Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Жоголгон учактын калдыгы табылды


Жоголгон учактын маршруту кызыл сызык менен көрсөтүлгөн.
Жоголгон учактын маршруту кызыл сызык менен көрсөтүлгөн.

Египет бийлиги жоголгон лайнердин калдыктары Жер Ортолук деңизинен табылганын ырастады. Кырсык болгон жерде жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү да табылып жатканы кабарланууда.

Мурдараак издөө ишине көмөктөшүп жаткан Греция бийлиги деңизде калкып жүргөн эки калдыкты көрүшкөнүн билдиришкен. Маалыматка караганда, ал Грециянын Крит аралдарына жакын, учак радардан жоголгон чекиттен 80 чакырымдай ыраакта көзгө чалдыккан.

Египет бийлиги кырсыкка эмне себеп болгонун айтуу азырынча эрте экенин кабарлады. Бирок авиация министри Шериф Фатхи Egypt Air компаниясынын учагы техникалык себептерден эмес, террордук аракеттерден улам кыйрашы ыктымалдыгын жарыялады. Учакта экстремисттер болгонбу же жокпу иликтенүүдө.

19-майга оогон түнү Парижден Каирге сапар алган EgyptAir компаниясынын учагы Жер Ортолук деңизинин үстүндө бараткан учурда радардан жоголуп кеткен. Египеттин Улуттук авиакомпаниясы учакта 56 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгонун кабарлады.

Египет жана Франция бийликтери бири-бирине көңүл айтып, учактагылар кырсыкка кабылып, каза болгонун ырасташууда. Маалыматка караганда, Египетке таандык А320 Airbus 19-майда эртең менен Жер Ортолук деңизинде, Египеттин аба мейкиндигине киргенден кийин радардан жоголуп кеткен.

Египет аскерлери издөө жана куткаруу иштерин Греция менен биргеликте баштаганын жарыялады. Бул үчүн аскер-деңиз кемелери тартылды.

"Франс-Пресстин" жазуусуна караганда, Египет учагы Грецияга таандык Карпатос аралына жакын жерде кырсыкка учурап, сууга кулап түшкөн. Грек бийлиги каргаша болгон жерге аскердик эки издөөчү учак жана аскердик кеме жөнөткөнүн кабарлады.

Париждеги маалымат жыйынында француз президенти Франсуа Олланд ушу кезге чейин чогултулган маалыматтардын баары MS804 жүргүнчү учагы Жер Ортолук деңизине кулашы ыктымалдыгын көрсөтүп жатканын билдирди.

“Биздин министрлер, өкмөт мүчөлөрү жана албетте египеттик бийлик чогулткан маалымат тилекке каршы учак кыйраганын көрсөтүүдө” деди Олланд.

Ошондой эле ал кырсыктын себептеринин бирин да четке кагуу жана тастыктоо мүмкүн эместигин билдирди.

Грециянын коргоо министри Панос Каменос болсо, жоголор алдында учак бир топ чукул бурулуштарды жасап, андан соң ылдыйлаганын билдирди.

Анын алдында Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс да билдирип, “учактын жоголуп кетиши боюнча бир да теория азырынча жокко чыгарылбайт”, - деген:

- Биз Египеттин жарандык да, аскердик да бийликтери менен тыгыз байланышта турабыз. Египет бийликтери абадан издөө тобун ал жерге жөнөттү. Египет бийлиги өтүнсө, албетте Франция издөөгө жардам берүүгө даяр. Азыркы кезде учактын жоголуп кеткен себеби боюнча бир да теория жокко чыгарылбайт. Биз эми маалымат күтөбүз. Ал учакта биздин жарандар да болгону күмөнсүз.

EgyptAir компаниясынын маалымдоосу боюнча, учактагы 56 жүргүнчүнүн 30 египеттиктер, 26сы башка өлкөнүн жарандары болгон. Анын ичинде 15 француз жана Канада менен Британиянын бирден жарандары бар.

Учактагы туугандарына сарсанаа болгон египеттиктер. Каир,Египет,19-май,
Учактагы туугандарына сарсанаа болгон египеттиктер. Каир,Египет,19-май,

Египеттин тышкы иштер министринин билдирүүсүнө караганда, Египет жана Франция аба кырсыгын биргелешип иликтөөнү макулдашты.

Каир аба майданына кырсыкка учураган аба кемесиндеги адамдардын жакындары келип күтүп турушканы кабарланды.

Маалым болгондой, март айында Египеттин Александрия шаарынан Каирге учуп бараткан EgyptAir компаниясына таандык учак барымтага алынып, ал Кипрге барып конгон. Кипрге учак конгондон кийин сүйлөшүүлөр болуп, баары тынч аяктаган. Учакты барымтага алган египет жараны камакка алынган.

​Өткөн жылы октябрь айында Орусиянын Мetrojet компаниясына таандык А321 учагы Синайдын үстүндө кырсыкка учараган. Анда 224 киши өлгөн. Кийинчерээк иликтөөлөр орус учагы жардырылганын аныктаган. Жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп өзүн атап алган террордук топ алган.

Акыркы күндө дүйнөдө бир нече олуттуу аба кырсыктары болду. Ооганстандын Гилменд провинциясында Азербайжанга таандык Ан-12 учагы 18-майда кечке жуук кырсыкка учураган. Учактын экипаж мүчөлөрү Өзбекстан, Азербайжан жана Украина жарандарынан турган. Азербайжанга таандык учак Ооганстандын ичинде жүк ташуу үчүн ижарага алынганын “Азаттыктын” азербайжан кызматы маалымдады.

19-майда АКШнын В-52 ачкерий учагы Тынч океанда Гуам аралындагы базасында кырсыкка учураган. Учактын жети учкучу жабыркаган эмес. Маалыматка караганда, учак абага көтөрүлөр алдында өрт чыккан.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG