Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Жулиан Ассанж бир жылга соттолду


Жулиан Ассанж
Жулиан Ассанж

"Викиликстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж жети жыл мурда аны күрөөгө бошоткон британ сотунун чечимин бузган деп табылып, бир жылдан ашык убакытка соттолду.

Күрөөгө бошотулган Ассанж кийин Эквадордун Лондондогу элчилигине жашынып, анда дээрлик жети жыл жашаган. Британ полициясы аны быйыл 11-апрелде камакка алган. Бул Эквадор ага баш паанек берүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

1-майда Лондондун райондук соту 47 жаштагы Жулиан Ассанжды бир жылга абакка кести. Соттун маалыматына ылайык, Ассанж жети жыл мурда аны күрөөгө бошоткон британ сотунун чечиминин шарттарын бузган. Өкүмдү окуган судья: «Эч ким мыйзамдан жогору болбошу керек жана бул маанилүү» деди. Ассанждын адвокаты Женифер Робинсон сот чечимин сындады.

- Бүгүн британ соту Ассанжды Эквадордун элчилигинен баш калка издөөгө мажбур кылган себептер боюнча бир катар далилдерди укту. Мен бардыгыңыздарды аларды окуп чыгууга жана анын элчиликке барганынын негиздүүлүгү тууралуу далилдер боюнча жыйынтык чыгарууга чакырам.

Ассанждын сот иши каралып жатканда аны колдогон бир канча активист келди. Алар соттун өкүмү чыкканда “уят” деп кыйкырып жатышты.

"Викиликс" соттун чечимин “Жулианга чыгарылган өкүм кооптондурат жана ал өч алуу аракетиндей көрүнөт” деп комментарий берди.

- "Викиликстин" редактору катары мыскылдаган жана өч алуучу өкүм болду деп эсептейм. Британиянын соту аны экстрадициялоо ишинде канчалык адилеттүү боло алары бизди кооптондурат”, - деди "Викиликстин" редактору Кристинн Храфнссон. ​

Британ полициясы "Викиликс" уюмунун негиздөөчүсү, Эквадордун Лондондогу элчилигинде жети жыл баш калкалаган Жулиан Ассанжды 11-апрелде камакка алган. Бул Эквадор ага баш паанек берүүдөн баш тарткандан кийин болгон. Ал АКШнын өтүнүчү менен кармалганы жана Вашингтон ага айып койгону кабарланган.

АКШ Жулиан Ассанжды "Викиликс" сайтына маалымат берген америкалык жоокер Челси Мэннинг менен алдын ала сүйлөшүп алып, АКШнын Ооганстан жана Ирактагы согуштар тууралуу миңдеген жашыруун мамлекеттик документтерин уурдаган жана жарыялап жиберген деп күнөөлөп жатат. Ал бул айып менен соттолсо, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ассанжды АКШга экстрадициялоо иши Лондон сотунда 2-майда каралганы турат:

- Бул башынан эле аны Кошмо Штаттарга экстрадициялоо иши менен байланышта болуп келген. 2010-жылы эле биз ушундай тобокелдик бар деп айтканбыз. Бүгүн болсо бизде АКШнын аны экстрадициялоо өтүнүчү бар. Эми биздин экстрадиция өтүнүчүнө каршы аракеттенебиз жана бул күрөш эртең башталат,​ - деди адвокат Женифер Робинсон.

11-апрелдеги биринчи сотко АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү жана юристтери да катышкан. "Викиликстин" негиздөөчүсүнүн адвокаты АКШда анын өмүрүнө коркунуч бар экенин билдирүүдө.

Ассанжга Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши да козголгон. Ал ошол кезде муну швед бийлиги атайын эле АКШга өткөрүп бериш үчүн жасап жатат деп айткан.

2012-жылы Британия полициясы Ассанжды кармап, кийин аны сот күрөөгө бошоткон. Ошондо Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигине кире качкан.

Ассанж жети жылга чукул элчиликтин имаратында жашап, кээде балконго чыгып журналисттерге маалымат жыйынын да куруп жүрдү.

Жулиан Ассанж - Австралиянын жараны. Анын атасы Жон Шиптон уулун өлкө бийлигинен Австралияга экстрадициялоону суранды. Ал австралиялык «Herald Sun» басылмасына уулун кармаган учурду көргөнүн айтып, «анын абалы начар экен. Мен 74 жашымда 47 жаштагы уулумдай жүдөө көрүнбөйм» деп билдирген.

Батыштагы маалымат каражаттары Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон «Ассанжга байланыштуу кандайдыр бир чараларга барбайм» деп айтканын жазышты. Жон Шиптон Жулиан Ассанждын биологиялык атасы, бирок экөө Ассанж 25 жашка чыкканда биринчи жолу көрүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG