Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Пхеньян БУУнун санкциясын четке какты


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын армиянын коргонуу турумдарынын биринде. 5-май, 2017-жылы таратылган сүрөт.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын армиянын коргонуу турумдарынын биринде. 5-май, 2017-жылы таратылган сүрөт.

Пхеньян БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы санкцияларын четке какты жана талаштуу өзөктүк программасын уланта берерин айтууда. Коопсуздук кеңеши АКШ менен Кытайдын бир нече аптага созулган сүйлөшүүлөрүнөн соң Түндүк Кореянын кеминде төрт мекеме-ишканасына жана 14 жеке адамына каршы санкцияларды өткөн жума күнү кабыл алган эле.

Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин акыркы санкцияларын аларга каршы “кастык аракет” катары баалоо менен четке какты:

"Корей элдик-демократиялык республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялар боюнча кезектеги өнөктүгүн четке кагат. Анткени бул - өзөктүк күчтөрүбүздүн кубатын арттырууну токтотууга багытталган, бизди куралсыздандырып, экономикалык жактан муунтуу үчүн куулук менен жасалган кастык аракет. Кандай санкция жана кысым болбосун биз өзөктүк күчтөрдү куруу жолунан баш тартпайбыз жана жеңишке жетишебиз", - деп айтылды мамлекеттик теленин диктору окуган билдирүүдө.

Коопсуздук кеңештин 15 мүчөсү жактырган жана туруктуу мүчөлөрдөн эч ким вето салбаган санкциялар Түндүк Кореянын кеминде төрт мекеме- ишканасын жана 14 расмий адамына каршы багытталды.

Маселен санкция салынган төрт мекеме-ишкананын арасында Түндүк Корея армиясынын Стратегиялык ракеталык күчтөр боюнча бөлүгү жана Пхеньяндагы "Корио банк" деген каржы уюму бар.

Коңшу Түштүк Корея өкмөтүнүн маалыматы боюнча дал ушул "Корио банк" Пхеньянда аташкандай, 38-кеңсенин же өлкө жетекчилигинин жеке акчасын ары-бери которуу менен алектенет.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы санкцияга добуш берүү учуру. 2-июнь, 2017-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы санкцияга добуш берүү учуру. 2-июнь, 2017-жыл.

Ал эми санкция салынган 14 кишинин арасында Түндүк Кореянын чет мамлекеттердеги тыңчылык операцияларын башкарган адам да бар.

Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, эми санкция салынгандардын чет өлкөлөрдөгү активдери, банк эсептери жабылып, өздөрүнүн башка мамлекеттерге каттоосуна тыюу салынышы керек.

БУУнун жаңы санкциялары алдында АКШ өз тарабынан Орусиянын Түндүк Кореяга мунай сатат жана анын курал программасына тиешеси бар корпорациясы менен иштешет делген эки компаниясына каршы санкция киргизген. Москва башында бул санкцияларды сынга алганы менен, БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШ сунуштаган резолюцияны колдоду.

Өткөн жума күнкү резолюция президенттикке Дональд Трамп келген жыл башынан бери Вашингтон менен Бээжин макулдаша алган алгачкы документ. Сүйлөшүүлөр бир нече аптага созулуп, Бээжин санкциялардын катаалыраак болушуна каршы чыккан. Коопсуздук кеңешиндеги жыйында Бээжиндин БУУдагы элчиси Лю Цзеи буларды айтты:

- Корей жарым аралындагы азыркы кырдаал татаал жана сезимтал. Жарым аралдагы окуяларга таянуу менен Кытай эки тараптуу мамилени колдонууну сунуш кылды. Бул - Түндүк Кореянын өзөктүк-ракеталык ишмердигинин жана Түштүк Корея менен АКШнын массалык машыгууларынын токтотулушу.

АКШ элчиси Никки Хейли болсо кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынышы үчүн Түндүк Корея эң биринчи кезекте сыноолорун токтотуусун зарылдыгын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Австралиядагы сапары учурунда Кытайды Түндүк Кореяга таасир көргөзүү үчүн дагы көбүрөөк кадамдарга барууга үндөдү:

- Биз бүгүн Түндүк Кореяны мыйзамсыз өзөктүк программасынан баш тартууга бир добуштан чакырдык. Кытай жана башка аймактык өнөктөштөр бул коопсуздук кырдаалын жөнгө салуу боюнча аракеттерин күчөтүүсү керек. Кытай маанилүү экономикалык жана соода державасы. Бирок биз Кытайга өзүнүн экономикалык кубатын башка проблемалардан четтөөнү, Түштүк Кытай деңизин милитаризациялоо же Түндүк Кореяга талаптагыдай басым көргөзө албоосуна, сатып алуусуна жол бере албайбыз. Алар соода-экономикалык кубатынын өсүшү менен бирге коопсуздук жоопкерчилиги да келерин моюнга алышы керек.

Кытай – Пхеньяндын башкы соода-экономикалык жана дипломатиялык өнөктөшү катары саналат.

Түндүк Корея маселеси ушул дем алыш күндөрү Сингапурда Шангри-Ла диалогу деп аталган аймактык коопсуздук саммитинде талкууланды.

Түндүк Корея баллистикалык ракета сынаган учур. 22-май, 2017-жылы таратылган сүрөт.
Түндүк Корея баллистикалык ракета сынаган учур. 22-май, 2017-жылы таратылган сүрөт.

Анда маселен Жапониянын коргоо министри Томоми Инада Түндүк Кореянын коопсуздук коркунучу азыр жаңы багытка чыкканына көңүл бурду.

Акыркы жарым жыл ичинде Түндүк Корея өзөктүк сыноодон кеминде экөөнү өткөрүп, ал эми баллистикалык ракеталарынын ондогондорун учурду. Мындай ракетаны соңку сыноо 29-майда болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG