Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10%ын системалуу түрдө опузалап алгандыгы аныкталган.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мэриянын А.К.Ш. аттуу кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө. (ErN)
Шерине