Актөбөдөгү атышуулардан жалпы каза тапкандардын саны 17 адамга жетти. 6-июнда Казакстан Актөбөдөгү чабуулдан кийин коопсуздук чараларын жогорку деңгээлге чыгарды.
Узап бараткан жумада Астанада Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин саммити өттү. Кыргызстандын күч структураларында кадрдык өзгөрүүлөр уланды.
Германиянын парламенти 1915-жылы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныган чечим кабыл алды. Ал чечим Түркиянын ачуусуна тийип, Анкара Германиядан элчисин чакыртып алды. Түрк бийлиги мындай чечим эки мамлекеттин мамилесине терс таасирин тийгизерин эскерткен.
Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын орун басарлары өмүр бою абакка кесилди. Өлкөнүн Жогорку Соту 2-июнда ушундай чечим чыгарды.
Түркиянын ички иштер министри Эфкан Аланын 30-июндагы маалыматы боюнча, "Ататүрк" аэропортунда өзүн жардырган жанкечтилерин биринин өздүгү такталды.
“Азаттыктын” өзбек кызматы жана латвиялык “Rе: Balticа” журналисттик иликтөө борбору Өзбекстандын атайын кызматынын жетекчилеринин Балтика жээгиндеги өлкөдөгү бизнесин, орун-очок алуусун иликтеп чыкты.
Узап бараткан жумада "Кумтөр оперейтинг компанини" биринчи инстанциядагы сот 6,7 млрд сом айыпка жыкты. Казак министринин сөзү кыргызстандыктарды ардантты.
Узап бараткан жумада президент менен айрым өкмөттүк эмес уюмдардын каршылыгы күч алды. УКМКнын мурунку башчысынын үнү делген аудио саясий жаңжал пайда кылды. Казакстанда 21-майда журналисттер жана жарандык активисттер кармалды.
Сирия, Ливия, Ирак согуштары миллиондогон качкындарды пайда кылды. Алардын көпчүлүгү Түркия, Ливан, Иордания өңдүү кошуна мамлекеттерде баш корголоду.
Парижден Каирге учуп бараткан EgyptAir компаниясынын учагы Жер Ортолук деңизинин үстүндө бараткан учурда радардан жоголуп кетти. Алдын ала маалыматтар учак кыйроого кабылганын көрсөтүүдө.
Орусия оппозициясынын лидери Алексей Навальный жана анын тарапкерлерине кол салуу болду. Саясатчы 30дай тарапкери менен Кара деңиздин жээгиндеги Анапа шаарына келгенде жергиликтүү казактар ур-токмокко алышкан. Орус-казактар өз кезегинде мушташты биринчи Навальныйдын тарапкери баштаганын билдирүүдө.
16-майда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы эки мурда Москвадагы Хованский мүрзөсүндөгү кагылышууну талкуулады. Парламент төрагасы Шукуржон Зухуров кандуу окуяга тынчсыздануусун билдирип, окуянын иликтенишине көз салууну ички иштер министрине тапшырды.
Кыргызстанда бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынды. CASA-1000 долбооруна Тажикстанда старт берилди. “Элдик парламенттин” лидерлери камалды.
12-майда Лондондо антикоррупциялык саммит ачылды. Анын алдында Эл аралык валюта корунун төрайымы Кристин Лагард дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 1.5 триллиондон 2 триллион долларга чейин пара берилерин билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы 12-майда Лондондо банкирлер менен жолугат. Анда Иран менен бизнес жүргүзүүдөгү Кошмо Штаттардын позициясын түшүндүрмөкчү. Ирандан Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясы алынганы менен Вашингтондун кээ бир санкциялары күчүндө калган.
10-майда Ооганстан президенти Ашраф Гани Тажикстанга расмий сапар менен келди. Бүгүн региондогу бир катар мамлекеттердин лидерлери CASA-1000 долбоорунун Тажикстандагы бөлүгүнүн ачылышына катышат.
Кыргызстанда Конституция күнү белгиленди. "Кумтөрдө" тинтүү кайсы кылмыш ишке байланыштуу жүргүзүлгөнү маалым болду. НАТО менен Орусиянын тирешүүсү күч алды.
Армения өкмөтү Тоолуу Карабактын эгемендигин таануу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырып, парламент кароосуна жөнөттү. Апрель айындагы кыска мөөнөттүк, бирок катуу кагылышуудан кийин Ереван кабыл алган чечим эмнеге алып келет?
4-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сирия маселеси каралды.
Өзбекстанда GM Uzbekistan автоконцернин беш жылдан бери башкарган Тахиржан Жалилов көз боёмочулук менен компаниянын акчасын кымырып алган деген айып менен камакка алынды.
Дагы жүктөңүз