Өкүлдөр палатасындагы 650 орун үчүн онго жакын партия ат салышты. Бирок негизги күрөш салттуу түрдө эки негизги саясий күч – лейбористтер менен консерваторлор ортосунда жүрүүдө.
"Бул – биздин демократиянын күнү. Мен азыр эле добуш бердим жана биз жүргүзгөн шайлоо кампаниясына сыймыктанам", - деди Лейбористтердин лидери Жереми Корбин Лондондо добуш бергенден кийин.
Премьер-министр Тереза Мэйдин консервативдүү партиясы палатадагы көпчүлүктү сактап калат деп күтүлүүдө. Алдын-ала эсепке караганда, консерваторлор алдыда, бирок жетиштүү көпчүлүк добушка ээ боло алышпайт.
Өкмөт башчы апрелде мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп, муну Евробиримдиктен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр башталып жаткан учурда стабилдүүлүктү сактоо жана мандатын бекемдөө максаты менен түшүндүргөн эле. Депутаттардын көбү анын сунушун колдогон.
Аналитиктер ошондо премьердин партиясы парламенттеги мандаттарын көбөйтө алат деп болжолдоп келишкен. Сурамжылоолор да консерваторлор негизги атаандашы, оппозициядагы лейбористтерден 20 процент алдыда келатканын көргөзгөн. Бирок кийин, май айынын ичинде өткөрүлгөн элдин пикирин сурап билүүлөргө караганда, лейборист талапкерлердин популярдуулугу кескин өстү.
Мисалы, 4-июнда жарыяланган сурамжылоону алсак, Мэйдин партиясына добуш беребиз дегендердин саны 43 процент болсо, лейбористтерге 36-37 процент артыкчылык берет.
Дагы бир изилдөөлөрдө болсо эки атаандаштын айырмасы бир проценттин айланасында болушу мүмкүн деп болжолдонуп келген. Бирок бул сурамжылоолор 3-июнда баш калаа Лондондогу терактка чейин жүргүзүлгөн. “Ислам мамлекети” экстремисттик топ уюштурган кол салуу жети кишинин өмүрүн алып кеткен, 50гө чукулу жарадар болгон.
Бул окуя улуттук коопсуздук маселесин биринчи планга алып чыкты. Саясат талдоочулар премьер-министр Мэй террорчулука каршы күрөшүүдө, НАТО жана башка өнөктөштөр менен жакшы байланышта болгон ишенимдүү лидер катары каралып келерин белгилешет.
Албетте көңүл чордонунда Брексит же Евробиримдиктен чыгуу жараяны да кала берүүдө. Өкмөт башчы эрте шайлоо өткөрүүнү сунуш кылганда оппозиция “Британ элинин каалоо-мүдөөсүнө” бут тосуп жатат деп айыптаган.
Өлкөнүн шаркеттен чыгуусу ички жумуш рыногуна, эмгек акы, турак жайлардын баасына, соода, коргонуу жана коопсуздук, иммиграция, тейлөө, финансы жана башка тармактарга чоң таасир этмекчи. Бирок эки партиянын тең Брекситтен баш тартуу пландары жок. Консерваторлор жана лейбористтерден тышкары шайлоого ири партиялардан либерал-демократтар, Шотландиянын улуттук партиясы катышууда. Июндун башындагы сурамжылоолор алар 10 проценттен көп добуш топтой алышпайт деп көргөзүп келген.
Бул эки партия Евробиримдиктен жана бирдиктүү рыноктон чыгууга каршы позицияны карманышат.
Саясий аналитиктер добуш берүүдө Шотландияда көз карандысыздык боюнча дагы бир референдумдун тагдыры белгилүү болот дешет.
Шотландиянын улуттук партиясы 2014-жылы эгемендик боюнча референдумда утулуп калган. Анда шотландиялыктардын 55 проценти Бириккен падышалыктын курамында калууну жактап добуш беришкен. Ошондо негизги аргумент катары Евробиримдикте калуу зарылдыгы аталган эле.
Былтыр Британиянын шаркеттен чыгуу референдумунда шотландиялык добуш берүүчүлөрдүн 62 проценти каршы оюн билдиришкен.
Британиядагы шайлоо мажоритардык система боюнча өткөрүлөт. Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү бир мандаттуу округдардан бир турда шайланат. 40 миңден көп шайлоо участоктору жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат ондо жабылмакчы.