Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:28

Путин Сирияга соккуну айыптады


Британиянын Typhoon учагы Кипрдеги аскерий базага, 14-апрелдин таңында коноор алдында.
Британиянын Typhoon учагы Кипрдеги аскерий базага, 14-апрелдин таңында коноор алдында.

АКШ жана өнөктөштөрү Сирияга химиялык куралдан улам ракеталык сокку урду. Үч өлкөнүн биргелешкен аскердик операциясы тууралуу Бишкек убактысы боюнча бүгүн эртең менен жарыяланды.

Жарандык согушта Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусия менен Иран АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аскердик аракетин дароо жана кескин айыптады.

Орусия бүгүн да БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул отурумга чакырууда.

Президент Дональд Трамп Ак үйдөн бир аптадан бери күтүлгөн аскерий чараны жарыялап жатып, буларга токтолду:

- Өткөн ишемби күнү Асаддын режими бул ирет борбор Дамасктан алыс эмес Дума шаарында бейкүнөө жайкын тургундарды жок кылуу үчүн кайрадан химиялык курал колдонду. Аталган кыргын бул коркунучтуу режим тарабынан химиялык куралды колдонуунун кыйла күчөшү болду. Биздин бүгүнкү аракеттердин максаты - химиялык куралды колдонууну, өндүрүүнү, таратууну токтото турган күчтүү система түзүү. Бул карасанатай жорукка Америка, Британия, Франциянын биргелешкен жообу биздин аскердик, экономикалык, дипломатиялык кубатыбыздын бардык аспаптарын камтыйт. Биз бул жоопту Сириянын режими тыюу салынган химиялык заттарды колдонууну токтотмоюнча кармоого даярбыз, - деди Трамп америкалыктарга жасаган кайрылуусунда.

Ал Сириянын химиялык курал жасоо үчүн колдонулган жайларын бутага алган аскерий аракетти “таамай сокку” деп мүнөздөдү.

Трамп өз сөзүндө Орусия менен Иранга да кайрылды:

- Мен Асаддын кылмыштуу режимин колдоо, жабдуу, каржылоо үчүн өтө жоопкер эки өкмөткө: Орусия менен Иранга кайрылып, сурагым келет. Кайсы мамлекет бейкүнөө адамдардын массалык өлтүрүлүшү менен байланышта болгусу келет? 2013-жылы президент Путин жана анын өкмөтү дүйнөгө Сириянын химиялык куралы жок кылынарына кепил болууну убада кылган. Асаддын жакында эле жасаган чабуулу жана бүгүнкү жооп Орусия өз убадасын аткара албаганынын тикелей жыйынтыгы.

"Бул Орусия убадасын аткарбагандын жыйынтыгы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

​Француз президенти Эммануэл Макрон Трамптан кийинки сөзүндө “кызыл чек бузулганын”, “химиялык куралдын колдонулушу кадыресе көрүнүшкө айланганы менен келишүү мүмкүн эместигин”, ал эми британ премьер-министри Тереза Мэй “чектелген жана буталарга” багытталган сокку “жарандык согушка кийлигишүүгө жана режимди алмаштырууга” жатпасын белгиледи.

Сокку урулган буталар

Саясий лидерлердин сөзүнөн кийин АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон Сирияны карай 100дөн ашуун ракета атылганын жарыялады. Пентагондогу басма сөз жыйында АКШ армиясындагы Штаб башчылардын бириккен комитетинин төргасы, генерал Жозеф Данфорд алгачкы ракеталык соккуда алынган буталарга тактоо киргизди:

Жозеф Данфорд.
Жозеф Данфорд.

-Сокку урулган жана талкаланган буталардын Сирия режиминин химиялык курал программасына конкреттүү байланышы бар. Биз ошондой бейкүнөө жайкын тургундар үчүн тобокелдикти минималдаштырган буталарды тандадык. Биринчи бута - Дамасктын районунда жайгашкан илим-изилдөө борбору болду. Бул аскерий объект Сириянын химиялык жана биологиялык курал технологиясын изилдөө, иштеп чыгуу, жасоо жана сыноо борбору. Экинчи бута - Хомстун батыш тарабындагы химиялык курал кампасы. Үчүнчү бута болсо экинчи бутага жакын жайгашкан, химиялык курал кампасы менен бирге командалык пункт болгон.

Франциянын бомбалоочу учактары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис “азыр бир жолку атуу “ болгонуна, алдыдагы аскерий чара Сирия химиялык куралды колдонууну улантарына же улантпасына көз каранды экенине токтолду.

Британиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, алгачкы белгилер ракеталык соккулар “ийгиликтүү” болгонун, буталарды талкалаганын көргөзүүдө.

Айыптоо жана колдоо

Сириянын мамлекеттик телеси өлкөнүн абадан коргонуу системасы соккуга жооп бергенин кабарласа, армиясы алар ракеталардын кеминде 13үн бутага жеткирбей атып түшүргөнүн, бийлиги жайкын тургундар менен аскер кызматчылар арасында жараат алгандар барын билдирүүдө.

Президент Башар Асад болсо соккуну Сириянын "терроризм менен өлкөнүн ар бир укумунда күрөшүп, анын басууга чечкиндүүлүгүн" арттыруучу аракет катары мүнөздөдү.

Орусиянын, Ирандын, Сириянын желегин көтөргөндөрдүн Дамасктагы нааразылыгы. 14-апрель, 2018-жыл.
Орусиянын, Ирандын, Сириянын желегин көтөргөндөрдүн Дамасктагы нааразылыгы. 14-апрель, 2018-жыл.

​Жети жылдан берки жарандык согушта президент Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Сирияга соккусун “терроризмге каршы күрөштүн алдыңкы чегиндеги суверендүү өлкөгө карата агрессия” деп баалады. Путин ага катар Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул отурумун чакырып жатканын кошумчалады.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШ баштаган аскердик аракетке “эч бир ийгиликке жетпей турган кылмыш” деп баа берди.

“Мен АКШ, Франциянын президенттеринин, Британиянын премьер-министрин кылмышкер деп жарыялайм", - деди Хаменеи “Твиттердеги” баракчасында.

Анын алдында Ирандын Тышкы иштер министрлиги Сирияга сокку урулгандан кийин “аймактык кесепеттери” болорун эскертти.

Австралия менен Жапония АКШ баштаган аба соккуларды толугу менен колдой турганын жарыялашты:

- Химиялык куралдын колдонулушу адамгерчиликке жатпайт жана ага такыр тыюу салынышы керек. Биз АКШ, Британия, Франциянын химиялык куралга жол бербөө турумун колдойбуз. Биз ошондой эле бул кырдаалдын мындан ары деградация болушуна жол бербөө үчүн бир жолку чара болду деп түшүнөбүз, - деди жапон премьери Синдзо Абэ 14-апрелде,

АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп чара көрүү маселесин бир аптадан бери караштырып жаткан.

Анда Дума шаарчасында хлор газы колдонулганда, оппозиция активисттеринин, жергиликтүү куткаруучулардын айтымында, 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 адам «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген белгилерден» жабыр тарткан.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болбогонун ырасташкан.

Ушул апта ичи эле БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча үч отурумга чогулган.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли 13-апрелдеги жыйында Башар Асаддын режими химиялык куралды согуш башталгандан бери “элүү ирет” колдонгонун айткан.

Бул арада Химиялык куралга тыюу салуу боюнча Эл аралык уюм Думадагы чабуул боюнча фактыларды иликтөөнү уланта турганын, учурда БУУнун коопсуздук кызматкерлери менен өз адистеринин коопсуздугуна байланышкан маселелерди талкуулап жатканын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG