Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Украинадагы согуш: тынчтык саммитине артылган үмүт


Саммиттин катышуучулары. Швейцариянын Бюргеншток курорту. 15-июнь, 2024-жыл
Саммиттин катышуучулары. Швейцариянын Бюргеншток курорту. 15-июнь, 2024-жыл

Швейцариянын Бюргеншток курортунда 15-июнда Украинанын демилгеси менен уюштурулуп жаткан Тынчтык саммити башталды. Эки күндүк бул глобалдык саммитте украин президенти Владимир Зеленскийдин согушту токтотууга багытталган "тынчтык формуласы", анын ичинде азык-түлүк, ядролук жана радиациялык коопсуздук маселелери талкууланмакчы. Мындан тышкары, гуманитардык багыттагы да көйгөйлөр каралат.

Украин президенти Владимир Зеленский саммит алдында Швейцариянын президенти Виола Амхерд менен жолукканда буларга токтолду:

"Украина бул согушту эч качан каалаган эмес. Бул Орусиянын кылмыштуу жана негизсиз агрессиясы. Ал эми муну каалаган жалгыз Путин эле. Бирок кандай болгон күндө да дүйнө күчтүү. Ошондуктан тынчтык формуласы жаралган. Бул дүйнөдөгү ар бир улутка жакын нерсе, ошондуктан биз бүгүнкү күндө 101 мамлекетти жана эл аралык уюмдарды бириктире алдык".

Швейцариянын жана Украинанын президенттеринин жолугушуусу. 15-июнь,2024-жыл
Швейцариянын жана Украинанын президенттеринин жолугушуусу. 15-июнь,2024-жыл

Тынчтык саммитине 92 өлкөнүн жана сегиз эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышары айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, алардын ичинен 57 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары баштаган топ бар.

Франциянын, Германиянын, Великобританиянын, Польшанын, Жапониянын, Канаданын, ошондой эле Африкадагы, Латын Америкасындагы бир катар өлкөлөрдүн лидерлери катышат. АКШ президенти Жо Байден келген жок. Американын атынан вице-президент Камала Харрис жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джейк Салливан келди.

Кытай саммитке өз өкүлүн жиберүүдөн баш тарткан. Бул саммитке Москва менен жылуу мамилеси бар Борбор Азия мамлекеттеринин жана Пакистан, Иран сыяктуу ири өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышпайт.

Индия, Сауд Арабия, Израил элчилерин жиберерин айтса, Бразилия менен Ватикан байкоочу катары катышмакчы.

Украинанын талабы менен Орусия бул глобалдык бул жыйынга чакырылган эмес. Бирок саммит өтүп жаткан Швейцариянын бийлиги жана башка мамлекеттер да, келечекте Москва кандай гана болбосун бул сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин айтышкан.

Швейцариянын саммит өтө турган Бюргеншток курорту. 15-июнь, 2024-жыл
Швейцариянын саммит өтө турган Бюргеншток курорту. 15-июнь, 2024-жыл

Саммитте Киевдин согушту токтотуу тууралуу талап-шарттары, украин президенти Владимир Зеленскийдин 10 пунктан турган "тынчтык формуласы" деген аталыштагы сунуштары талкууланат.

Анда негизинен орус аскерлеринин Украинанын 1991-жылдагы чек арасынан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетиши, Орусиянын согуш кылмышкерлеринин үстүнөн эл аралык сот жараянын жүргүзүү, Москваны репарация төлөтүү өңдүү шарттар бар.

Саммитте ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, ядролук коопсуздук, Орусияга чыгарылып кеткен украин балдарын кайтаруу, туткундарды алмашуу жана башка гуманитардык маселелер каралат.

Москва болсо Орусия катышпаган бул саммиттен эч кандай пайда жоктугун айткан.

Ал эми саммитти утурлай Орусиянын президенти Владимир Путин 14-июнда согушту токтотуу тууралуу Москванын өз шартын жарыялады.

Анда Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украиналык аскерлердин толук чыгышы, Киевдин НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу өңдүү талап болгон. Путин ошондо гана чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болорун билдирген.

Владимир Зеленский Путиндин сунушун "ишенүүгө болбой турган ультиматум" деп атады. Ал орус президенти атышууну токтотуу тууралуу талабы аткарылган күндө да согуштук чабуулдарын токтотпосун белгилеген.

Ал арада соңку бир сутканын ичинде Орусиянын армиясы Украинанын бир катар аймактарын аткылады.

Маселен, Донецк облусуна жасалган соккудан үч киши өлүп, дагы үчөө жаракат алды. Ал эми Сума облусунда бир адам каза тапкан.

Ошондой эле Херсон облусундагы 18 калктуу конушту чабуулга кабылды. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудиндин билдиришинче, чабуулда бир адам мерт болуп, дагы бир киши жараат алды. Ошондой эле жети жер там, машина, машина жуучу жай жабыркады.

Ал эми украин армиясынын аткылоосунан болсо, Орусиянын Белгород облусундагы Шебекино шаары жабыр тартты. Аткылоодо көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү кыйрап, кеминде беш адам набыт болуп, дагы алты киши жараат алды.

Бул тууралуу аталган облустун губернатору Вячеслав Гладков кабарлады. Анын ырасташынча, беш кабаттуу үйдүн урандысынын алдынан төрт адамдын сөөгү табылган, дагы бир адам ооруканада көз жумду.

"Ал аялга ооруканада операция жасалды. Жүрөгү ошол маалдарда бир нече жолу токтоп калып жатты. Алган жараатынан улам ал жашай алмак эмес",-деп жазды Гладков.

Орусиянын Украина менен чектеш аймактары, айрыкча Белгород облусу акыркы айларда дээрлик күн сайын аткылоого жана учкучсуз учактардын чабуулдарына кабылып келет. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптайт. Киев адатта комментарий бербейт.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, бул аралыкта согуштан он миңдеген жай тургун набыт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG