Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстандык корё-сарамдардын тарыхы


Корей элинин бийи.
Корей элинин бийи.

1937-жылы Совет өкмөтү Ыраакы Чыгыштан корейлерди өлкө ичине, анын ичинде Кыргызстанга күчтөп көчүрөт. Ага удаа эле корей тилиндеги окуу жайлар жабылып, китептер өрттөлүп, жок кылынат.

Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасында корей улутундагы 17 миңден ашыгыраак жаран жашаган. Акыркы 20 жылда өлкөдөгү корейлердин саны эки жарым миңге кыскарган.

Бүгүн алар республика калкынын 0,3% түзөт. Бирок чарбадагы орду барандуу. Өздөрүн корей тилинде “корё-сарам” же корей эли деген бул калк Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда качан өзүнчө журт катары пайда болду?

Кыргызстандагы корейлер коомунун мүчөсү Ли Геннадий Петровичтин айтымында, cовет өкмөтү корейлерди Ыраакы Чыгыштан Борбор Азияга, анын ичинде мурдагы Кыргыз ССРине 1937-жылы массалык түрдө күчтөп айдаган.

- Бул сүргүн советтик корейлердин тарыхынын трагедиялуу бөлүгү. Биз сүргүнгө чейин өзүбүздү советтик корейлер, орусиялык корейлер деп атап жүрсөк, депортациядан кийин казакстандык корейлер, өзбекстандык корейлер, кыргызстандык корейлер деп атачу болдук. Жапония менен согуш болот деп күтүлүп жаткан. Ошон үчүн СССРдин жетекчилиги Ыраакы Чыгыштын корей, кытай, жапон жана башка элдерин өлкө ичине көчүрүүнү чечет. Жүйөсү эле: алар түпкүлүктүү эл эмес экен. Эң жаманы корейлерди күчтөп депортация кылышкан, көрүнүктүү өкүлдөрүн абакка отургузуп, жок кылышкан. Көчүрүлгөн адамдарды кадимки эле жүк тартуучу вагондорго жүктөшкөн. Бир вагонго 30 адамга чейин тыгышкандыктан, жатканга жай жеткен эмес. Депортация алдында кызматкерлердин баары иштен бошотулган.

Ли Геннадий Петрович 79 жашта. Карыя корейлердин тарыхы, салты, үрп-адаттарына байланыштуу беш китептин автору.

- Бул 1937-жылдын сентябрь айында түшүм жыйнала элек учурда болгон. Депортацияга удаа эле камакка алуу жүргөн. Жолдо баратканда 9 миңдей адам өлөт. Алар көбүнесе ачкачылыктан жана катаал шарттан улам набыт болгон. Анткени, аларга "азык-түлүктү өзүңөр алгыла" деп айтылган. Товардык вагондо же суу, же нан өтө тартыш болгондуктан, көбүнчө балдар жана улгайып калгандар чыдабай, жайран болот. Кишилердин өлүмү жөнүндөгү бул цифралар так экенинен күмөнүм бар. Ошон үчүн дагы такталышы керек деп ойлойм.

Корейлерди куугунтуктоо, өзгөчө, билимдүүлөрүнүн көзүн тазалоо жалпы эле Советтер союзунда жүргүзүлгөн системага ылайык ишке ашырылган. Буга советтик Ыраакы Чыгыштагы корейлерди 1935-1937-жылдардагы репрессиялоо далил. Эки жылда ишенимсиз элдин өкүлү катары 403 корей партиядан чыгарылган. Обком жана райкомпартиянын инструктор кызматынан 341, сот жана прокуратурадан 18, райаткомдор менен колхоздордун төрагалыгынан 80, мугалим жана маданий кызматкерликтен 49, МТСтин директорлугунан 51 корей бошотулат.

Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинен 352 корей айдалат.

Репрессия жылдары саны чамалуу Ыраакы Чыгыш корейлерине орду толгус зыян келтирди. Жазалоочу акция учурунда партиялык жана аскерий кызматтагы 11 миңден ашык корей камакка алынса, алардын эки миңдейи Борбор Азияга баратканда камалат.

Андан тышкары, профессор Н.Ф. Бугайдын маалыматы боюнча,1937-1938-жылдары Москва менен Москва облусунда 20 миңдей корей репрессияга кабылган.

Мындай куугунтук жана кемсинтүүлөргө карабай, корейлер фашисттик баскынчыларга каршы согушка өз ыктыяры менен согушканын айтып отурду Ли аксакал.

"Корейлер согушка катышуу үчүн тек-атын жана өз атын өзгөртүшкөн. Ата Мекендик согушка 374 корей катышкан. Алар өз эрки менен согушка кеткен. Катаал жагдайда кишинин теги кылдат текшерилбесе керек".

Геннадий Петрович Ли өзү Ташкент облусунда корейлердин спецпереселениесинде туулган. Ошондуктан, депортация болгон корейлер жашаган спецпереселениедеги жашоону өзү да баштан кечирген.

"Депортация, репрессия болгон корейлер жана башка элдер 2-даражадагы, 3-даражадагы калктар катары саналган. Ошон үчүн аларды жетекчилик кызматка жолотушкан эмес. Спецпереселениеде жашаган адамдар уруксатсыз эч жакка чыга алчу эмес. Алар Ыраакы Чыгышта вагонго жүктөлүп жатканда эле паспортторун жыйнап алышкан. Эркин жүрүү укугу Сталин жексен болгондон кийин берилген. Ошондон кийин өзбекстандык корейлердин көбү Казакстанга жана Кыргызстанга аттанышкан. Кээ бирөөлөр Орусияга кеткен".

Кыргызстандык корё-сарамдардын тарыхы
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00

СССРдин Ички иштер боюнча эл комиссары Н.И. Ежовдун СССР Эл комиссарлар советинин төрагасы В.М. Молотовго жазган докладынан:

“1937-жылдын 25-октябрында Ыраакы Чыгыш крайында жашаган корейлерди көчүрүү аяктады. 124 эшелонго 36 442 үй-бүлө: 171781 адам жүктөлдү. Ыраакы Чыгыш крайында, Камчатка жана Охотскиде спецпереселенецтер калды, бардыгы 700гө жакын адам. Алар ушу жылдын 1-ноябрына чейин көчүрүлөт.

Корейлер мындай бөлүндү: Өзбек ССРине 16272 үй-бүлө: 76256 адам, Казак ССРине 20170 үй-бүлө: 92256 адам. Бул жакка келген 76 эшелондогулар вагондордон түшүрүлдү. Жолдо дагы 48 эшелон келатат”.

Бул докладда, сиздер байкагандай, Кыргыз ССРи аталбайт. Бирок, 1937-жылы 5-декабарда Каракалпак АССРине көчүрүлүп келген корейлер жер-жерлерге кандай жайгаштырылганы тууралуу маалыматта Кыргызстандын шаарлары аталат. Атап айтканда, Кызыл-Кыяга 164 үй-бүлө же 234 адам, Сүлүктү шаарына караштуу Пролетарская станциясына 51 үй-бүлө же 187 адам бөлүнөт. Ал эми 1938-жылдын 5-декабрына карай кенчилердин бул эки шаарында 508 корей бар деп катталат.

1930-жылдардагы Сталиндик репрессияга байланыштуу илимий булактарда жана атайын адабияттарда Ыраакы Чыгыштагы советтик корейлер Казакстан менен Өзбекстанга депортацияланган же көчүрүлгөн деп, дээрлик 80 жыл бою айтылып келген. Ошол булактарды пайдаланган же изилдеген окумуштуулар Кызыл-Кыя жана Сүлүктү Кыргызстандын шаарлары экенин билишкен эмес.

Бул калпыстыкты 2017-жылы корейлердин сүргүнгө айдалышынын 80-жылдыгына арналып, Новосибирскиде өткөн илимий жыйында бишкектик активист – зайыт Геннадий Петрович Ли түзөтөт.

"Мен корейлер Кыргызстанга да сүргүнгө айдалганбы же жокпу деп, дайыма ойлочумун. Себеби, Москвада КПСС Борбордук комитетинин үч токтому чыккан. Үч документте тең: “Алар вагонго жүктөлүп, Казакстан менен Өзбекстанга көчүрүлсүн” деп айтылат. Бул эки республиканын аянты чоң, аларга салыштырмалуу Кыргызстандын аянты кичинекей. Ошон үчүн алар Кыргызстанга көңүл бурушкан эмес. Корейлерди Казакстан менен Өзбекстанда жайгаштыруу абдан кыйын болгон. Анткени 1930-жылдары бул эки республикада калктын турмушу оор болгон, жакыр жашаган".

Ыраакы Чыгыштан айдалган корейлер поезд менен Борбор Азияга бир айда жетет. Ал аралыкта ачкачылыктан жана оорудан 9 миң корей өлөт. Депортация мезгилинде корей эли жалпысынан 50 миңден көп уул-кызын жоготот.

(Маалымат үчүн: 1930-жылдары Кыргызстанда 40 миңден ашуун адам репрессияга кабылат, алардын ичинен 13 миң ашык адам атылат).

Кыргызстанга сүрүлүп келген спецпереселенец макамы бар 452 корей, Г. П. Линин изилдөөсүнө караганда, негизинен көмүр шахталарында иштешкен. Аларга И. В. Сталин акыретке кеткен соң гана адеп айдалып келгенде бөлүнгөн жайынан башка жактарга чыкканга уруксат берилет.

"Корейлердин көбү кенде иштегенбиз, эмне жумуш болсо, ошону кылганбыз дешет. Себеби, ач-жылаңач келгенбиз, жашоо керек болчу. Кыргыздар жана жергиликтүүлөр боор ооруп, мүмкүн болгон учурда колдон келген жардамын берди дешет улуулар".

Ыраакы Чыгыштан келген корейлер согуш жылдары азыркы Кадамжай районуна караштуу Марказ кыштагында да болгонун мага 2013-жылы Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жашаган Рустем Дервиш оглу карыя айткан. Ал киши месхет-түрк. Бул элдин бир бөлүгү Аджариядан Кыргызстанга 1944-жылы күчтөп көчүрүлгөн.

НКВДнын жетекчилиги корейлер боюнча Сталинге берген жалган маалыматты 10 жылдан кийин Ички иштер министрлиги оңдойт. Бул ведомствонун 1948-жылкы докладында “Казак, Өзбек жана Кыргыз ССРинин аймагында жашаган бардык корейлердин өз колхозу, үй-жайы, малы, айыл-чарба шаймандары бар, жаңы жерде тамыр жайып алды” деп айтылат: Кыргызстанда да корей переселенецтер бар экени көрсөтүлөт.

Саясий репрессия дейбизби же мамлекет тарабынан өз жарандарына каршы уюштурулган кандуу жортуул дейбизби, анын кесепетинен “советтик корейлер” эне тилинен, маданиятынан, улуттук каада-салтынан ажырады. Себеби, шордуу эл катаал шартта, бейтааныш жагдайда жашап кеткени менен, маданий очогунан айрылып калган эле.

Алар Ыраакы Чыгыштан айдалганга чейин, алардын корей тилиндеги 380 мектеби, эки педагогикалык техникуму, педагогикалык институту, гезит-журналдары бар эле. (Корейлердин алгачкы конуштары Ыраакы Чыгыштын Орус империясына караштуу аймактарында 1860-жылдардын баш ченинде пайда болгон. Ал жөнүндө 1864-жылдын 21-сентябрында расмий маалымдалат. Мектептер менен окуу жайлар 1938-жылдын 1-сентябрында Совет өкмөтүнүн токтому менен биротоло жабылат. Кийинки жылы декабрда чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, дүкөндөр менен китепканалардан корей тилиндеги адабияттар чогултулуп, өрттөлөт. Ушинтип, корейлердин жаш муунунун эне тилин жана адабиятын унутушуна совет бийлиги жол салат.

Болбосо, орусиялык чыгыш таануучу Я. Р. Концевич баамдагандай, корейлер миң адамга эсептегенде, жогорку билимдүүлөрдүн саны боюнча Орусиядагы түпкүлүктүү эмес элдердин арасында алдыңкы топко кирет. Бирок эне тилинде кат таануу жагынан акыркы орундагылардын бири.

"Бизде, корейлерде жабыла окууга умтулуу 1960-жылдары гана мүмкүн болду", - деп кебин улантты Г. П. Ли.

"1961-жылы Москванын Максим Горький атындагы эс алуу багына барсам, Москва дарыясынын жээгинде корейлерге окшогон адамдар жайнайт. Барып таанышсам, корей жаштарынын баары Москвадагы эң мыкты жогорку окуу жайларга окуганы келишиптир. Бир жигит авиация институтуна кирем деди. “Каалаган кесибиңди окуйсуңбу?” деп сурасам: “Жок. Каалаган факультетте окусаң болбойт деп айтышты”, - деди. Бизге чектөө бар эле. Мисалы, Москванын атактуу физико-техникалык институтуна, стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелген институттарга, анын ичинде космос, атом тармагындагы институттар корейлер үчүн жабык болгон".

Геннадий Петрович 1965-жылы Москвадагы тарых жана архив таануу институтун бүткөндөн кийин Кыргызстандын мамлекеттик архивинин Канттагы филиалын жететейт. 1969-1971-жылдары Кыргыз ССРинин Борбордук архивинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1972-74-жылдары Кинофотодокументтер боюнча Борбордук мамлекеттик архивдин директору болуп иштеген.

"Азаттыктын" архиви: Кыргызстандык корейлер. Видео орус тилинде

Анын айтканына караганда, корей жаштарынын жапырт окууга умтулуусу өткөн кылымдын 60-70-жылдарына туура келет. Бул жылдары студенттердин саны боюнча, 10 миң адамга эсептегенде, корейлер жөөттөрдөн кийинки экинчи орунда турган. Же жогорку билимдүү корейлердин саны СССР боюнча орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору болгон.

1960-жылга карай корейлер миң адамга эсептегенде Социалисттик эмгектин баатырларынын саны боюнча мурдагы Советтер союзунда биринчи орунду ээлеген. 440 миң элдин ичинен 209 адамга береги наам ыйгарылган. Анын ичинде Өзбекстандагы “Полярная звезда” колхозунда эле Социалисттик эмгектин 25 баатыры болгон. Колхоздун башкармасы Ким Пен Хван биздин Таштанбек Акматовдой бул наамды эки жолу алган. Себеби, чарбалык эсептин негизинде иштеген бригадалар ошо кездеги колхоз-совхоздорго салыштырмалуу жашылча-жемишти 2-4 эсе көп өндүргөн.

Экс-советтик корейлер - корё-сарамдардын катаал тагдырына арналган берүүнү корей жазуучусу Владимир Наумович Кимдин (Ёнг Тхек) мына бул сөзү менен бүткөргөндү оң көрдүм: “Биз Кореядан алыстагы 100 жылдан көп мезгилде жоготкон эне тилибизди, маданиятыбызды кайтарсак болот, бирок биздин жаңы мекенибизде ээ болгон тилибизди, үрп-адаттарыбызды алып салуу мүмкүн эмес". Бул сөздүн мааниси жөнүндө сиз да ойлонуп көрүңүз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG