Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

"Уулум кенедейинен аскер адамы болом деп кыялданчу"


Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин сөөгү жерге берилүүдө.
Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин сөөгү жерге берилүүдө.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Жаңжалда бери дегенде 59 адам мерт болду.

Курман болгон аскерлердин сөөгү жерге берилүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163 болгонун билдирди.

"Бекмырза октябрда үйлөнмөк эле..."

Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда тажик тарап Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылаган учурда курман болгон.
Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда тажик тарап Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылаган учурда курман болгон.

Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда чек арадагы куралдуу кагылышта Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодон курман болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Ноокен районундагы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Арык айылында жерге берилди. Апасы Райкан Нуркулова "уулум бир айдан кийин үйлөнмөк" деп боздоп отурат.

"Уулум мектепте эле тыкан болчу. Мен үчүн жашаңыз деп айтчу эле. Быйыл беш жыл сүйлөшүп жүргөн кызына Баткенден келгенден кийин октябрь айында үйлөнмөк эле. Эч ким баласын жоготуп какшабасын".

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери келишимдик негизде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматында иштеп жаткан. Алгач "Маданият" чек ара бекетинде иштеп жүрүп, 2020-жылы Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетине которулган.

Чек ара кызматынын маалыматында: "Бекмырза Шарабидин уулу 2021-жылы апрель, майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда мекенди жана чек араны активдүү коргогон. 16-сентябрь күнү Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетинде баатырларча курман болду",- деп жазылган.

"Атышуу токтобой жатат, кайра байланышам" деген...

Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун сөөгү 18-сентябрда жерге берилди.
Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун сөөгү 18-сентябрда жерге берилди.

Ноокендик 27 жаштагы Гүлжигит Бектенов үй-бүлөдө он бир туугандын төртүнчүсү эле. Маркум бир ай мурда эле кыздуу болуп, үч күнгө үйүнө келип, жакындары менен жолугуп кеткен.

Баткендеги атышуу учурунда келинчегине WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөткөн. Анда "атышуу токтобой жатат, кайра байланышам" деп айткан экен.

Атасы Токтосун Бектенов уулунан айрылганына сай-сөөгү сыздап отурат.

"Уулум менен акыркы жолу 16-сентябрда сүйлөштүм, анда тынч эле деген. Кийин кызыма чалып "апамды жакшы карагыла, атама салам айткыла, анан өзүм чыгам" дептир. Ошентип уулумду жоготтум, артында бир айлык кызы калды. Уулум кенедейинен эле аскер адамы, офицер болом деп жүргөн кыялына жеткени менен минтип капитан болгондо кете берди... Эч ким баласын жоготпосун".

Маркум Гүлжигит Бектановдун классташы Сейитмурат Аманбеков Баткендеги чек ара жаңжалы башталган учурда досунун абалын билиш үчүн телефондон байланышканда жардам керек экенин айткан. Анткени классташы Сейитмурат да аскер адамы.

"Баткендеги окуя башталганда досума чалып, абалды сурадым. Ал кыска эле "жардам жөнөткүлө, мүмкүн болсо" деп ошол бойдон байланыш үзүлүп калды. Мен да аскер адамы болгондуктан ал кандай кырдаалга туш болуп жатканын туйдум. Досум мекен үчүн кызматын өтөп жатып жан берди".

Чек арада ноокендик эки жоокер курман болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Гүлжигит Бектенов 2013-жылы Казакстандагы Чек ара академиясына тапшырып, 2017-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2017-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө атайын дайындалган "Бөрү" отрядында кызмат өтөгөн. Андан соң Наарын шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген.

Гүлжигит Бектенов 2019-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен районунда жайгашкан "Достук" чек ара тозотундагы куралдуу кармашта курман болду. Ал "Достук" чек ара тозотунун башчысы болуп 2022-жылдын май айында эле дайындалган болчу.

Баткен облусундагы чек арадагы кагылышуулар Жалал-Абад облусунан жалпысынан беш аскер кызматкеринин өмүрүн алды.

"Жүрөгүн берип иштейт эле..."

Эламан Ураимов (1994-2022). Сүрөт соцтармактан алынды.
Эламан Ураимов (1994-2022). Сүрөт соцтармактан алынды.

Эламан Ураимов Ош облусунун Савай айылында 1994-жылы 9-январда туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон.

28 жаштагы Эламан Ураимов Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы "Скорпион" полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы "Бужум" чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Эламан Ураимовдун сөөгү 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди. Жакындары 28 жаштагы офицер мекен чегинде эрдик көрсөтүп мерт болгонун айтып беришти. Агасы Бөкөнбай Абдурасуловдун айтымында, ал колго түшүп калбоо үчүн Тажикстандын 5-6 жоокери жакындап келгенде өзүн кошуп жардырып жиберген.

Чек арада курман болгон Эламан Ураимов
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

"Менин балам аскер окуусун бала кезинен эңсеп жүрүп окуган. Аскер окуу жайына окуп, андан кийин аскер институтун аяктаган. Өзүнүн жумушу дегенде баарын таштап коюп барчу эле. Эмгек өргүүсүнө чыкканда деле эс албай, дайыма ишим деп... Отпускеде болсо да ошол жерден туруп кетчү эле",- дейт апасы Венера Апысова.

“Жумушуна жүрөгүн берип иштейт эле. Балдарына өтө мээримдүү ата эле. Балдары да атасын жакшы көрүшчү... "Атамы сагындым, атам качан келет" деп телефондо сүйлөшүп турушат эле”, - деди маркумдун жубайы Аймээрим.

Эламан Ураимовдун артында бир уул, бир кызы калды.

"Үйлөнөм деп бизди кубантып кеткен"

Нурсултан Жаныбеков ( 1995-2022) 16-сентябрда Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетиндеги кармашта курман болду.
Нурсултан Жаныбеков ( 1995-2022) 16-сентябрда Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетиндеги кармашта курман болду.

Куралдуу кагылышууда курман болгон Нурсултан Жаныбеков Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын улук чалгынчысы жана көзгө атаары эле. Нурсултан 16-сентябрда Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетиндеги кармашта курман болду. Аны 18-сентябрда Нарын районунун өзү туулуп-өскөн Оттук айылында акыркы сапарга узатышты.

Чек арада мекенин коргоп, курман болгон Нурсултан бир үйдүн тун уулу болчу.

“Баткенде чатак чыккан сайын барып келип жаткан. Акыркы жолу быйыл жазында кеткен”,- дейт апасы Венера Жакыпова.

Нурсултан 1995-жылы туулган. 2014-жылы Оштогу аскер бөлүгүндө кызматын өтөгөн. Андан кийин мамлекеттик Чек ара кызматында, "Бөрү" атайын даярдыктагы бөлүгүндө кызмат кылган. Быйыл мартта улук чалгынчы, улук аткыч кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөөгө жиберилген.

"Балам отпускеге келип, бир апта мурда эле Баткенге кайра кеткен. Үйлөнөм деп бизди кубантып кетти эле. Балдарыбызды коргоп берсе болмок. Кан жутуп калдык. Балам да, биз да кыялданган үмүтүбүзгө жетпей калдык...",- деди атасы Таалайбек Жаныбеков.

Нурсултан Жаныбеков былтыр - 2021-жылдын апрель айынын этегинде болгон кыргыз-тажик чек ара чатагында да аскердик курамда алдыңкы тилкеде болгон. Ошол былтыр май айында президенттин Ардак грамотасын алган.

"Үйлөнөм деп бизди кубантып кетти эле". Бир үйдүн тун уулу чек арада окко учту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG