Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

"Жол жабылды, билет кымбаттады" Мигранттарды чочулаткан кырдаал


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги соңку кырдаалга байланыштуу Орусиянын Украина менен чектеш аймактарына барбай турууга чакырды. "Азаттык" абал курчуган аймактардагы кыргызстандыктар менен байланышып ал-жайын сурады.

“Вагнердин” жалданма аскерлери киргени кабарланган Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында ишемби күнү базарлар, айрым ири жолдор жабылганын шаарда иштеген кыргызстандык мигрант "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ал жеке коопсуздугунан улам атын ачык атабоону суранды. Журтташыбыздын айтымында, 24-июнда базарды ачууга уруксат берилген эмес.

"Биз шаардын сыртында турабыз. Базар да шаардын четинде. Биз тарап тынч эле, бирок базарды ачтырбай коюшту. Чоң трассалар да жабылды дешти. Шаардын борборун билбейм. Бизге эртеден бери Кыргызстандагы туугандар чалып, кабатыр болуп жатышат".

Ал эми өзүн Орусиядагы кыргыздардын түштүк федералдык округунун омбудсмени деп атаган Алтынбек Кыпчакбаев Ростов-на-Дону шаарында абал тынч экенин айтты.

"Бизде баары жакшы, баары тынч. Базарларды жаап койду. Чыкпай тургула деп телевизордон айтты, эскертүү берди. Мен бул жактагы жарандарыбызга маалыматты салып койдум. Чыкпай, үйүңөрдө болуп тургула дедик. Азыр шаарда аскер техникалары, танк, БТРлер жүрөт. Шаардын административдик аймагын жаап коюп, машиналарды, эч кимди өткөрбөй жатыптыр".

Кыпчакбаевдин маалыматына караганда, Ростов-на-Дону облусунда 6 миңдей кыргызстандык бар, алардын тең жарымы орус жарандыгын алган.

"Дүкөндөрдө узун кезек пайда болду"

Ростовдогу дагы бир мигрант Бакыт Маматкулов дүкөндөрдө узун кезек пайда болгонун билдирди.

"Азыр мигранттар кичине чочулап турабыз. Себеби, Ростовдон чыгарда жолдорду жаап коюшту. Биз жашаган район шаардан 15 чакырым алыс, азырынча тынч. Бирок "вагнерчилер" Коргоо министрлигинин аймактагы штабын кармап турушат. Калган жак тынч эле. Азыр мигранттар эле эмес, бул жактын жарандары деле чочулап турат. Дүкөн, май куюучу жайлардын баарында узун кезек пайда болду. Себеби, аскердик режим киргизген болсо, үйдөн чыга албай калабыз деп азык-түлүктөрдү топтоп жатышат".

Бул аралыкта Би-Би-Си жана Reuters өзүнүн булактарына таянып тараткан маалыматтарында "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жоочулары Воронеж облусундагы бардык аскердик объекттерди өз көзөмөлүнө алганын билдирүүдө.

Аталган облустагы "Кыргыз мурас" коомунун жетекчиси Калыбек Назарбаев аймак азырынча тынч экенин билдирди.

"Эч кандай коркунуч жок, баары жайында. Мен өзүм шаарды аралап чыктым, дүкөн, дарыкана, базарлар иштеп жатат. Мурда кандай иштесе ошондой эле. Болгону шаардын кирген жана чыкан жерде документтерди жол коопсуздугуна каөз салган кызматкерлер текшерип жатат. Шаардын ичи таза, аскер адамдары же техника жүргөнүн көргөн жокмун. Бүгүн мекендештердин көпчүлүгүнө жолуктум. Чочулаган деле жок, тынч эле жүрүшөт".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарга кайрылуу жасап, Орусиянын Украина менен чектеш аймактарындагы кырдаал курчуганга байланыштуу ал жакка барбай турууга чакырды.

Кайрылууда бул аймактарда жашаган кыргызстандыктарды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырды жана зарылчылык болсо Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен байланышуу керектигин билдирди.

Ал арада Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кескин кымбаттап кеткени маалым болду. Билет сатуучу ишкерлердин маалыматына ылайык, ишемби күнү түштөн кийин Москва-Бишкек багытына 18 миң сомго, Москва-Ош багытына 20 миң сомго чейин сатылды. Буга чейин алардын баасы 10500-14 миң сом болчу.

Aviasales ресурсундагы маалыматка ылайык, Москвадан Бишкекке жана Ошко 24-25-июнда уча турган авиакаттамдардын эконом класстагы билети 60 миң рублден ашууда. Ал эми Bookit порталы 24-июнда уча турган Москва-Бишкек каттамындагы авиабилеттин баасы 77 миң сомго жеткенин көрсөтүүдө. Ал билеттер да калбай калууда.

Орусиядагы кырдаалга кыргызстандыктардын реакциясы

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын, Өзбекстандын, Беларустун президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды.

Ак ордонун билдиришинче, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Орусиядагы окуялар өлкөнүн ички иши экенин белгилеп, конституциялык тартип жана мыйзам үстөмдүгү түздөн түз өлкөдөгү коомдук тартипти колдоонун шарты экенин белгилеген.

Орусиянын Украинага басып кириши боюнча нейтралдуу позицияда экенин билдирип келген расмий Бишкек соңку окуялар боюнча эч кандай билдирүү жасай элек. Бирок карапайым кыргызстандыктар Орусиядагы кырдаалды кызуу талкуулап жатышат.

Орусиядагы окуялардын хронологиясы

  • 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.
  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • 24-июнда Орусиянын Федералдык коопсуздук комитети “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөдү. Пригожинди "Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады. Ростов-на-Донуда бардык жарандык жана аскердик бийлик органдарынын иши үзгүлтүккө учураганын айтты. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин эгер коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айтты.

XS
SM
MD
LG