Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

Ассанж акыры кармалды


Жулиан Ассанжды кармап кетип бараткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.
Жулиан Ассанжды кармап кетип бараткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.

2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде башкалкалап келаткан Жулиан Ассанж 11-апрелде кармалды. Элчи өзү полицияны чакырып, алып кетүүгө шарт түзгөнү кабарланат. "Викиликстин" негиздөөчүсүн кармоого Британия, өзгөчө Кошмо Штаттар кызыкдар болуп келген эле.

Журналисттерде Жулиан Ассанж менен сүйлөшүп калууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Элчиликтен бир нече киши Ассанждын колуна кишен салып алып чыгышып, чукул токтоп турган полициянын кичи автобусуна салышып, ошол замат айдап кетишти. Сүрөтчүлөр ээрчий жүгүрүп тартып калган сүрөттө Ассанж көзүн кысып, менде баары жакшы дегенсип баш бармагын көрсөтүп турат. Сакал-муруту өсүп кетиптир.

"Викиликстин" негиздөөчүсүнө берилген убактылуу башпаанекти Эквадор бийлиги 11-апрелде капыл тапыл токтотту. Мунун себебин президенти Ленин Морена узакка чечмеледи.

Ассанж эл аралык келишимдерди бузганын, элчиликте жатып алып өнөктөштөрү аркылуу башка өлкөлөрдүн саясатына кийлигишкенин белгиледи. Маселен "Викиликс" акыркы жолу 2019-жылдын январында Ватикандын документтерин ашкерелеп жиберген экен. Президент башка дагы ички себептерге токтолду:

Ленин Морена
Ленин Морена

"Мырза Ассанждын жүрүм-турумунан улам Эквадордун чыдамы чегине жетти. Уруксат берилбеген электрондук жана башка жабдыктарды колдонгон. Эквадордун Лондондогу миссиясынын байкоо камераларын блоктогон. Күзөтчүлөргө каршы чыгып, начар мамиле жасаган. Ал элчиликтин коопсуздук боюнча файлдарына уруксатсыз кирүүгө жол тапкан".

Жулиан Ассанж ким?

Австралиянын жараны. 47 жашта. Ал негиздеген "Викиликс" (WikiLeaks) уюму АКШнын Ооганстан жана Ирактагы согуштар тууралуу миңдеген сыр документтерин жарыялап жиберген эле. Бул үчүн 2010-жылы кылмыш иши козголуп, АКШ аны издөөгө алган.

Ассанжга Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши да козголгон. Ассанж швед бийлиги аны «жашыруун маалыматты жарыялаган» деп айыптаган АКШга өткөрүп бериши мүмкүн деп чочулап келген.

2012-жылы Британия полициясы Ассанжды кармап, сот күрөөгө бошотот. Ошондо Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигине кире качкан. Эквадор убактылуу башпаанек берип, полициянын кармап кетүүсүнө жол ачпай турду.

Ассанж жети жылга чукул элчиликтин имаратында жашап келди. Кээде балконго чыгып журналисттерге маалымат жыйын курчу. Эквадордун Ассанжды карап-багуу үчүн кетирген чыгымы дээрлик 5 млн. долларга жакындаптыр. Бул түштүк америкалык өлкө үчүн оңой акча эмес. Ошондуктан өткөн жылдан тарта аны элчиликтен кетирүү аракеттери көрүлө баштаган болчу.

Эквадордун президентине удаа эле тышкы иштер министри да билдирүү жасап, Ассанжга берилген Эквадор жарандыгы кайра алынганын айтты. Ал эми Лондондогу элчи кармап кетүүгө болорун айтып полицияга өзү чалган.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 2012-жылы убактылуу абактан бошотуу шартын бузуу менен Ассанж Британияда да эреже бузганын, кармап кетүүгө бир себеп ошол болгонун белгиледи:

"Ал ошондой эле Кошмо Штаттардын бийлигинин өткөрүп берүү өтүнүчүнө байланыштуу да кармалды. Бул эми соттогу юридикалык маселе. Менин урматтуу досум, ички иштер министри бул боюнча кийинчерээк билдирүү жасайт. Бирок мен өз милдеттерин өтө кесипкөйлүк менен аткарган борбордук полицияга ыраазылык билдирем. Бул маселени чечүүдө кызматташкан Эквадор өкмөтүн кубаттайм".

Журналистикага каршы саясатпы?

"Викиликстин" башкы редактору Кристинн Храфнссон өнөктөшүнүн кармалышын кескин айыптап чыкты. Ал Ассанж 2010-жылы Ирак менен Ооганстандагы аскердик кылмыштарды, укук бузууларды ашкерелегени үчүн кармалды деп жатат:

"Азыр журналист жана басылма ээси журналисттик ишмердиги үчүн саясий куугунтукка кабылды. Эскерте кетейин, 2010-жылы биз бул маалыматтарды бүтүндөй дүйнөдөгү маалымат каражаттары менен үндөшүп туруп чыгарганбыз. Анын ичинде "Guardian", "The New York Times", "Der Spiegel", "El Pais", "Le Monde" - бул тизмени дагы улантса болот".

Полиция унаасы имаратка жакын токтотулуп, дароо салып кетишти. 11-апрель, 2019-жыл.
Полиция унаасы имаратка жакын токтотулуп, дароо салып кетишти. 11-апрель, 2019-жыл.

Бул маселе боюнча орус бийлиги үн катты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова “Демократиянын колу” эркиндикти кысууда" деп "Фейсбукка" жазды.

Эгер өткөрүлүп берилсе Ассанж АКШда беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Викиликс" 2016-жылкы президенттик шайлоодо да АКШ Демократиялык партиясынын документтерин жарыялап жибергени үчүн ага айып тагылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG