Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Башкы ассамблеянын жыйыны башталды


Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны башталды. Дүйнө лидерлери бир нече күн бою сөз сүйлөп, глобалдык маселелерди талкуулашмакчы.

Жыйынга катышуу үчүн АКШга Иран президенти Махмуд Ахмадинежад да келди. Биринчи эле күнү ал Израилди айыптап кирди.

Сессиянын ачылыш күнүндө АКШ жана Франция президенттери, башка бир катар мамлекет башчылар сүйлөмөкчү.

Ассамблеяны утурлай өткөрүлгөн мыйзам үстмөдүгү боюнча атайын жыйында Иран президенти Махмуд Ахмадинежад БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин “ядролук дүрмөттөрүн” коргоодо деп айыптады.

Израил атомдук арсеналга ээ болгон Жакынкы Чыгыштагы жападан жалгыз өлкө деп шектелгени менен, Тел-Авив анын кубаты тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып келатат.

Махмуд Ахмединежад
Махмуд Ахмединежад
Ахмадинежаддын айыптоочу сөздөрүнөн кийин Израилдин делегациясы демейдегидей эле залдан чыгып кетти.

Иран лидери Махмуд Ахмадинежад Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү БУУнун хартиясына жамынып, исламга каршы багытталган тасмага байланыштуу билдирүү жасаган жок деп доомат артты:

- Пайгамбарлар жана улуу диндер адам баласынын жалпы мурасы, алар бардык коомдордо мыйзам түрүндө корголушу керек. Ошондо жек көрүүгө, согушка, кастыкка алып келген жаңжалдарды алдын алып, тынчтыкта жана интеграцияда жашаса болот.

Ага чейин Ахмадинежад Нью-Йорктогу журналисттерге Ирандан айырмаланып, Израилдин Жакынкы Чыгышта тамырлары жок. Жөөт мамлекетинин сес көрсөтүүсүнөн Иран коркпойт жана керек болсо жооп кайтарууга даяр деп айткан.

Ошол эле күнү Ахмадинежад жайгашкан Нью-Йорктогу мейманкананын алдына
демонстранттар чогулуп, нааразылыгын билдиришти. Алар "Варвик" отелинин жетекчилигин Иран лидерин кабыл алгандыгы үчүн сындашты.

"Биз бул жерге Ахмадинежаддын жана Иран делегациясынын Нью-Йоркко келишине, "Варвик" мейманканасынын аларды жайгаштыруу чечимине каршылыгыбызды билдирип чыктык", - деди акциянын уюштуруучусу Давид Ибсен.

БУУнун буга чейинки сессияларында Иран мамлекет башчысынын Холокостту танган же Батышты айыптаган билдирүүлөрү эл аралык коомчулуктун нааразылыгын жаратып, Ирандын мындан аркы изоляциясына алып келген.

Барак Обама
Барак Обама
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ишембиде Нью-Йоркто Ахмадинежад менен кездешкенде анын “отко май тамызган риторикасы” кооптуу экенин эскерткен.

Ал эми дүйшөмбүдө атайын сессияда сүйлөгөн баш катчы чыр-чатактарды жөнгө салууда мыйзам үстөмдүгү негизги принцип болууга тийиш деп белгиледи:

- Улуттар уюму тарабынан иштелип чыккан эл аралык укук жаатындагы мыйзамдар дүйнө коомчулугу үчүн кызматташуунун, жаңжалдарды тынч жол менен чечүүнүн, куралдуу кагылышууларды алдын алуунун пайдубалы болуп бере алат. Бир дагы согуш кылмышкерин азыркы дүйнөдө баш паанек таба алгыдай кылыш керек.

Башкы ассамблеяга Кыргызстан делегациясы да катышууда. Аны жетектеген Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков бейшембиде сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG