Дүйнөлүк Метеорология уюму БУУнун Бонндогу конференциясын утурлай жарыялаган баяндамасына караганда, быйылкы жылдын январь айынан сентябрына чейин глобалдык орточо температура 1981-2010- жылдар аралыгындагы орточо температурага салыштырмалуу жарым Цельсий градуска жылуу болду.
Баяндамада атмосферадагы көмүр кычкыл газынын концентрациясы быйыл да көбөйгөнү, деңиздеги суунун деңгээлинин көтөрүлгөнү, Антарктика деңизин камтыган муздун калыңдыгы мурдагыдан да жукарганы көрсөтүлгөн:
- Өткөн 2016-жыл тарыхта биз байкагандан берки эң ысык жыл болгон. Бизде азыр температура индустриалдык доорго чейинкиден 1,1 градуска жогору. Бул Эль-Нинонун кубаттанганына байланыштуу. 2017-жыл да каттоодогу эң ысык үч жылдын бири болгону турат, -деди Метеорология уюмунун башкы директору Петтери Таалс.
Жер планетасынын климатка таасир берген көрүнүшүн адистер Эл-Ниньо (El Nino) деп атап коюшат.
Климаттагы өзгөрүүлөрдүн быйылкы белгилери катары Метеорология уюму Атлантика океаны менен Кариб деңизиндеги күчтүү бороондорду, Түштүк Азиядан Пакистанда, Жакынкы Чыгыштан Иран менен Оманда аба температурасынын быйыл 50 градустан жогору болушун да мисалга тартууда.
Аталган уюм өткөн аптада абанын булганышы рекорддук чекке чыкканын да белгилеген. Уюмдун соңку эсептерине караганда, көмүр кычкыл газынын (CO2) атмосферадагы концентрациясы акыркы 800 миң жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлге жетти.
Уюмдун журналында 30-октябрда жарыяланган эсептер боюнча 2015-жылы көмүр кычкыл газынын концентрациясы бир миллионго 400 бөлүкчө болсо, былтыр бул көрсөткүч 403,3кө көтөрүлгөн:
- Биз көмүр кычкыл газынын бир жыл ичиндеги концентрациясы боюнча мынчалык чоң өсүшкө буга чейин эч күбө болгон эмеспиз. Бул биз туура эмес багытта кетип жатканыбыздын, эгер биз Париж келишиминин аткарылышы жөнүндө ойлосок, чындап эле туура эмес багытта кетип жатканыбыздын далили. Климаттагы өзгөрүүлөрдү басаңдатуу үчүн алдыдагы 15-20 жылда жүрүм-турумубузду өзгөртөбүз деген үмүт бар. Бирок азырынча бизде буга жетишкидей амбиция болбой турат,- дейт Метеорология уюмунун башкы директору Петтери Таалс.
Ал айтып жаткан Париж келишимин 195 мамлекет 2015-жылы макулдашкан эле. Ага ылайык дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 2 Цельсий градустан ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек.
Париж келишимине дем берип, анын аткарыла баштоосун камсыздоочу чараларды талкуулоо үчүн дүйшөмбү күнү Бонн шаарында БУУнун климат боюнча кезектеги конференциясы башталды, ага жалпы жонунан 25 миңдей өкүл катышары күтүлүүдө.
Бонндогу сөзүндө БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча башчысы Патрица Эспиноса буларды айтты:
- Бүгүнкүгө карата Париж келишимин 169 өлкөнүн ратификациялашы бизге эми үмүт доорунан, аткаруу дооруна өтүүгө мүмкүндүк берет. Бизде эс алып отургудай убакыт жок, биз азыр аракеттенип, мына ушул жерден баштообуз керек.
Чоң үмүт артылган Париж келишими боюнча эч бир өлкө кандайдыр бир конкреттүү милдеттенме алган эмес. Бирок глобалдык жылуулукту алдын алуу боюнча улуттук салымдарын өз эрки менен жасап, аткарышы керек.
Дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн башында турган АКШ келишимге 2015-жылы кошулганы менен азыркы президент Дональд Трамп өлкөсүн андан чыгарарын быйыл жайда жарыялаган. АКШ менен Кытай абанын эң ири булгоочулары деп табылган.
Глобалдык жылуулукка себепкер делген булганыч газдардын 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикаларынын үлүшүнө туура келет.