Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

«Новатэк» терминалындагы өрт, Запорожьеге урулган сокку

Ленинград. Мунай кампасы өрттөнгөн учур.
Ленинград. Мунай кампасы өрттөнгөн учур.

Ленинград облусунун Усть-Луга деңиз портунда өрт чыгып, "Новатэк" компаниясынын терминалындагы газ сактай турган кампа күйүп кетти. Орусиянын расмий бийликтери өрттүн себебин айтпаганы менен, бул окуя Украинанын аба күчтөрүнүн чабуулунун кесепети экенин маалымат каражаттары жазды.

Дрон чабуулунан кийин чыккан өрт

21-январь, жекшембиге караган түнү Ленинград облусунун Усть-Луга деңиз портунда чыккан өрттөн "Новатэк"компаниясынын терминалындагы газ сактай турган кампа күйүп кетти. Облустун Кингисепп районунун башчысы Юрий Запалацкий окуя тууралуу буларды билдирди.

"Саат 2:45те мага Ленинград облусунун губернатору чалып, Усть-Луга портундагы "Новатэк" ишканасында өрт чыкканын айтты. Түнкү саат үчтө өрт өчүрүү иштерин координациялоо үчүн Кингисепптин администрациясы федералдык, аймактык жана жергиликтүү кызматтарды топтоду. Ушул тапта объектиде иш жүрүп жатат".

Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко өрттөн жабыркагандар жок экенин, кызматкерлер эвакуацияланганын маалымдады. Орусиянын расмий бийликтери өрттүн себебин айткан жок. Бирок маалымат каражаттары Украинанын аба күчтөрү чабуул жасаганын жазды.

Украина: Давостогу “тынчтык формуласы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

"Фонтанка" маалымат булагы өрт дрондордун чабуулунан улам болгонун жазса, 47.news маалымат агенттиги эки дрондон аткылоо болгонун тактады.

Усть-Лугада "Новатэк" компаниясынын ири мунай заводу жайгашкан. Ал газ конденсатын иштетип, нафта, керосин, дизел жана мазут чыгарат. Ошол жерден компаниянын порттогу өзүнүн терминалы аркылуу продукция кемелерге жүктөлүп, экспортко жөнөтүлөт. "Фонтанка" жазгандай, жекшемби күнү кечинде портто Бельгиядан, Омандан жана Ливиядан келген үч кеме турган.

Ушул эле жекшембиге оогон түнү Орусиянын Тула, Смоленск жана Орлов облустары да дрондордун чабуулуна туш болгону, аларды Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөнү кабарланды.

21-январдын таңында орус аскери көзөмөлдөгөн Донецк артиллериялык соккуга кабылып, андан 20дан ашык киши мерт болгонун маалымат каражаттары жазды. Орусия дайындаган шаардын мэри Алексей Кулемзин чабуул үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптады. Украин тарап окуя тууралуу комментарий берген жок.

Запорожьеге 95 жолу сокку урулду

Өткөн суткаларда орус аскерлери Украинанын Запорожье облусуна 95 жолу сокку урганын облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко билдирди. Мындан тышкары Харьков облусуна дагы чабуул жасалганы маалымдалды.

20-январь күнү Украинага жети дрон жана эки ракета учурулган соң, өлкө аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыялап, энергетикалык инфратүзүмдөргө карата чабуул үчүн Орусияны айыптаган.

Бул арада Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш менен жаңы келишимдерге кол коюларын билдирди. Ишембинин кечинде жасаган видеокайрылуусунда ал Батыштагы өнөктөштөр менен бир катар жаңы, эки тараптуу келишимдер даярдалып жатканын айтты.

"Биз өнөктөштөр менен жаңы макулдашууларды даярдап жатабыз. Алар абдан күчтүү, эки тараптуу келишимдер. Конкреттүү жыйынтыктар январь, февраль айларында болору күтүлүүдө".

Эгинге тийген ракета: Одессада дан кампалары күйүп кетти

Одессага 21-июлда Орусия чабуул койгондон кийин дан сакталган кампа күйүп кетти.

Ага чейин Орусия Кара деңиздеги Украинанын экспортко кетчү даны жүктөлгөн кемелерди бутага алган.
1/8 Одессага 21-июлда Орусия чабуул койгондон кийин дан сакталган кампа күйүп кетти.
Ага чейин Орусия Кара деңиздеги Украинанын экспортко кетчү даны жүктөлгөн кемелерди бутага алган.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Күйүп кеткен кампанын бийиктен көрүнүшү.

Ракета чабуулунан эки киши жараат алды. Техникалар бүлгүнгө учурап 100 тонна буурчак, 20 тонна арпа күйүп кеткенин Одессанын губернатору Олег Кипер билдирди.
2/8 Күйүп кеткен кампанын бийиктен көрүнүшү.
Ракета чабуулунан эки киши жараат алды. Техникалар бүлгүнгө учурап 100 тонна буурчак, 20 тонна арпа күйүп кеткенин Одессанын губернатору Олег Кипер билдирди.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Күйүп кеткен айыл чарба курулушунун жанында бара жаткан адамдар.

Кипер Орусия канаттуу "Калибр" ракеталары менен Кара деңиздеги украин кемелерине сокку урганын, айрымдары Одессага да тийгенин билдирди.

3/8 Күйүп кеткен айыл чарба курулушунун жанында бара жаткан адамдар.
Кипер Орусия канаттуу "Калибр" ракеталары менен Кара деңиздеги украин кемелерине сокку урганын, айрымдары Одессага да тийгенин билдирди.

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Эки ракета дан сакталган кампага тийип өрт чыккан. Үчүнчүсү өрттү өчүрүп жаткан маалда түшкөн.

4/8 Эки ракета дан сакталган кампага тийип өрт чыккан. Үчүнчүсү өрттү өчүрүп жаткан маалда түшкөн.

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Талкаланган кампанын ичинде турган жумушчу.
5/8 Талкаланган кампанын ичинде турган жумушчу.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Кыйраган объекттин бийиктен көрүнүшү. Украинанын президенти орусиялык армия Одессадагы объекттерге атайылап сокку урганын билдирди.

6/8 Кыйраган объекттин бийиктен көрүнүшү. Украинанын президенти орусиялык армия Одессадагы объекттерге атайылап сокку урганын билдирди.

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
"Дүйнө коомчулугу мындан кийин Орусияны терроризм үчүн жоопко тартууга кызыкдар болушу керек", - деди Зеленский.
7/8 "Дүйнө коомчулугу мындан кийин Орусияны терроризм үчүн жоопко тартууга кызыкдар болушу керек", - деди Зеленский.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Дагы бир кыйраган имарат. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Орусиянын дүйнөдөгү баага таасир этип, азык-түлүк тартыштыгын жаратчу аракетин айыптады.
8/8 Дагы бир кыйраган имарат. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Орусиянын дүйнөдөгү баага таасир этип, азык-түлүк тартыштыгын жаратчу аракетин айыптады.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Артка
Алдыга

Эки жылга чукулдаган согуш

Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргени Батыш өлкөлөрү Украинага аскердик жана башка жардам көрсөтүп келет. Согуш үчүнчү жылга созулуп, соңку 12 айда фронтто чоң өзгөрүүлөр болбой, жардам маселесинде АКШда каршылык күчөгөндүктөн, өлкөгө зарыл каражат, жабдуулар жай келүүдө.

Украинанын бийлиги бир нече жумадан бери өнөктөштөр менен сүйлөшүп, көбүрөөк саясий жана аскердик колдоо алууга аракеттенип жатат. Ал Орусиянын кышкы аба соккуларынын көбөйүшү жана Москванын Украинанын чыгышындагы жай, бирок катаал чабуулу Киевдин абадан жана жерден коргонуусун күчөтүү зарылдыгын көрсөтүп жатканын кайталап келет.

Январдын башында Киевдин ишенимдүү колдоочуларынын бири болгон Британия келерки жылы Украинага колдоосун 2,5 миллиард фунт стерлингге (3,19 миллиард долларга) жеткирерин билдирген.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон февралда Украинага эки тараптуу коопсуздуктун кепилдиги боюнча келишимди аягына чыгаруу үчүн барарын билдирген. Ага ылайык Париж заманбап курал-жарактарды, анын ичинде алыскы аралыкка учуучу канаттуу ракеталарды жеткирери айтылган.

• 16x9 Image

Айзада Касмалиева

"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG