыздарды өспүрүм кезинен турмушка узатуу, көп аял алуу, «намысты коргоо үчүн» аялдарды катаал жазалоо же өлтүрүү, кыздарды окутпай коюу өңдүү көрүнүштөр өзөктүү көйгөйлөрдөн.

Марьям Сама
Марьям Сама

Мурдагы теле алып баруучу, азыр Улуттук Ассамблеяга депутаттыкка талапкер Мариям Сама муну жакшы билет:

- Эгер жеңип чыксам, аялдар аралашкан соттук териштирүүлөргө көз сала турган атайын юридикалык комитет түзгөнү турам. Ооганстандагы аялдардын абалына карап көрсөңүз чынында эле бизге өзгөчө көңүл буруу өтө зарыл экенин түшүнөсүз.

Мариямдын базар аралап, үгүт барактарын таратып жүргөнүнүн өзү зор эрдик. Анткени гендердик теңсиздиктен тышкары жалпы талапкерлер, эл үчүн Ооганстанда чоң коркунуч бар.

Ал - теракт.

Талапкерлердин биринин жардырылган унаасы. Ооганстан, 29-сентябрь, 2018-жыл.
Талапкерлердин биринин жардырылган унаасы. Ооганстан, 29-сентябрь, 2018-жыл.

"Талибан" кыймылы шайлоого караманча каршы. Акыркы айларда байма-бай чабуул уюштуруп, ондогон жайкын адамдар, анын ичинде тогуз талапкер курман болду. Алардын бири аял киши. Экөө уурдалып, төртөө жараатынан дарыланып жатышат.

Дал ушул коопсуздук маселенине байланыштуу шайлоону 2015-жылдан бери улам жылдырып келишти.

Кызык жагдай

2001-жылы Кошмо Штаттарынын жардамы менен “Талибан” бийликтен сүрүлүп, эл аралык коомчулук тааныган өкмөт өлкө башына келген. Жаңы Конституция жазылган. Ага ылайык, Улуттук Ассамблеядагы 249 орундун кеминде 68и (28%) аялдарга тийиши керек.

Экинчи жагынан алып караганда бул Батыштагы бир кыйла өлкөлөрдөн, анын ичинде Кошмо Штаттарынан да жогору.

Учурда АКШнын Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүнүн 84ү гана аял. (19,3%)

Бирок америкалык айымдар да жөн жаткан жок. 6-ноябрда өтүүчү шайлоого алар да болуп көрбөгөндөй көп катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG