Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Зеленский согуш курчуган аймакка барды, АКШ менен Орусия сүйлөштү


Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусундагы аскерлер менен жолугуп жаткан учур. 26-июнь, 2024-жыл. Украина.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусундагы аскерлер менен жолугуп жаткан учур. 26-июнь, 2024-жыл. Украина.

АКШнын жана Орусиянын коргоо министрлери Ллойд Остин жана Андрей Белоусов телефондон сүйлөшкөнүн 25-июнда Пентагон билдирди. Тараптар Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулады. 26-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан Покровски шаарына барды.

Калаанын кире беришинен жарыялаган видеобилдирүүсүндө Зеленский Покровск үчүн күрөшүп жаткан аскердик бригадалар менен жолукканын айтты.

Украин президенти кармаш жүрүп жаткан аймакка Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский жана башка жогорку аскердик жетекчилер менен чогуу барды.

"Бул жакта, Донецк облусунда коопсуздук жана калкка колдоо көрсөтүү боюнча жыйын өткөрдүм... Суроолор көп. Суу, социалдык маселелер, эвакуация сыяктуу турмуштук маселелерден баштап коргонуу, үйлөрдү калыбына келтирүүгө чейин көп көйгөйлөр бар", - деди Зеленский.

Согуш башталгандан бери украин президенти фронтто бир нече жолу болгон. Бул жолу барган Покровск шаары - Донецк облусундагы маанилүү транпорттук түйүн. Ушул тапта орус күчтөрү калаага жакын жердеги кан жолду басып алуу аракетин көрүп жатышат. Азырынча майнап чыга элек.

24-июнда Покровск шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан беш кишинин өмүрү кыйылган, 45 киши жараат алып, алардын ондон ашууну оор абалда ооруканага жеткирилген. Арасында балдар да бар экени кабарланган. Маалыматтарга ылайык, орус күчтөрү аба чабуулунда эки "Искандер" ракетасын колдонгон.

Покровск согуш тилкесинен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Орус армиясынын Покровск шаарына жасаган аба соккусунун кесепети. 24-июнь, 2024-жыл. Украина.
Орус армиясынын Покровск шаарына жасаган аба соккусунун кесепети. 24-июнь, 2024-жыл. Украина.

Украинанын аймактарына туш келди сокку уруп, калкты азапка салганы үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу менен генерал Валерий Герасимовду камоого ордер чыгарды.

Орусиянын Коопсуздук кеңеши соттун чечими эч нерсеге арзыбастыгын билдирди. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Москва бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын журналисттерге айтты.

"Биз бул чечимди акылга анча сыйбайт деп эсептейбиз. Мамлекет башчы жана балдар омбудсменине карата чыгарылган ордерлер деле ошондой мааниге ээ", - деди Дмитрий Песков.

Эске сала кетсек, Эл аралык кылмыш соту буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы украин балдарын мыйзамсыз депортациялаганы үчүн күнөөлүү деп таап, камоого ордер чыгарган.

Дал ошол Шойгунун ордуна келген Андрей Белоусов менен 25-июнда Пентагондун башчысы Ллойд Остин телефондон сүйлөшкөнү маалым болду. Байланыш Американын коргоо министринин демилгеси менен уюштурулганын Пентагондун өкүлү генерал-майор Патрик Райдер билдирди.

"Сүйлөшүү маалында катчы Орусиянын Украинага каршы согушу уланып жаткан маалда байланышты сактап калуу маанилүү экенин белгиледи. Соңку ирет Остин 2023-жылы 15-мартта ал учурдагы коргоо министри Сергей Шойгу менен сүйлөшкөн", - деди Райдер.

Ал эми Белоусов "Украинага америкалык курал-жарактын жөнөтүлүшү кырдаалды андан ары курчутушу ыктымал" деп айтканы маалымдалды.

Пентагондун башчысы Ллойд Остин жана Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин жана Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов.

Орусиянын Украинага басып кириши, анын төрт аймагын аннексиялап алышы жана орус аскерлеринин Украинанын чыгышында улам алдыга жылышы Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилени 1962-жылдагы "Кариб кризисинен" берки эң кооптуу деңгээлге кептеген.

Өткөн апта соңунда Украинанын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы кеминде беш адамдын өмүрүн алган, жүздөн ашуун адамды жарадар кылган чабуул үчүн Москва АКШны айыптап, "Вашингтон колдоп, курал-жарак менен жабдып жаткан Киев режимин" күнөөлөгөн.

Буга чейин АКШ баш болгон бир катар Батыш мамлекеттери алар берген курал менен Орусиянын чектелүү аймактарына атууга уруксат берген. Дал ошол Украинага жардам берүүнү колдогон саясатчылардын бири Марк Рютте НАТОнун жаңы баш катчысы болуп 26-июнда дайындалды. Ал Нидерланд өкмөтүн башкарып турган маалда Амстердам Киевге жакшы эле жардам көрсөттү.

Ал эми Орусиянын бир катар аймактары, анын ичинде Белгород жана Смоленск облустары шаршембиге караган түнү аба чабуулдарга дуушар болду. Москва аба соккуларды ар дайым Киевден көрүп келет. Украин бийлиги Орусиянын аймагында болгон окуяларга реакция жасабайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG