Кыргызстандын саясий-экономикалык эле эмес, негизги аскердик өнөктөшү Орусиядагы “куралдуу козголоң” аракети Кыргызстанда да кызуу талкууланып жатат. Жеке менчик аскердик компаниялардын, бийликти бир колго топтоонун тобокелдиктери тууралуу алдыда сөз болот.
Пригожинге козголгон иш токтотула элек
Адегенде Орусиядагы кырдаалга кыскача токтолсок. 26-июнда “Коммерсантъ” басылмасы Орусиядагы “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожинге каршы кылмыш ишин Федералдык коопсуздук комитети (ФСБ) дагы деле тергеп жатканын жазды. Иш жабыла электигин РИА Новости жана ТАСС агенттиктери да Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлашты.
Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, ал Беларуска кетерин айткан. 24-июнда ФСБ Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча иш козгогон. Орусияда мындай айып коюлгандар 12 жылдан 20 жылга чейин соттолот.
“Вагнердин” жетекчиси кайда экени азырынча белгисиз. Анын маалыматтарын тараткан Telegram каналдар да үн ката элек.
Менчик аскердик уюмдардын тобокелчилиги
Орусиядагы “куралдуу козголоң” аракети кыргызстандыктардын да көңүлүн бурду. Орусияда ушул тапта Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны эмгектенип жүрөт. Орусия Кыргызстандын негизги саясий-экономикалык, стратегиялык өнөктөшү. Мындан тышкары эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы бар.
Евгений Пригожин Ростов-на-Дону шаарынан Москвага жүрүш баштаган 24-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен телефондон сүйлөштү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиядагы окуялар өлкөнүн ички иши экенин айтса, Владимир Путин менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеёв Орусиядагы абалды сүйлөшкөнү кабарланды.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 26-июнда “Азаттыктын” менчик аскердик компаниялардын тобокелдиктери тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, Орусиядагы окуя боюнча Кыргызстандын жетекчилери бул өлкөнүн расмий адамдары менен сүйлөшпөгөнүн билдирди:
“Жеке менчик аскердик компаниялар түзүлсө да алар мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керек. Мисалы, АКШда, Кытайда да ушундай компаниялар бар. Алар кайтаруу жана башка иштер менен алек болот. Менин билишимче, Орусияда алардын ишин жөнгө сала турган мыйзам да жок болушу керек. Жеке менчик аскердик ишканага болгон күчтү берип койгон болбойт. Анын жетекчисинин Евгений Пригожиндикиндей саясий амбициясы болсо аны ким токтото алат? Алардын танктары, учактары, абадан коргонуу системалары бар. Бир чоң армиянын курал-жарагы бар. Макул, ал бүгүн мамлекетке иштесин, эртең бийликти алам десе кандай болот? Ошондуктан алар кандай учурда иштейт жана кайсы убакта ишин токтотот, мыйзам менен аныкталышы керек. Ал эми бизге окшогон чакан мамлекеттерге андай компаниялардын кереги жок”.
Марат Иманкулов айткандай эле Орусияда менчик аскердик компаниялардын ишин жөнгө салган мыйзам жок. Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов депутаттар жеке аскердик уюмдардын ишин тескеген мыйзам долбоорун жазып баштаганын айтканын орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.
“Вагнер” эмне уюм?
"Вагнер" - Путиндин мурдагы ашпозчусу атыккан Пригожин негиздеген менчик аскердик компания.
Бул компаниянын жалданма жоочулары, анын ичинде абактардан тартылгандар Украинадагы согушка жана Сирия менен Африка өлкөлөрүндөгү аскердик операцияларга активдүү катышууда.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган “Вагнердин” жоочулары көптөгөн кылмыштарга айыпталып келет. Пригожин муну моюнуна албаганы менен четке да какпайт.
“Вагнер” компаниясы Украинадагы согушка түрмөдөгү адамдарды жалдап жатканы 2022-жылы жазында айтыла баштаган.
Орус түрмөлөрүнөн согушка канча киши тартылганы так белгисиз. “Вагнерге” азгырылып согушта каза болгондордун ичинде кыргызстандыктар да бар. "Азаттык" буга чейин абактан согушка тартылгандан кийин каза болгон он чакты учурду тактаган.
Орусиядагы окуянын Кыргызстанга сабагы
Евгений Пригожиндин жүрүшү, анын Москвага 200 чакырым калганда Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун ортомчулугу менен кайра артка кайтышы Орусиянын күч түзүмдөрү боюнча ар кандай талкууга жол ачты. Кыргызстандын мурдагы вице-премьер министри, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов Борбор Азиянын коопсуздугу жөнүндө маселе көтөрдү.
“Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан керек болсо Казакстан менен Өзбекстан да коопсуздук боюнча маселелерди жалгыз-жалгыз чече албайт. Ошондуктан бул аймактагы республикалар биргелешип иш алып барышы керек. Себеби, Украинадагы согуш канчага чейин созулат белгисиз болуп турат. Ушунун терс таасири эми ай сайын, жыл сайын бизге да тийет. Ошондуктан Борбор Азия жетекчилери Чолпон-Атадагы акыркы жыйынды коопсуздук маселеге буруп, регионалдык уюм түзүп бирдикте иш алып барыш керек”.
Орусиядагы “куралдуу козголоң” аракети саясий маселелерди да козгоду. Коопсуздук жаатындагы эксперт, саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиевдин айтымында, Кыргызстандын жетекчилиги жана коомчулугу бийликти бир колго топтоонун жана жекебасар башкаруунун кесепети боюнча сабак алышы керек:
“Орусияда жеке менчик аскердик компаниялар түзүлсүн деген Мамлекеттик Думанын бир да чечими жок. Мыйзам болгондо “ал ушундай шартта иштейт” деп так белгиленмек, талкуу болмок. Демократиянын жакшы жагы ушул – бийлик үч бутакка бөлүнүп, бири-бирин толуктап, көзөмөлдөп турат. Бийликте тең салмактуулук болбосо мындай окуялар боло берет. Ушунун баары эми Владимир Путиндин өзүнүн башына тийди. Орусиянын кадыр-баркы кандай түштү”.
Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.