Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Ассанждын атасы уулун Австралияга экстрадициялоону суранды


Жулиан Ассанжды кармап кетип бараткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.
Жулиан Ассанжды кармап кетип бараткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.

Британ бийлиги тарабынан кармалган журналист Жулиан Ассанждын атасы Жон Шиптон ушундай өтүнүч менен Австралиянын бийлигине кайрылды. Ал австралиялык «Herald Sun» басылмасына уулун кармаган учурду көргөнүн айтып, «анын абалы начар экен. Мен 74 жашымда 47 жаштагы уулумдай жүдөө көрүнбөйм» деп билдирген.

Батыштагы маалымат каражаттары Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон «Ассанжга байланыштуу кандайдыр бир чараларга барбайм» деп айтканын жазышты. Жон Шиптон Жулиан Ассанждын биологиялык атасы, бирок экөө Ассанж 25 жашка чыкканда биринчи жолу көрүшкөн.

2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап келаткан Жулиан Ассанж 11-апрелде кармалган.

47 жаштагы Австралиянын жараны Жулиан Ассанж негиздеген «Викиликс» («WikiLeaks») уюму АКШнын Ооганстан жана Ирактагы согуштар тууралуу миңдеген сыр документтерин жарыялап жиберген эле. Бул үчүн 2010-жылы кылмыш иши козголуп, АКШ аны издөөгө алган. Ассанжга Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши да козголгон.

XS
SM
MD
LG