Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Британ соту Жулиан Ассанжды түрмөгө кести


Жети жыл Эквадор элчилигинде жашаган Жулиан Ассанжды кармап кетип бараткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.
Жети жыл Эквадор элчилигинде жашаган Жулиан Ассанжды кармап кетип бараткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.

Британиянын соту «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды «күрөөгө бошотуу шартын бузду» деген негизде 50 жумага түрмөгө кести.

Ассанж 2012-жылы Швецияда жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталып, Британияда аны экстрадициялоо маселеси чечилип жаткан кезде күрөөгө бошотулган. Бирок ал сотко келбей, Эквадордун Лондондогу элчилигине кирип кетип, ал жакта жети жыл баш калкалады. Кийинчерээк Швециянын бийлиги бул ишти жаап койгон.

«WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү быйыл 11-апрелде Эквадордун элчилигинде 2012-жылы берилген ордер менен камакка алынган. Ассанж АКШ бийлигинин өтүнүчү менен камакка алынганы белгилүү болгон.

Аны Америкага экстрадициялоо маселеси 11-апрелде Лондон сотунда каралды. Актоочу тарап АКШда Ассанждын өмүрүнө коркунуч бар экенин, ал азыр эч кандай көрсөтмө бербей турганын айткан.

Натыйжада сот экстрадициялоо боюнча эч кандай чечим кабыл албай, Ассанжды камакта калтырган. Кийинки жараян 2-майда болот.

47 жаштагы Австралиянын жараны Жулиан Ассанж негиздеген «WikiLeaks» сайты АКШнын Ооганстан жана Ирактагы согуштар тууралуу миңдеген жашыруун документтерин жарыялап жиберген. Бул үчүн 2010-жылы кылмыш иши козголуп, АКШ аны издөөгө алган.

XS
SM
MD
LG