Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:55

Кыш катуу болушу мүмкүн


Зарылбек Итибаев.
Зарылбек Итибаев.

Кышка отун-сууну мол камдадыңызбы? Быйыл кышында кар нормадан көп жаап, катуу суук болушу мүмкүн.

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев “Азаттык” менен болгон маегинде ушундай божомолун айтты.

«Азаттык»: Эки-үч күндөн берки катуу сууктун күчү кайта баштады окшойт. Аба ырайына байланыштуу алдыга божомолдор кандай?

Зарылбек Итибаев: Бизге 11-ноябрдан баштап түштүк-батыш циклону келди. Ага чейин мындай суук Москвада катталды. Азыр Казакстанда, Астана шаарында 25 градуска чейин суук болуп жатат. Быйыл суук катуу, башкача дегендерге да кошулса болот.

2008-жылдан бери ноябрь айында ушундай суук болбоптур. Бишкекте түнкүсүн -18, Чүйдө -20 градуска чейин жетти. 15-ноябрда гана сууктун күчү бир аз кайта баштады. 20-ноябрга чейин температура бир аз көтөрүлүп, күндүз 8-10 градуска чейин жылыйт. 20сынан кийин аба ырайы кайра бузулат. Жамгыр, тоолорго кар жаайт. Ноябрь айынын үчүнчү декадасында да туруксуз аба ырайы сакталат.

«Азаттык»: Быйыл кыш жылдагыдан суук болору айтылып жатат. Божомолдор кандай?

Зарылбек Итибаев: Декабрь айынын 2-3-декадасы суук болот. Декабрдын аба ырайына божомолду чыгардык. Кыргызстанда, Орто Азияда, Орусияда да Климотология институту жок.

Британиядагы университет чындыгында “2018-2019-жыл өзгөчө болот” деп жатат. Көпчүлүк жактарда, АКШда, Техас шаарында жакында абдан катуу тайфун, жамгыр болду. Орусияда, Кытайда өзгөчө кырдаалдар катталды. Ошондой эле “быйыл суук жыл болот” деп жатышат. Бизде андай институт жок болгондон кийин алардын божомолуна ишенип, быйыл суук жылдардын бири болушу мүмкүн деген тыянакка келип жатабыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык»: Кыргызстанда катталган катуу суук кайсы жылга туш келген?

Зарылбек Итибаев: 1969-жылдын ноябрь айында катуу суук болгон экен. Ал жылы кар да калың, номадан ашык жааган. Кыргызстандын бардык аймактарында 1 метр 40 см. кар жааган экен.

«Азаттык»: Быйыл кардын жаашы кандай болушу мүмкүн?

Зарылбек Итибаев: Биз азыр декабрь-январь айына маалыматты берип жатабыз. Нормадан ашыкча жаашы күтүлүп жатат.

«Азаттык»: Салыштырмалуу материалдык-техникалык базаңыздар жакшырып калды окшойт. Сиздер берген маалымат канчалык так жана дал келип жатат?

Зарылбек Итибаев: Биздин техникалык абалыбыз абдан жакшы болбосо да орто болуп калды. Биз өзүбүз 2011-жылга чейин аба ырайын болжолдой алчу эмеспиз. Биз үчүн Өзбекстандын гидрометеорология борбору айтып берген. Кыргызстандын станциялары болуп өткөн маалыматты гана берип келген. Азыр өзүбүз болжолдоп жатабыз, бул да чоң жетишкендик.

Учурда үч күндүк маалыматыбыз так болуп жатат. Тактыгы 96% жогору. 7-10 күндүн маалыматынын дал келүүсү 66 пайыздан жогору болуп жатат. Бүгүнкү күндө суу багыты боюнча да, жаз кандай болорун, жамгырдын көлөмү, “суу сактагычка суу толобу же жокпу” деген божомолду да берип жатабыз.

Кыш камын сынаган суук
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG