Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Саудиянын спортко ынак сулуулары


Сауд Арабия-Бразилия футбол беттешиндеги саудиялык көрөрман аялдар. (REUTERS/Faisal Al Nasser)
Сауд Арабия-Бразилия футбол беттешиндеги саудиялык көрөрман аялдар. (REUTERS/Faisal Al Nasser)

Сауд Арабиясындагы социалдык реформалар жемишин берип жатат. Чектөөлөр азайышы аялдар үчүн кыялдагы нерсени жакындатууда. Акырындап спортко үйүр боло башташты. Маселен Перс булуңунун жээгиндеги Дамам шаарында бокс менен алектенүүнү каалагандар көбөйдү.

Бир байлам кызыл жоолукчан Мона тыным албай машыгып жатты. “Хук, “жэб”. Машыктыруучусу улам бир сокку уруу ыкмасын айтат. Ал илгиртпей жасайт.

- Спорт залда бокс сабагы бар экенин укканда эле барайын деп чечтим. Анткени ушул спортту жактырам. Бул өлкөдө бокс эркектерге гана уруксат эле. Анан “ырас, спорт зал сунуштап атса” көрөлү дедим. Башында оор болду. Анан акырындап ичимдеги кайрат ойгоно баштады. Психологиялык жагынан карасаң, кимдир бирөөдө терс энергия, күнүмдүк турмуштун же жумуштун түйшүгү оор болсо бул өтө жардам берет экен, – дейт 30 жаштагы Мона ал-Муакил.

Буга чейин Сауд Арабиянын аялдарына машине айдаганга уруксат берилчү эмес.
Буга чейин Сауд Арабиянын аялдарына машине айдаганга уруксат берилчү эмес.

Ал ушу залдагы бокс менен алектенип жаткан алтымыштай аялдын бири. Алардын башында да жеңил жоолук же спорттук күрмөсүнүн капюшонун кийип алышкан. Спорттук шымдары бүтүн дүйнөдө кыздардыкынан эч айырмаланбайт. "Ушундай абалыбызды күйөөлөрүбүздөн башка эч ким көрбөсүн" деген талап болбогондой. Андай болсо “Рейтер” агенттиги аларды тасмага тартмак эмес же сөзсүз бетин жаап анан көрсөтмөк. А мында баары ачык.

Ошентип Studio 55 аттуу бул залда эки жылда бокс секциясына жазылган айымдар алтымышка жетиптир.

- Биз спорттун бул түрүн сунуштай баштаганда кызыккандар чынында аз болчу. Анткени бокс эркектердин спортчу деп эсептелчү. Анан акырындап тартыла башташты. Бир класс, анан экинчиси, анан дагы ачылып, келгендер өзүндөгү өзгөрүүнү сезе башташты. Бул өзүңө ишенимди жогорулатып, кубат берет, – деди бокс устаты Фатима ал-Наим.

Кызыгуу күчөгөнүн Бразилиядан келген машыктыруучу Гэби Дельфинонун сөзүнөн баамдаса да болот:

- Эки жыл мурда келгенимде кыйла башкача болчу. Көнүгүү жасаганга мүмкүнчүлүк аз эле. Демейде көчөгө чыгып, жөн гана басып келчүбүз. Ал эми эшик ысык. Азыр көп нерсе өзгөрүлүп жатат. Кыздар спортзалга келишет. Биерде бокс шаймандары, велотренажер жана башкалар көп. Чуркайбыз же каалаганыбызды кылабыз. Бул жакта жүрүм-турум, маданият өзгөрүлүп жатканын көрүп, өз денесин эле эмес, саламаттыгын өзгөртүүгө жан үрөгөн саудиялыктарды көрүп өтө кубанычтамын.

Стадионго оюн көргөнү барган аялдар. Саудия.
Стадионго оюн көргөнү барган аялдар. Саудия.

Спорт залдагы эки жылдык көрсөткүч Сауд Арабиясындагы өзгөрүүлөрдүн убактысына дал келет.

Саудия падышасынын уулу, такты мураскору Мухаммад бин Салмандын бийликтеги таасири арткандан баштап өлкөдө аялзатына карата чектөө, тыюулар азая баштады. Азыр аялдар стадионго, кинотеатрга барып оюн же кино көрө алышат. Спорттук мелдештерге катыша алышат. 2018-жылдын июнь айынан тарта машине айдаганга укук берилген.

Өткөн жылы окуучу кыздар үчүн дене тарбия сабагы киргизилген. Аялдардын спорт клубдарын ачууну каалагандарга лицензия бере баштады.

Жогорудагы өзгөрүүлөр Сауди өкмөтүнүн 2030-жылга чейин аткарылышы керек деген амбициялуу максаттарынын бир бөлүгү. Ал убакка карай дүйнөгө ачык, технологиялык жактан өнүккөн өлкө болобуз деген пландары бар.

Ошол эле маалда Сауд Арабиясында адамдарды, өзгөчө аялдарды чектеген, эскичил көз караш дале күч. Жогорку саясий кызматтарда аялдар жок. Аялдар кайсы бир чечим кабыл аларда күйөөсүнүн, атасынын же эркек тууганынын уруксатын алышы керек деген чектөө дале бар.

Маселен паспорт алуу, чет өлкөгө чыгуу, банк эсебин ачуу, бизнес түптөө сыяктуу дүйнөнүн көп бөлүгүндө, анын ичинде Кыргызстанда кыз-келиндер өзү эле бүтүрө койчу иштерде кимдир бирөөгө кылчаңдоого туура келет.

Саудиянын сулууларын кызыктырган мушташ
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG