"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.
Ошто 14-июлда болгон селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Сел агызып кеткен беш кишинин төртөөнүн сөөгү табылды, бир аял изделип жатат.
Кыргызстанда 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча талкууларды кайрадан күн тартибине чыгарды. Маркумдун жакындары бул окуя үчүн анын күйөөсүн айыптап жатышат. Милиция окуя иликтенип жатканын билдирсе, укук коргоочулар зомбулук маселесине көңүл бурууга чакырууда.
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.
Алайку өрөөнү - облус борборунан обочолонгон, шарты катаал, жолу татаал аймак. 20 миңдей киши жашаган өрөөн Кытай менен чектешип, деңиз деңгээлинен 2300 бийик турат. “Данисте” бул жолу тоолуктардын турмушун көрсөтөт.
Ошто зордук-зомбулукка кабылган аялдар убактылуу баш калкалай турган жалгыз гана жай бар. Ал азыр жабылуу коркунучунда турганын “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди. "Азаттыктын" кабарчылары кыйын кырдаалга кабылган кыз-келиндерге жардам берген уюмга барып келди.
Ноокат районунда жашаган каарманыбыз Муслима 47 жашта. Анын күйөөсү экинчи аялга үйлөнүп алганда үй-бүлөсү бузулган. Азыр Муслима курстарда окуп, долбоорлорго катышып, өзүн өнүктүрүп, турмушта запкы жеген аялдарга жардам берсем деген мүдөөсү бар. Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш болуп эсептелет.
7 миллион калкы бар тоолуу Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөргө, анын таасиринен пайда болгон жаңы реалдуулукка кантип ыңгайлашууда? Кыргыз бийлиги энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну көбөйтүү планы бардыгын, чакан ГЭСтер менен күн, шамал энергиясына басым жасарын жарыялады.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы кагылыштан бери алты айдан ашык убакыт өттү. Өлкөлөр ортосундагы чек аралар жабык. Экономикалык байланыштар үзүлгөн. Республикалардын ортосундагы соода алакасы азайган.
Орусияда абакта отурган кыргызстандыктарды Украинадагы согушка мажбурлоо менен тартылып жатканы белгилүү боло баштады. Мындан улам орус абактарында жаза өтөп жаткан кыргызстандык жарандарды мекенине шашылыш түрдө экстрадициялоо маселеси көтөрүлдү.
Кыргызстанда иликтөөчү журналисттер кысымга кабылып, ишмердигине тоскоолдуктар көбөйгөнүн айтышат. Temirov Live редакциясы коопсуздук үчүн эки жылда төрт жолу кеңсе алмаштырганга мажбур болсо, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик телеканал менен соттошууга даярданып атат.
2022-жылы Ошто эки айдын ичинде эки аял үй-бүлөлүк зомбулуктан ажал тапты. Натыйжада алты бала жетим калып, шектүүлөр камакка алынган. Зомбулуктун күбөсү болгон балдар азыр психологиялык жардамга муктаж.
Ошто ашар жолу менен эки кабаттуу жаштар борбору курулуп жатат. Демилгечилердин айтымында, мындай борборлор жаштарды туура эмес агымдарга азгырылуудан, криминалга аралашуудан коргоого багытталган.
Жолборс жылынын сапары карып, соңуна чыгып баратат. Бул жыл карапайым калктын жашоосун кантип өзгөрттү? Элдин жаңы жылда күткөнү эмне? "Азаттыктын" кабарчылары өлкөнүн булуң-бурчундагы тургундарга микрофон сунду.
Ааламга жолду айылдан баштаган англис тилчи Барчынай 31 жашта. Ал турмушка чыккандан иштебей үйдө отуруп калган. Бирок ага карабай алган билимин эл менен бөлүшүп, Тик-Ток платформасы аркылуу англис тилин жайылтууда.
Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун диплом чырына чекит коюлбай, жарым жылдан бери арасат абалда турат.
Айдаркенде армияда кызмат өтөп жүргөн 18 жаштагы жоокер Айжигит Таалайбек уулунун сөөгү өзү туулуп өскөн Кара-Суу районунда 11-ноябрда жерге берилди. Расмий маалыматта бир ай мурда аскерге чакырылган жоокер оорудан көз жумганы айтылса, жакындары ага ишенбей жатат.
Журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.
22-октябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын жүздөй тургуну Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп, суу сактагычка жакын аймактагы айылдарды кыдырышты.
Дагы жүктөңүз