Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

«Мерез күйөө жаштыгымды уурдады...»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Аялзат» берүүсүндө ала качууга дуушар болуп, ай айланбай кордук көргөн келин тууралуу кеп кылабыз.

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе турмуш куруудан баш тартканы үчүн бычакталган Бурулайдын тагдырынан кийин деле кыргыз коомунда ала качуу көрүнүшү тыйылган жок.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын башынан бери 118 ала качуу фактысы катталды.

Адатта ала качууга айыл жериндеги кыз-келиндер кабылып жатат. Айрымдар калыптанып калган стереотиптерден жазганып, үй-бүлө курууга аргасыз макул болгону менен үй-бүлөлүк жашоосу узакка созулбайт.

Ала качуу кыялдарымды, ой-максаттарымды ойрон кылды деген Нурзат «Азаттыкка» башынан өткөнүн айтып берүүгө макул болду. Келиндин аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү.

«Мен азыр 28 жаштамын, мындан беш жыл мурда ала качуунун курмандыгы болгом. Тагдырыма так салган ошол оор күндөн бери ушул убакка чейинки жашоо үчүн күрөштүм. Ала качууга чейин көп ийгиликтерди жаратып, жетишкендиктер болсо, ала качуудан кийинки беш жылда күрөшүп, жеңиш үчүн жашадым...

5-курста окуп жүргөндө ала качып кетишти. Кыргыз тили жана адабияты адистигин бүттүм, бирок өз кесибим менен иштебейм. Илимий тармакта өзүмдү сынап көргүм келген, дымагы бийик кыз элем. Окуумду бүткөндөн кийин Бишкекке барып аспирантурада окуп, андан ары илимий жолумду улоону чечкем.

Атам таксист, апам болсо үй кожейкеси. Ачылып-чачылган деле байлыгыбыз жок болчу. Беш бир туугандын төртүнчүсүмүн, ата-энем бизди жогорку билимдүү кылыш үчүн көп аракеттенди. Контрагымды төлөп жатышат, баскан-турганыма өзүм акча табайын деп жеке ишканалардын биринде иштедим. Басмаканада тексттерди грамматикалык жактан тууралап, көрнөк-жарнактарды текшерчүмүн. Бешинчи курсту аяктап калганда бир курсташым «досум» деп бир баланы ээрчитип келди. Дипломдук иш жаза турганын айтты. Тааныштырды, ал жигиттин атын эстеп, бирок келбетин эстебей калыпмын. Ошону менен досу телефонума үч күн катары менен СМС жазды, мени жакшы көрүп калганын билдирди».

Ошентип ала качуу кылмыш экенин, кыргыздын салтына кирбей турганын жазып, ушул багытта лекцияларга катышып жүргөн кыз өзү кантип торго чалынганын сезбей калган.

«Таанышкандан үч күн өткөндөн кийин жумуштан чыгып баратсам, ошол бала ала качып кетти. Машинада беш бала бар экен, «өлтүрүп же зордуктап коюшса эмне болот» деп корктум. Анткени ошол 2012-2014-жылдарга чейин Каракол шаарында ала качуулар көп катталып, муунуп өлгөндөр тууралуу, «адамдын башын кесип, алма бакка ыргытып кетиптир...» деген сыяктуу жаңылыктардан көп угуп калдык.

Бизге университетке келип ала качуу жөнүндө атайын лекцияларды, мыйзамдарды окуп кетишчү. Тил жана адабият жаатында билим алгандыктан ала качуу - салт эмес, кылмыш экенин баса белгилеген дилбаяндарды көп жазчу элем. Бирок анда өзүм ушул тагдырга туш болорумду сезген эмесмин.

Ала качып барганда топтошкон аялдар тосуп алды. Сүйрөп кирип, көшөгөгө отургузушту. Күчтөп жоолук салышты. Алардын деле мендей кызы бар да... Өз баласына каалабаган нерсени мага кылышты. Колумдан телефонумду улам жулуп алышат. Мен ыңгайын таап, бир тууган агама чалууга үлгүрдүм. Ал аркаман кууп келди. Жабалактаган аялдар агамдын алдына нан коюп, ыйлап жатышты».

Мындай учурда ата-эне менен жакындардын колдоосу эң маанилүү эмеспи. Бирок Нурзаттын жан дүйнөсү буюгуп, эркиндикти самап турганын алар туюшкан эмес.

«Агам мени калтырып кетти. Ошол кезде жашоом токтоп калгандай, бардыгы бүткөндөй, үмүтүм үзүлгөндөй болду. Түндүн кайсы бир маалында телефонум да өчтү. Ачуу басарга жөнөп кетти дешти... Бир маалда кайра келди дешти. Эртеси молдо келип нике кыйды, менден бир ооз «макулсуңбу же макул эмессиңби?» деп сурап койгонго жараган жок».

Ала качууга кабылган Нурзат мыйзамды билгени менен «эл эмне дейт» деген сөздү аттап кете алган эмес.

Кыз ала качкан адам кайсы берене менен канча жылга соттолорун деле билчүмүн. Бирок, «эл эмне дейт?» деген ойду жеңе алган жокмун.


«Университетте окуп жүргөндө ала качуу жөнүндө дилбаяндарды жазып, лекцияларды көп уккандыктан бул тууралуу маалыматым бар эле. Жада калса ала качкан адам кайсы берене менен канча жылга соттолорун деле билчүмүн. Бирок, «эл эмне дейт?» деген ойду жеңе алган жокмун. Агам мени калтырып кеткенден кийин апама чалып, сүйлөшкөм. «Жашай албайм, алып кеткиле» деп суранганыма карабай «Ачуу басарың келди, кабыл алдык, туугандарды чакырдык, сени күйөөгө кетти дедик, бактылуу бол, кызым» деп койду. Ошентип жашап калдым.

Мени жаз айында ала качып кетишкен. Окуумду бүтүп, дипломдук ишимди жактап анан жумушка чыктым. Эки айдан кийин чыр башталды. Жолдошум иштечү эмес, ошон үчүнбү айтор кыжырланып, кагып-силке берчү. Турмуш кургандан кийин алты ай өтүп, боюма бүттү. Уруштан тажаганда жумушту таштап, үйдө отурууну чечтим.

Кайненем күйөөмдү тукуруп, биздин жашоого кийлигишүүсүн токтоткон жок. Бир жылга жакын жашадым. Ошондо күйөөм мага аял керек болгону үчүн эле үйлөнгөнүн түшүнүп, жаман болдум. Мага чейин сүйлөшкөн кызы бар экен, ал чет өлкөгө кетип, тойго камынып алганы үчүн гана мени алганын билдим. Ортодо жөн эле оюнчук болгон экем. Сүйлөшкөн кызы чет өлкөдөн келгенде үйдө тынчтык болбой калды. Кайненем дагы «сени албай эле койсок болмок» деп урушту...».

"Ала качуу кыялдарымды ойрон кылды"
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:07 0:00
Түз линк


Нурзаттын ата-энеси кызынын жан дүйнөсү уйгу-туйгу болуп, ордунда тура албай жаткан тынчсыздануусун, коркконун кеч болсо да сезишкен экен.

«Такыр эле чыдабай калганда апама чалдым. Мени кууп келип, бирок таштап кеткен агам «Төрө, сенин балаңды өзүмдүн үч балама кошуп багып алам, кантип сени ошондой акмактардын колуна салып бердик экен» деп өкүндү.

Мен кеткенден кийин эки ай өтпөй эле күйөөм үйлөндү, бул мага оор тийди. Жалгыз оюм, аман-эсен төрөп алуу болуп калды. Ден соолугум начарлап кеткендиктен улам эсимди жоготуп кулап жаттым, өзүмдү да таштап ийдим окшойт. 1,5 ай үйдө жатым. Төрөт оор болду.

Көз жаргандан кийин бир жыл өтпөй сатуучу (торговый агент) болуп иштеп кеттим, тапканым кызымдын тамагына жетчү. Ошентип жашоом өз нугуна түшө баштады. Кызымдын күлгөнү, анын талпынганы мага үмүт берип, мен ошол кызым үчүн жооптуу экенимди билдирип турду. Аталуулардан кем болбосун деп бүт күчүмдү жумшадым. Тырышып иштеп жүрүп үй алдым, азыр кызым бала бакчага барат, үйдө экөөбүз турабыз».

Нурзат ажырашып, ала качкан күйөөсү менен беш жылдан бери бирге түтүн булатпай калса да ошондогу окуяларды унута албаган себебин айтып берди.

Бала бакчага аталары машинасы менен жеткирген балдарды көргөн кызым, «атам келсе мени да машина менен жеткирет, ээ», - деп жүрдү. Бул сөздөр жүрөгүмдү оорутту...


«Жашоомдо жаман окуя болгондон бери беш жыл өтсө да, аны унутууга алым жетпейт. Тегерегиңде жүргөн адамдар унуттурбайт экен. Дайыма күйөөм жөнүндө айтып, жеке жашоом, атасыз өсүп жаткан кызым тууралуу сурай беришет. «Сенин күйөөңдү көрдүк, үйлөнүптүр, тигил жакта жүрүптүр» деп айтып келишет. «Ал менин күйөөм эмес да» дейм. Башымдан өткөн бул мүшкүлдү айткым келчү эмес, мурда коомчулукка чыгып деле көргөн эмесмин. Бирок кыздарга менин тагдырым сабак болсун деп чечтим.

Кызым атасын көргөн жок, курсакта кезинде кеткем. Бала бакчага барганда биринчи жолу «апа, менин атам кайда?» деп сурады. Мен бул суроого жооп берүүгө даяр эмес элем. Эмне деп жооп айтарымды билбей, атасы алыста экенин, жакында келерин айткам. Бала бакчага аталары машинасы менен жеткирген балдарды көргөн кызым, «атам келсе мени да машина менен жеткирет, ээ?» деп жүрдү. Бул сөздөр жүрөгүмдү оорутчу...

Кайсы бир учур келгенде кызым баарын туура түшүнүп алат деп ойлойм. Биз мыйзамдуу түрдө ажыраштык, кызыма алимент кестирдим, бирок ушул күнгө чейин ал эч нерсе төлөбөйт. Ушунчалык мерез адам экен».

Тилекке каршы, коомду бир сыйра аңтар-теңтер кылган Бурулайдын окуясы, өлүмү да ала качууну толук токтото алган жок.

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбековдун билдиришинче, катталган 118 фактынын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо беренеси боюнча катталган. Иштин көбү сотко өткөн. Бирок андан ары кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок. Милициянын маалыматына караганда, ала качуу айыл жергесинде азыр деле көп катталат.

Адистер Бурулайдын өлүмү ала качуунун санын аз да болсо кыскартты дешет. Кыргыздын активдүү, эркин ой-жүгүрткөн коому бул көрүнүштү биротоло жоюп салууну колдошот.

Соңку кезде ала качуу салтпы же жокпу деген сөздөр да жок эмес. Айыл жерлеринде аны салт менен чаташтырган учурлар да бар. Тилчи жана адабиятчы Аалы Молдоканов буга мындайча жооп берди:

- «Манас» эпосу баштаган фольклорлордо, жомоктордо, деги эле адабий китептер кызды мал сыяктуу ала качып, кордук көрсөтүп, кыйнап үйгө отургузуу салты болгон эмес. Табият да, жан-жаныбар, канаттуулар да түгөйүн тандаганда бири-бирин кайтарып, бирине- бири жакканда гана ээрчишип жубай болот. Алар да жубай күтөт. Ошондуктан ала качуу деген нерсе - табият мыйзамына каршы келет. Буга жалпы коомчулук чоңураак, таасирлүү сөз айтышыбыз керек, кененирээк тарбия беришибиз зарыл. Ар ким өз жубайын тандап, ошого турмушка чыгышы керек».

Билим берүү жана илим министрлиги мурда ушул багытта 10-11-класстарга гана окууларды өтсө, азыр зомбулуктун алдын алуу максатында атайын сабактарды 5-класстан жогоркуларга милдеттүү түрдө киргизген.

Бул тууралуу мекеменин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

«Азыркы балдар бала бойдон эле кала бербейт. Алар келечектин мууну. Ошондуктан милдеттүү түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Андан тышкары эрте кош бойлуу болуу, кыз ала качуу маселесин жок кылуу үчүн кыздар өздөрүнүн укуктарын билиши керек. Ошого карата сабактар өтүлүп жатат».

Ал ортодо биздин каарман Нурзат «үйлөнөт элем» деп билек түргөн жигиттерге кайрылды:

«Үйлөнө турган балдар ар дайым өз жоопкерчилигин сезсе. Алар бир үй-бүлөгө башчы болуп, өзүнүн мамлекетин түзүп жатканын билсе. Балалуу болгондо ага аталык мээримин төгүп, камкор болушу керек экенин, аны багууга милдеттүү экенин билсе дейм. Анткени бул нерсени аялдар түшүнгөнү менен баары бир алсыз келебиз. Анын үстүнө бизде эркек адам биринчи орунда турат деген стереотип бар. Ошол себептен биздин кыргыз коомчулугу ала качуу деген жаман адаттан арылса...».

Бириккен Улуттар Уюмунун гендер боюнча соңку баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуу жолу аркылуу курулары айтылган.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза чарасы күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар буга кошумча 200 миң сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG