Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Газада тынчтык орнотуу аракети көрүлүүдө


Газа тилкесинен Израилди көздөй учурулган 3 ракетанын изи, 19-ноябрь, 2012-жыл
Газа тилкесинен Израилди көздөй учурулган 3 ракетанын изи, 19-ноябрь, 2012-жыл

Израил менен Газа секторундагы палестин согушкерлери ортосундагы урушту токтотуу аракети уланууда.

Жагдайды дүйшөмбү күнү АКШ президенти Барак Обама Египет президенти Мухаммед Мурси менен талкуулап, “ХАМАС ракетадан аткылоосун токтотуусу керектигин” баса белгиледи. Хамасчылардын ракетадан аткылоосуна жооп кылып, 14-ноябрда Израил атайын операция баштагандан бери уруш уланууда.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал эл аралык коомчулуктун да тынчын алууда. Ок атууларды токтотууга көмөктөшүү үчүн Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун дүйшөмбү күнү Каирге келген. Ал шейшемби күнү Араб Лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби менен кризис тууралуу сүйлөшкөндөн кийин израилдиктер менен палестиндерди мунасага үндөдү. Ошондой эле Израилдин Газадагы хамасчыларга каршы операциясы чатакты дагы курчутат деп эскертти:

- Акылсыз зобун-зордуктун кесепетинен үй-бүлөлөр жана балдар өлүүдө. Палестиндер менен израилдиктер кайрадан аба чабуулунан коркуп жашоодо. Муну токтотуш керек. Кырдаалды курчутпоо, анын ичинде кайгы-ый гана алып келчү кургактагы операцияны болтурбоо үчүн чукул чараларды көрүү керек.

Пан Ги Мун шейшемби күнү Египет президенти менен кездешип, Газада тынчтык орнотуу маселеси боюнча пикир алмашат. Египет палестиндер менен израилдиктерге арачылык кылууда өтө активдүү. Өткөн жума күнү Египеттин өкмөт башчысы Хашим Кандил Газага тилектештик көрсөтүп келип кеткен.

19-ноябрда АКШ президенти Барак Обама Египет президенти Мохаммед Мурси менен кырдаалды талкуулап, “ХАМАС ракетадан аткылоосун токтотуусу керектигин” баса белгилегенин Ак үй маалымдады. Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө:

- Мен Газа тилкесиндеги өзгөчө абал жөнүндө комментарий жасабайм. Бирок эки жактан тең жарандардын өлүп жатканы бизди тынчсыздандырганын үзбөй айтуудабыз. Биз кырдаалдын жөнгө салынышын каалайбыз. Биз эки жак менен тең иштешүүдөбүз. Биз региондогу оюнчулар менен иштешүүдөбүз.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон да регионго келүүдө. Клинтон айым шаршемби күнү Иерусалимде Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху, андан соң Рамаллада Палестин автономиясынын башчыларына кездешип, кийин Каирге барат.

Евробиримдикке кирген 27 мамлекеттин тышкы иштер министрлери чогуу жасаган кайрылуусунда Газа жана Израил тараптан аткылоолорду токтотууга чакырып, Израил өкмөтүн “өз букараларын коргоодо чектен ашпай аракеттенгенүүсү” зарыл экенине көңүл бурушту.

Газадагы калабага жети күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Дүйшөмбү-шейшемби үнү Израил армиясы Газадагы ХАМАС уюмуна караштуу деп шектелген жайларга 100дөн ашык сокку урду. Өткөн түнү Газадан Израилге кеминде 20 ракета атылды. Дүйшөмбү күнү Израилдин түштүгүнө газалык согушкерлер 110 ракета атканын жөөт полициясы маалымдаган.

Жети күндөн берки аткылашууда 110 палестиналык, анын ичинде 27 бала набыт болду. Алардын көбү карапайым жарандар. Ал эми Израил тараптан 3 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG