Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлиги Түп районундагы Миң-Булак айылында мектептин чатыры кулап кеткени боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматта айтылгандай, Ислам Касмалиев атындагы 150 орундуу мектеп 2023-жылы "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, "Энержи-Нур строй" ишканасы тарабынан курулган.
"Мектеп азырынча пайдаланууга бериле элек. Анткени чатырын жабуу иштери толук аяктай элек болгондуктан, министрликтин Ысык-Көл облусундагы аймактык башкармалыгы тарабынан кабыл алынган эмес. Башкармалык тарабынан мурдараак подрядчик ишканага эскертүү берилген", - деп жазылган анда.
Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги "Энержи-Нур строй" ишканасынан чатырды оңдоп, мүчүлүштүктү жоюуну талап кылып, кат түрүндө кайрылган. Мындан тышкары компанияга 200 миң сом айып пул салынган. Министрлик өз маалыматында подрядчик ишкана толугу менен оңдоо иштерин жүргүзгөн.
Ишкананын лицензиясын токтотуу маселесин министрликтин атайын комиссиясы карайт. Андан ары тийиштүү органдар объектини тыкыр текшерип чыгышат. Оң жыйынтык болсо мектеп расмий түрдө пайдаланууга берилет.
18-январь күнү Миң-Булак айылындагы мектептин чатырынын бир бөлүгү кулап түшкөнү тууралуу маалыматтар соцтармактарга жарыяланган.
Мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер курулуп, пайдаланууга берилгенден көп өтпөй бузулган учурлар буга чейин да катталган. Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети андай сапатсыз объектилерди курган подрядчик ишканалардын жетекчилерин жоопко тарткан.(ZKo)
Шерине