Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Вебкам бизнесинен туйтунган, миллиондорду сапырган Даниел Ажиев


Иллюстрация.
Иллюстрация.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевди 29-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Кыргызстанда мындай мыйзамсыз ишмердик гулдөп жатканын күч түзүмдөрү өздөрү да моюнга алышат.

Даниел Ажиевдин кармалышы

Ажиев Кыргызстандын атайын кызматынын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына учууга аракет кылган жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Даниел Ажиевди кармоо учуру. Бишкек, 5-июнь, 2023-жыл
Даниел Ажиевди кармоо учуру. Бишкек, 5-июнь, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. Маалыматка ылайык, Ажиев ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор иштей турганы аныкталган. Ар кандай интернет-платформаларда акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Ажиев түзгөн аянтчаларда иш алып барып, ири киреше алып турганы, ага “модел” делген кыздар тартылганы ашкере болгон. Атайын кызмат кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Ажиев 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган, натыйжада Өзбекстандын аба майданында кармалган. Ал өзү жана адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Даниел Ажиев деген ким?

Быйыл мартта өзүн бизнесмен деп атаган 33 жаштагы Ажиев апасынын туулган күнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып саякаттатканы тартылган видео тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ошондо учкучтардын бирине шилтеме менен бир сааттык ижара 2 миң 300 доллар турарын жазышкан. Ажиев андан тышкары жубайына кымбат баалуу белектерди тартуулаганын, чет өлкөлөрдөгү саякаттарынан, люкс ресторандардан тартылган сүрөттөрүн социалдык тармактарга байма-бай жайгаштырып жүрөт. Ошол эле маалда үч баланын атасы кайсы чөйрөдө ишкердик кылары жөнүндө расмий маалымат табуу кыйын.

2018-жылы ал өз батиринде вебкам студия уштурганы үчүн кармалып, "порнографиялык материалдарды даярдоо жана сатуу" беренеси менен кылмыш иш козголгон. Ошондо Ажиев күнөөсүн моюнга алып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 30 миң сом (350 доллар) айыпка жыккан.

Азият Жекшеев
Азият Жекшеев

Ошол жылы журналист, жарандык активист Азият Жекшеевдин вебкам индустриясы тууралуу жүргүзгөн иликтөөсүүн башкы каармандарынын бири Ажиев болгон.

“Даниел Ажиев аттуу жаранды алгач 2018-жылы тааныгам. Анда Ажиев уюштурган мыйзамсыз порнографиялык студияда иштеп жүргөн кыз жардам сурап кайрылган. Аты-жөнү жашырылган жаш кыз бир канча убакыт мурда жумуш издеп жүрүп көп акча сунуштаган жарнамага туш болуп, Ажиевдин вебкам студиясына келет. Кызды алдап анын ыплас видеолорун бир гана чет өлкөлүк жарандар көрүп, акча төлөп турарын айтып көндүрүшөт. Белгилүү бир убакыт өткөн соң ал мындай ишмердүүлүктү токтотуп жумуштан кетүүнү көздөйт. Бирок Ажиев мыйзамсыз акча булагын сактап калуу аракетинде ага каршы чыгып, коркутууга аракет кылган. Көрсө, студияда иштеген кыздардын видеолорун жана сүрөттөрүн сактап жүрчү экен. Жакын туугандарына, ата-энесине ошолорду көрсөтөм деп, аларга каршы курал катары колдончу экен. Ал гана эмес, мага берген маегинде ал Ажиев айрым кыздарга зордук-зомбулук дагы көрсөтүп жүргөнүн кабарлаган. Бул маалыматтарды биздин чыгармачыл топ алган соң тартип сакчылар менен биргеликте иш алып барып, Ажиевдин студиясында тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштер тууралуу маалыматтар такталып, ал кармалган. Бирок тилекке каршы аз убакыт ичинде жарыбаган акчалай айып менен гана кутулуп кеткен. Ал туурасында да коңгуроо какканыбыз менен майнап чыккан эмес. Тескерисинче Ажиев мыйзамсыз ыплас ишмердүүлүгүн өркүндөтүп, трансулуттук деңгээлге жеткенин угуп жатам. Даниелдин башка бизнеси турасында маалыматым жок. Бирок вебкам студия аркылуу көп акча таап жүргөнү ошол биз жасаган иликтөөдөн кийин баарына белгилүү болгон".

Даниел Ажиев бул окуялардан эки жылдан кийин, пандемия маалында колунда жокторго 7 миллион сом гумжардам бөлгөндө, анын вебкам ишмердигин эске салып сындагандар чыккан. 25-мартта ишкер Инстаграмда ошол сынга жооп берипЮ “6 миллион кыргыз элин” уят сөз менен сөгүп, "15 миң сомго иштеп кыйын болбогула, ошондой акылдуу болсоңор, эмнеге миллионер эмессиңер"деп жазган. Кийин ал туура эмес айтып алганын, өзүн сындагандарды гана айтканын моюнга алган. Эки күндөн кийин “расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” үчүн шектүү катары кармалган.

Ички иштер министрлиги видео кайрылуусун жаздырып жатканда Ажиев марихуана чегип алганын билдирген.

Ошол эле жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн. Анын жакындары тергөө алкагында милициядан Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан.

Экспертиза "Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж" деген корутунду чыгарган. Анын кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген. Кийин ал акыл-эси соо эмес деп таанылган. Ооруканада канча жатканы белгисиз. "Клооп" сайты жазганына караганда, былтыр январда Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын дарыгерлери Ажиевдин "журүм-турум адекваттуу" деп тапкан.

Бирок ошондо анын кармалышын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков 2019-жылы төрт өмүрдү алган жол кырсыгына катышканын бир канча жолу айтып чыкканы менен байланыштыргандар болгон.

Вебкам индустриясы деген эмне?

Бул бизнесте модел менен кардар камера аркылуу мамиле куруп, виртуалдык интимдик кызмат көргөзөт. Албетте, кардар бул үчүн акча төлөйт. Азыркы студиялар өзүнчө инфраструктурага айланган. Моделден тышкары ал жакта администраторлор, IT-адистер, стилист, фотографтар иштейт.

Бишкектеги вебкам-студия
Бишкектеги вебкам-студия

Дүйнөдөгү эң популярдуу сайттарга күнүнө 40 миллионго чейин киши кирип турат. Алардын кирешеси миллиарддаган долларга жетет.

Вебкам моделдер арасында эркек балдар да бар. Бул тармакта иштегендер студиялардын уюштуруучуларынын, кардарлардын шантажына көп кабылат. Бул гана эмес, Телеграм-каналдарында моделдердин тек-жайын аныктоого аракеттенген, сүрөттөрүн чыгарып, коркуткан, опузалаган, акча өндүрүүгө аракеттенген топтор четинен жолугат. Мындай тобокелдиктерге карабай, андай ишке орношуу тууралуу жарыялар социалдык тармактарда көп жарыяланып жүрөт.

Азият Жекшеев ошол жарнамаларды аныктап, бул мыйзамсыз бизнести тыйса болорун айтат:

"Бул тармак тилекке каршы биздин өлкөдө калыптанып калганы анык. Аны аныктоо жолдору деле кыйын эмес. Болгону жумуш сунуштаган жарнамаларды көзөмөлдөп, текшерсе эле четинен чыгат. Бирок бул тармакта иликтеп, алектенген укук коргоо органдары жоктой. Бул бизнести тыюуга мыйзамдар бар, кодекстер бар, бирок иш жүзүндө иштебейт. Биз иликтеген 2018-жылы бул чөйрөдө жүздөгөн секелектер иштеп жүргөнү маалымдалган. Андан бери күрөшкөн киши жок, бул сан кыйла көбөйсө керек".

Вебкам-студиялар менен күрөш

29-майда Казакстанда вебкам-студия иштеткен трансулуттук кылмыштуу топ түзгөн деген айып менен 25 жаштагы кыргызстандык жаран 12 жылга соттолгону кабарланган. Кошуна өлкөнүн рolisia.kz маалымат порталынын маалыматына ылайык, бул топтун бир нече мүчөсү үч жылдан жети жылга чейин соттолгон. Алар Казакстандын чоң шаарларында вебкам-студия уюштурган. Полиция тинтүү учурунда 44 миң АКШ долларын, манзаттарын тапканын, Алматы шаарында кыймылсыз мүлккө ээлик кылганы, 10 вебкам-студияда 50 кыз, арасында жашы жетелектер иштегени аныкталганын кабарлаган.

Быйыл апрелде Бишкекте кылмыш иликтөө кызматкерлери компьютердик-клуб катары иштеген түр көрсөтүп, бирок вебкам-студия ачкандарды аныктаган.

"Документтер боюнча бул даректеги эки кабаттуу үйдө жубайлар катталган. Алар үйүн айына 700 долларга ижарага берип турган. Үйдүн биринчи кабатында сегиз, дагы бир бөлмөдө он, жер төлөсүнөн сегиз, жалпы отузга чукул компьютер табылды. Вебкам бизнесине тартылган кыз-келиндер башка шаарларда жана чет өлкөдө экени билинди. Порнографиялык материалдарды даярдоо жана таркатуу боюнча кылмыш иши козголду", - деп кабарлаган 11-апрелде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

2021-жылдын августунда Бишкекте “вебкам-студия иштетип, кылмыштуу киреше табуу менен алектенген” деген шек менен негизги уюштуруучу катары бир адам кармалганы белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги маалыматында ал адам борбор калаада 15тен ашуун вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турганы айтылган.

Социалдык тармактардагы жарыялардын бири
Социалдык тармактардагы жарыялардын бири

Атайын кызмат акыркы жылдары Кыргызстанда вебкам индустриясы тездик менен жайылып, "жаштар кылмыш ишин уюштуруучулардын барымтасында калып жатканын" билдирген.

Кылмышка кыргызстандыктардан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да аралашканы, алар кыздарды алдап, көп маяна убада кылып, интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөттүрүп турганы, бир аптада эле бир студиянын кирешеси 90-100 миң долларга жетип, анын 5-10% гана кыздарга төлөнүп келгени айтылган. Тергөө мыйзамсыз бизнестен тапкан кирешеге уюштуруучулар кыймылсыз мүлк, кымбат баалуу буюмдарды алып адалдаштырганы аныкталганын кабарлаган.

Журналисттердин иликтөөлөрү көргөзгөндөй жана тартип коргоочулар өздөрү моюнга алгандай, бул мыйзамсыз бизнеске байланыштуу ар кандай кылмыштар, өз жанын кыюу, зордуктоо, башка зомбулук учурлары көбөйүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 25-майдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевге кайрылып, вебкам бизнеси жаатында "ачык-айкын иштеп, коомчулукка ишкер катары таанылган" адамдар бар экенин айткан.

"Расмий түрдө ошол бизнестин аркасы менен миллиондоп акча тапкан жаран социалдык тармакта ачык эле мактанып жүрөт. Аны жарнама кылбай эле койойун. Аны укук коргоо органдары бүт эле билет. Ал батирди ижарага алып, айып пул төлөп кайра эле ачылып калып жатат деп айтып жатышат. Ошол менен күрөшүү жолу кандай болуп жатат?" - деген депутат.


Аширхожаев Кыргызстанда вебкам-студияларды иштетүү мыйзамсыз экенин, күрөш жүрүп жатканын билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө аймагында вебкам-студия иштеткен үч факты катталып, тергөө жүрүүдө.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга, сойкулукка тарткандарга, андай көмүскө жайларды уюштургандарга каршы чаралар белгиленген. Ал эми денесин сатып акча тапкандарга каршы мыйзам жок.

"Азаттык" радиосу чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеген.

XS
SM
MD
LG