НАТО 2-майда Балтика жээгинде, 3-майда Молдовада аскердик машыгууларды баштады. Москва ага АКШнын учак жана кемелерин аскердик учактары менен жакындан айланып учуу менен жооп берүүдө.
Украина Одессадагы окуянын эки жылдыгын эскерүүдө. 2014-жылы 2-майда Кесиптик кошуундар үйүндөгү кагылышуудан 48 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон эле. Бул окуя азыркы кезге чейин Украинада араздашуунун булагы болуп келатат.
Узап бараткан жумада президенттик аппарат да Кумтөрдүн ишине аралаша баштады. Жаңы өкмөт башчы экономиканы буйрук менен көтөрүүнү чечти. Ислам Каримов Москвага иш сапары менен барды.
Өзбек президенти Ислам Каримов Москвага сапары учурунда Ооганстандагы туруксуздук жалпы регионго өтүшү ыктымал, талиптер менен өкмөттүн сүйлөшүүсүнө Орусия сөзсүз тартылышы керек деген пикирди билдирди.
Беш штатта өткөн партиялык шайлоодо Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон жеңишке жетип, президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн бекемдешти.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов Москвага иш сапар менен келди. 26-апрелге чейин созула турган сапары учурунда Ислам Каримов Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуу, регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүү өткөрөрү кабарланды.
Ооганстан президенти Ашраф Гани Пакистанга кайрылып, талиптер менен сүйлөшүүгө эмес, күрөшүүгө чакырды. Ооган лидери Кабулдагы кандуу теракттан кийин мына ушундай талап менен чыкты. Расмий Кабул талиптердин лидерлери жана машыгуу жайлары Пакистанда жайгашканын билдирүүдө.
24-апрелде Атырау шаарында митингге катышкан жүздөгөн адамдар жер сатууга каршылык билдирди. Бийлик “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү аркылуу жерди чет өлкөлүктөргө сатууну көздөйт деп айыпташты.
Кыргызстанда бийлик КСДПнын колуна толук топтоло турган болду. “Элдик парламент” деп аталган жаңы оппозициялык уюм түзүлдү. Дүйнөлүк аренада геосаясий таймаш басаңдабай жатат.
19-апрелде Нью-Йоркто өткөрүлгөн праймеризде Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп жеңишке жетти. Ошону менен эки лидер күзүндө боло турган шайлоодо беттешет деген божомолдор ишке ашуусуна дагы бир кадам ташталды.
Ооганстанда талиптер Кундуз провинциясына чабуул коюшту. Ага чейин Гелманд провинциясында кырдаал оор экени кабарланып жаткан. 19-апрелде Кабулда ири жардыруу болуп, атышуу орун алды.
Бразилия парламентинин төмөнкү палатасы президент Дилма Русефке импичмент жараянын баштоону чечти. 17-апрелдеги добуш берүүдө бул үчүн жетиштүү добуш берилгени кабарланды. Эми маселени Бразилиянын Сенаты кароого киришет.
Узап бараткан жумада Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлдү. АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасында Кыргызстанды сынга алды.
14-апрелде Украина жаңы өкмөт башчысын шайлады. Премьер-министр болуп шайланган Володимир Гройсман ким? Ага украиналык саясат таануучулар кандай баасын берип жатышат?
"Фридом Хаус" уюму мурдагы советтик республикалар, Чыгыш Европа жана Балкандагы саясий-экономикалык абал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.
Эгемендүүлүк доорунан бери Кыргызстанда өкмөт башчылар бир-эки жылга жетпеген убакта кызматтан кетүүсү адатка айланып калды.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 15-апрелге чейин созула турган сапарында Иран, Түркия жана Өзбекстанда болот.
Үңкүр-Тоо жана жол тендери өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө алып келе турган болуп калды. Өкмөт Ысык-Көлдүн жээгиндеги Өзбекстанга таандык төрт пансионатты мамлекетке кайтарды.
Нидерландияда өткөрүлгөн референдумда көпчүлүк Украина менен Европа Биримдигинин ортосунда келишимди ратификациялоого каршы добуш берди.
2-апрелде тутанып кеткен Тоолуу Карабакта кагылыш токтотулду. Армения колдогон жикчилдер жана Азербайжан бийлиги да ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу аткарылып жатканын ырасташты.
Дагы жүктөңүз