Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Зеленский Путин менен көзмө көз жолугушууга "даяр" экенин айтты


Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Польшанын премьер-министри Дональд Туск жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти Дональду Трампка чалып жатышат. Киев, 10-май.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Польшанын премьер-министри Дональд Туск жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти Дональду Трампка чалып жатышат. Киев, 10-май.

Зеленский Москванын бетме бет сүйлөшүү өткөрүү чакырыгын жакшы жышаан катары баалады.

Ал 11-майда X социалдык түйүнүнө "орусиялыктардын согушту токтотууну ойлоно баштаганын" оң жылыш деп жазды.

Москвада түндө өткөн басма сөз жыйында Путин Украина менен европалык лидерлердин 30 күнгө чейин ок атышууну токтотуу сунушуна моюн толгоп, анын ордуна Киев менен "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүүсүн Стамбулда (15-майда өтүшү мүмкүн-ред.) өткөрүүнү сунуштады.

Путин Орусия менен Украинанын 2022-жылы апрелде, Москва 24-февралда коңшусуна кол салгандан бир канча күндөн кийин башталган тынчтык сүйлөшүүсүн кайра жандантууга ыктап турат.

"Биз олутуу сүйлөшүүгө даярбыз. Анын максаты чырдын тамырын кыркуу... жана узак мөөнөттүү, бекем, тарыхый келечеги бар тынчтык орнотуу", - деди Путин.

Ал өз сөзүндө Украина НАТОго кошулуу ниетинен кайтып, Киев бейтарап калышы керек дегендей фразаларды көп колдонду.

Путин жакында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Стамбулда сүйлөшүүнү уюштуруу өтүнүчү менен кайрыларын билдирди.

"Биз бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кайсы бир жаңы ок атышууну токтотууну да макулдаша аларыбызды четке какпайбыз", - деди Путин.

Зеленский социалдык түйүндөгү өзүнүн посту аркылуу "бир күн болсо да киши өлтүрүүнү улантуунун кажети жок" экенин айтып, "Орусия ок атышууну эртең, 12-майдан тарта узак мөөнөткө жана ишенимдүү токтото аларына үмүт кылабыз, Украина жолугушууга даяр", - деп жазды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын жана Польшанын премьер-министрлери Кир Стармер менен Дональд Туск 10-майда Киевде Зеленский менен жолуккандан кийин 12-майдан тарта ок атышууну токтотуу сунушун жарыялашкан.

Алар Москва бул сунуштан баш тартса, жаңы санкциялар топтомуна кабыларын эскертишкен.

"Ошол себептен ушул жерден АКШ менен биргеликте Путинге чакырык таштадык. Эгер ал тынчтык орнотууга олуттуу караса, анда аны далилдөөгө мүмкүнчүлүк бар", - деген Стармер пресс-жыйында. - Мындан ары эч кандай "эгер" жана "бирок" болбосун, эч кандай шарттын жана кечиктирүүнүн кереги жок".

11-майдагы Путиндин комментарийинен бир нече саат өткөндөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social түйүнүндөгү аккаунтуна бул "Орусия менен Украина үчүн улуу күн" экенин жазды.

"Жүз миңдеген өмүрлөр куткарыларын ойлогула, бул аягы көрүнбөгөн канды-булоон биз ойлогондой эле соңуна чыгат деп ишенебиз", - деп кошумчалаган ал. "Бул жаңы жана мыкты Тынчтык болот. Мен кандай болгон күндө да эки тарап менен бирдей иштеше берем", - деген ал.

Киевден кайтып баратып Польшанын чек арадагы Перемышль кыштагында журналисттерге жолуккан Макрон Путиндин көзмө көз сүйлөшүү сунушун "алгачкы бирок жетишсиз кадам" катары сыпаттады.

Украинага сапары алдында Макрон жана башка европалык лидерлер Киевде Орусиянын төрт жылдан бери уланып жаткан мыйзамсыз жана жапайы кол салуусуна туруштук берип жаткан Украинага тилектештик билдирүүгө убада беришкен.

Улуу Британиянын өкмөтүнүн веб-сайтына чыккан билдирүүдө алар Трамптын согушту токтотуу чакырыгын колдой тургандыгын ырасташкан, Орусияны "тынчтыкты орнотуу аракеттерине тоскоолдук кылууну токтотууга" үндөшкөн.

Кремлде туруп өзүнүн берген комментарийлеринде Путин Киевди мурдагы келишимдерди жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына Орусияда өтчү Жеңиш күнүнө байланыштуу 8-10-майдагы макулдашууну бузганы үчүн айтыптап жатты.

Киев үч күндүк ок атышууну токтотууга макул болгонуна карабастан, Орусия украин күчтөрүнө жана жарандык инфратүзүмдөргө ок атуусун токтоткон эмес. Киев ок атышууну токтотуу макулдашуусун Орусия токтотсо гана сактай турганын эскерткен, муну менен катар узак мөөнөттүү 30 күндүк элдешүүгө даяр экенин билдирген.

11-майдагы Путиндин пресс-жыйынынан кийин Киевдин бийликтери орусиялык күчтөр украин борборуна абадан сокку урганын билдиришти.

Жергиликтүү аскердик администрация Киевге карай учкучсуз учактар кое берилип, аларга каршы абадан коргонуу күчтөрү иштегенин кабарлады. Дрондор атып түшүрүлүп, инфратүзүмдөр жабыр тарткан эмес.

Бийликтер шаар сыртындагы Бровары районундагы жайкы үй зыян тартып, бир адам катуу чочуп калгандыктан дарыланып жатканын билдирди. Обухов районунда беш турак үй бүлгүнгө учураган.




Шерине

XS
SM
MD
LG