Өткөн жыл Кыргызстан үчүн оңойго турган жок. Өлкөнүн өзүндө жана дүйнөдө болгон окуялар баалардын өсүшүнө, экономикалык каатчылыкка түрткү болду. 2023-жылы Кыргызстанда кайсы тармактарга көңүл буруу кажет? Экономика жана бизнесте кандай өзгөчөлүктөр болот?
Бизнести эмне күтөт?
Өткөн жылы 21-ноябрда президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда бизнести текшерүү бир жылга токтойт деген жарлык чыгарган. Ага бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун келишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр бар экени себеп болгон.
Укук коргоо, салык жана көзөмөл органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрү, ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлар тууралуу ишкерлерден, коммерциялык банктардан даттануулар көп түшүп жатканы да айтылган.
Бийлик бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жана инвесторлордун качышына жол ачкан көйгөйлөр бар экенин моюнуна алган. Ушундан улам жарлык ишкерлерге колдоо көрсөтүү, алардын ишине негизсиз кийлигишүүлөрдү токтотуу үчүн кабыл алынганы кабарланды.
Мындай мораторийлер буга чейин да киргизилип келгенин, мамлекеттик органдар аны кыйгап өтүп, текшерүүлөрүн уланта берерин айткандар да бар. Өкмөт болсо бул ирет талап катуу болуп, мыйзамды бузган кызматкерлерди жумуштан четтетүүгө чейин барарын ишендирүүдө.
Кыргыз өкмөтүнүн бул жеңилдиги менен экономикалык абал кескин өзгөрөт деп айтуу кыйын. Анткени Орусия Украинага кол салгандан кийин азык-түлүк коопсуздугу күн тартибине чыгып, аны улай АКШ жана Батыштын бир катар өлкөлөрүнүн Кремлге каршы санкциялары бир гана Кыргызстандын эмес, көп өлкөнүн экономикасын олку-солку кылды.
Ошонун айынан өлкөдө доллардын курсу туруктуу болбой, инфляция, кымбатчылык башталды. Өкмөт 2022-жылга пландаган бажы жыйымдарын да толук чогулта албай калды.
Экономист Искендер Шаршеев мындай кырдаал 2023-жылы да уланарын айтып, кыргыз өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуунун камын көрүшү зарыл дейт.
"Инфляциянын айынан баалардын өсүшү тездеп, кирешенин көбөйүшү жай болууда. Алдыда калктын жашоо деңгээлинин начарлашы күтүлөт. Ушуну бир гана экономикалык өнүгүү аркылуу чечсе болот. Бул кошумча жумушчу орундарды түзүү, инвесторлорду тартуу дегендик. Келерки жылы экономикалык рецессия күтүлүүдө. Бирок инфляция маселеси курч болуп тура берет. Келечегин ойлогон ишкер туура эмес ишке барбайт. Өз нугуна түшүп алган ишкер үчүн бул мораторий артыкчылык болбойт. Бул зарыл иш-чара деле эмес".
Шаршеев мындан да маанилүү чара катары инвестициялык климатты жакшыртууну, ал үчүн өлкөдө адилеттүү системаны түзүүнү атады.
Экономист Азамат Аттокуров 2023-жылы экономикада жакшы жылыштар менен катар эле элдин капчыгына сокку урган кымбаттоолор да болушу мүмкүн деп болжойт.
“Жалпылап айтканда, келерки жылдан көпчүлүктүн жакшы үмүтү бар. Мисалы, түрк тилдүү мамлекеттер менен биргеликте иш илгерилей баштады. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ачылды. Казакстан, Түркия менен мамиле бекемделди. Түштүк Азияга коридор ачуу аракеттери жасала баштады, түндүк-түштүк жолу курулуп атат, темир жолдун курулушу да башталганы турат. Бул мултипликативдик жакшы жыйынтыктарга алып келет. Креативдүү индустрия мыйзамы кабыл алынып, блогерлер, вайнерлер жана IT-адистер келгенге жакшы өбөлгөлөр түзүлдү. Ошол эле кезде коркунучтар да бар. Маселен, Кытайда мындан эки жыл мурда башталган коронавирус пандемиясынан кийин көп кыйынчылыктар болгон. Азыркы тапта кайрадан карантиндик чектөөлөр болуп, COVID-19 күч алып жатат. Мунун эпкинин биз эки жылдан бери көрүп келатабыз. Ал эми Украинадагы согуштан улам Орусияга болгон санкциялар дагы күчөтүлүп, бизге сырттан келген, тактап айтканда мигранттардын акча которуулары азаят. Быйыл эле инфляциянын деңгээли 15% жетти. Эмки жылы ушул эле тенденция сакталат деп божомолдоп турабыз. Азыр расмий жумушсуздуктун пайызы 4% болсо, кийинки жылы андан да көп болот”.
Мамлекеттин чыгашасы көбөйөт
Өкмөт өкүлдөрү 2023-жылы чыгаша өткөн жылга караганда 18 пайызга көп болорун билдирүүдө. Анын басымдуу бөлүгү айлык акыларды төлөөгө, социалдык блокко жумшалмакчы. 2022-жылы өкмөт мугалим, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын, жөлөк пулдар менен пенсияны көбөйткөн эле.
Финансы министри Алмаз Бакетаев бюджеттин чыгымдарын төмөнкүчө тизмектеген:
"2023-жылга чыгымдар 344 млрд. сомду түзөт. 2023-жылы капиталдык чыгымдар 53,6 млрд. сомду түзүп, 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 7,4 млрд. сомго көбөйөт. Социалдык маанилүү чыгымдар боюнча, баарыбызга белгилүү болгондой 1-апрелден, июндан, августтан, октябрдан пенсиялар жана күч түзүмдөрүнүн маяналарын көтөрүү боюнча карап бергенбиз. Бул чыгымдардын баары республикалык бюджеттен болжол менен 39 млрд. сомду талап кылат. Атайын эсептеги каражаттарды эсепке албастан, эмгек акы төлөө фондуна 2023-жылы 111,9 млрд. сом каралган. Социалды фондго трансферттерге 2023-жылы 41,3 млрд. сом пландалууда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 21,9 млрд. сом, социалдык жөлөк пулдардын чыгымдарына 17,5 млрд. сом пландалууда. Жалпысынан социалдык секторго 162,8 млрд. сом каралууда".
Мындан тышкары, 2023-жылы энерготармакка 10,8 млрд. сом, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3 млрд. сом, ипотекалык насыялоо менен туристтик тармакты өнүктүрүүгө 1 миллиард сом жумшалары болжолдонот.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Абдувахаб Нурбаев экономика жана билим берүү тармагындагы 2023-жылда күтүлүп жаткан оорчулуктарга токтолду.
“Экономикада кыйынчылыкар болушу мүмкүн. Себеби салык кодексин бизнес ассоциациясы менен кеңешпестен кабыл алып алышкан. Эми анын кемчиликтери чыга баштаганда өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болду. Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгени менен ал кагаз бетинде эле калган иш болуп калды. Азыр бюджеттин тартыштыгы 35 млрд. сом болуп атат. Эми бул цифралар мындан да көп болушу мүмкүн. Мунун зыянын 2023-жылы көрөбүз. Анткени өкмөт бюджетти толуктай турган ишкерлерди коркутуп-үркүтүү жолу менен салык чогултуп, аны көтөрүп атат. Экинчи тармак бул билим берүү, бала бакчага бара турган балдардын 76% мектепке чейинки тарбия алуу мүмкүнчүлүгү жок. Демек, алардын укугу чектелип атат. Жогорку окуу жайларда коррупция азайбай, экзамен тапшыруу, диплом алууда да пара берүү уланууда. Билим берүү тармагын оңдобосок, башка тармактарда алдыга жылуу тууралуу үмүт кылбай да койсок болот”.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев өкмөттүн ишинин ийгилигин белгиледи. Анын пикиринде, парламент колдогон мыйзам долбоорлорунун дээрлик баарын Министрлер кабинети сунуштап, депутаттар колдоп берген.
“Быйыл канчалаган мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү. Экономикалык каатчылыкка карабастан бул алгылыктуу иш болду. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө бут тоспоо максатында биз бардык мыйзамдарды колдоп бердик”.
Темир жолдун курулушу жана "Камбар-Ата"
Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып жүргөнү менен ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталуу алдында турат.
Бул боюнча талаа иштери аяктаганын 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа билдирген.
Узундугу 454 чакырым турган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол" долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси (ТЭО) келерки жылдын 1-июнуна даяр болот. Ага чейин 15-январга карата Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарында темир жол долбоорунун кеңсеси түзүлөт.
Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясы декабрдын соңунда билдирген.
Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган. Бирок буга Кыргызстан канча каражат бөлөрү тууралуу маалымат берилген эмес.
Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 2023-жылдын бюджетинен 816,7 млн. сом жумшалары болжолдонгон. Буга чейин 2024-жылга инфраструктура иштери жүрөт.
ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. Курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт.
Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.