Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

АКШ Европадан келгендерди чектейт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнөн Кошмо Штаттарга келүүгө убактылуу тыюу салды.

АКШнын президенти Дональд Трамп 11-мартта кечинде элге кайрылып, мындай тыюу 13-мартта башталарын жана 30 күнгө созуларын билдирди. Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу жагдайды пандемия деп жарыялаган эле.

Дональд Трамп элге кайрылуусунда Европа Биримдигин «АКШ сыяктуу сактык чараларын көрө алган жок» деп айыптады. Трамп Кошмо Штаттар болгон аракетин көргөндүктөн бул оору өз өлкөсүндө аз жайылып жатканын белгиледи.

Дональд Трамп сырттан келгендерди чектеп, киргизбөө сыңары «катаал, бирок керектүү чара» Британияга карата колдонулбай турганын билдирди.

«Европа Биримдиги Кытай жана оору тез жайылып жаткан башка өлкөлөрдөн келгендерди чектебей койду, сактык чараларын көрө алган жок. Мунун айынан Кошмо Штаттарда жаңы вирус жуккан учурлар Европадан келген саякатчылардан улам болду», - деди ал.

Трамп ошондой эле Конгрессти коронавирустун АКШ экономикасына тийгизген кесепетин азайтуу максатында америкалыктардын салык түйшүгүн жеңилдетүү боюнча чара көрүүгө чакырды.

АКШда вирус миңден ашык адамдан табылды, 40тай киши ажал тапты. Өлкө бийлиги 15 адам оорудан айыгып кеткенин билдирди.

Бир катар штаттардын бийлик органдары өзгөчө абал жарыялашты.

Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу жагдайды пандемия деп жарыялаган. Уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесус жакынкы күндөрү коронавирус катталган өлкөлөрдүн саны, оору жугузуп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жагдайга күнү-түнү көз салып жатат. Биз оорунун жайылышы, анын кесепетинен жана керектүү чаралар көрүлбөй жатканынан улам жаралган кооптонууга байланыштуу терең тынчсыздануу билдиребиз. Ошондуктан биз COVID-19 вирусун пандемия катары сыпаттай берсе болот деп баа беребиз».

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Бул өлкөдө азык-түлүк сатылган дүкөндөрдөн жана дарыканалардан башка соода түйүндөрү, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар жабылды. Өлкөдө карантин жарыяланды. Италияда оору жугузуп алгандар 12,5 миңге чамалады жана өлгөндөрдүн саны 800дөн ашты.

Кытайдан тараган, өпкөнү сезгенткен жаңы вирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүндө катталды. Ооруну жугузуп алган адамдардын саны 126 миңден ашты. Илдет 4600дөй адамдын өмүрүн жалмады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG