Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Сынчыл журналисттин сырдуу жоголушу


Жамал Хашогги.
Жамал Хашогги.

Падышалык бийликти сындап жүргөн, мекенинен бозгон журналист Жамал Хашоггинин дайны чыкпай жатат. Ал өткөн шейшембиде Сауд Арабиясынын Түркиядагы консулдугуна кирген, бирок кайра чыккан эмес. "Журналистти өлтүрүп коюшту" деген пикир басымдуулук кылууда.

2-октябрь, шейшемби. Колуктусунун айтымында түшкү 1лер чамасында Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирип кеткен. Анын максаты никеге туруш үчүн тийиштүү документтерди алуу болгон экен. Колуктусу сыртта калып, түн бир оокумга чейин күтөт. Хашогги чыккан эмес.

3-октябрдан тартып достору, кесиптештери консулдуктун алдына келип "Хашоггини Сауд Арабиясынын бийлиги кармап калды", "уурдап кетти" деп, чыгарууну талап кыла башташат.

Сауд Арабиясынын консулдугунун алдындагы Хашогинин тарапташтары. 5-октябрь, 2018-жыл.
Сауд Арабиясынын консулдугунун алдындагы Хашогинин тарапташтары. 5-октябрь, 2018-жыл.

6-октябрь, ишемби. Стамбулдагы Сауд Арабиясынын башкы консулу өзү "Reuters" агенттигинин журналисттерине кеңсесин көрсөтүп чыкты. Ал алты кабаттан турган имараттын дааратканасынан тартып ашканасына чейин кирип, шкафтарды ачып жатты. Башкы консул Мохаммад аль-Отаиби муну менен "жоголгон журналист бизде эмес" деген сөзүн бышыктоодо:

- Ырастап кетким келет, Жамал аттуу жаран консулдукта же Сауд Арабиясынын Падышалыгында жок. Консулдук менен элчилик аны издөөнүн үстүндө иштеп жатат. Биз ал туш болгон жагдайга тынчсыздануу билдиребиз.

Ошондой эле башкы консул "кеңседе камералар бар, бирок ал тарткандарын жазып калбайт" деп, Хашоггинин кирген-чыкканы тууралуу видеону көрүүгө болбой турганын айтты. Ал Хашогги ошол күнү консулдукта кыска гана убакыт болгонун кайталады. "Консулдуктун алдыңкы, арткы эки эшигинин каалаганынан чыгып кетиши мүмкүн" дейт аль-Отаиби.

Консулдуктун тосмосундагы сүрөттө "Биз Жамал Хашоггисиз кетпейбиз!" деген жазуу.
Консулдуктун тосмосундагы сүрөттө "Биз Жамал Хашоггисиз кетпейбиз!" деген жазуу.

Бирок 7-октябрда "The New York Times" гезити түрк полициясы консулдуктун тегерегиндеги бардык камераларды текшерип, "Хашогги өз бетинче имараттан чыккан эмес" деген тыянакка келгенин жазды. Ошол эле учурда консулдуктун унаалары кирип-чыгып турганы айтылат.

Ал эми “Reuters” агенттиги түрк полициясындагы булактарына таянып "журналист өлтүрүлүп, сөөгү чыгарылып кеткен" деген маалымат таратты. Дагы бир маалымат булагы "арасына аткаминерлер да кошулган 15 саудиялык Стамбулга келип, ошол Хашогги барган күнү консулдукка кирген, кийин өлкөдөн чыгып кеткен" деп жатат.

Журналисттин жакын досу Турна Кышлакчы да "расмий адамдардан так жооп алдык" деп ынандырууда:

- Кечээ түрк расмий адамдарына – саясий тарабына да, полицияга да - басым көрсөткөнүбүздөн кийин гана "ал өлтүрүлгөн" деген ырастама алдык. Бирок толук маалымат беришкен жок. "Бүгүн-эртең анын өлүмү тууралуу кенен айтабыз" дешкен. Бийликтин билдирүүсүн күтүп атабыз. Ошондон кийин гана биерде биз ага жаназа окуйбуз.

Бирок түрк бийлиги ачык, так жооп бере элек. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган "дале жакшы үмүттөмүн, иликтейбиз" деген маанидеги сөздөр менен чектелди:

- Түркиянын президенти катары мен муну жеке көзөмөлүмө алам. Мунун арты эмне болгонун бүтүн дүйнөгө маалымдайбыз. Баары, башкы консулдукка кирген-чыккандагы тасмалар иликтенет. Аэропортко кирген-чыккандар да иликтенет.

59 жаштагы Жамал Хашогги бир катар телеканалдарды, гезиттерди жетектеп, ВВС, "Аль-Жазира" өңдүү маалымат каражаттарына баяндамачы болгон. Мекенинде бийликти, анын ичинде такты мураскери Мухаммад бин Салмандын саясатын сындаган макалалары менен белгилүү. Өмүрүнө коркунуч бар экенин айтып, өткөн жылы Сауд Арабиясынан чыгып кеткен болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG