Дональд Трамптын чечиминен кийинки билдирүүсүндө Ак үй башкы прокурордун милдетин аткарып келген Сали Йейтстин кадамын “АКШ жарандарын коргоо максатында кабыл алынган мыйзамдуу жардыкты аткарбоо менен Юстиция министрлигин саткандык” катары сыпаттады.
АКШда Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура бир эле мекеме.
Бул мамлекеттик мекеме башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Салли Йейтс 30-январь күнү ал Юстиция министрлигинин адвокаттарына сотторго жолдонгон арыздар каралган учурда президенттин жардыгын коргоого көрсөтмө бербей турганын айтып чыккан эле.
Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун катында “менин милдетим Юстиция министрлигинин соттогу туруму мекеменин такай сот адилеттигине жетишүү боюнча турумун камсыздоо. Мен азыркы тапта жардыкты коргоо ушул милдетке шайкеш келерине ишене албай турам жана жардыктын мыйзамдуулугуна ишенбейм”,- деп көрсөтүлгөн.
Салли Йейтсти башкы прокурордун милдетин аткаруу кызматына мурдагы президент Барак Обама дайындаган эле
Ал башкы прокурорлукка Трамп көргөзгөн Жефф Сешнстын талапкерлиги Сенатта бекитилгенге чейин иштеп турмак.
Эми АКШнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Виржиния штатынын Чыгыш районунун прокурору Дана Боэнтти дайындалды.
Ал дароо эле Юстиция министрлигине президенттин жардыгын коргоого көрсөтмө бергенин билдирди.
Ак үйдөн болсо президенттин басма сөз катчысы, Шон Спайсер Трамптын көчө демонстрацияларын, сотко кайрылууларды, ошондой эле чет өлкөлөрдө сын жараткан жардыгынын максаттарын чечмелеп, төмөнкүлөргө токтолду:
- Президент өлкөнү коргоодо абдан жигердүү болууну көздөп жатат. Биз кол салынышын күтүп, мындай нерсе кайталанбоосу үчүн эмне кылуу зарылдыгын андан кийин аныктап олтурбайбыз. Ал биз кабылган коркунучту, ар бир потенциалдуу коркунучту алдын алуу үчүн колдон келгендин баарын жасамакчы. Бул жердеги чечүүчү нерсе - биз ошол коркунучтардын алдына кантип чыгарабыз.
АКШны “чет элдик террорчулардан” коргоону убада кылган президент Дональд Трамп жети мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин, токтотууну караган жардыгына үч күн мурда, 27-январда кол койгон.
Ал мусулман өлкөлөрү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен.
Президенттин жардыгына ылайык, АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотот.
Чектөө мекенинде диний негизде куугунтукка кабылган качкындарга карата жайылтылбайт.
Трамп өзү жардыгын “мусулмандарга тыюу салуу эмес” деп ырастап, анын 40тай мусулман өлкөсүнө эч тиешеси жоктугун белгилеген.
Бул иммиграциялык чектөөгө каршы нааразылык акциялар борбор шаар Вашингтондо 30-январда да өттү.
Сотко АКШнын ири мусулман уюмдарынын бири - Америка-ислам мамилелери кеңеши да кайрылды:
- Биз бул америкалык эмес, мыйзамсыз деп эсептейбиз. Андыктан доо арызыбыз оң караларына ишенип турабыз. Анткени, биз америкалык салттуу баалуулуктарды, конституциялык баалуулуктарды коргоп жатабыз. Ал баалуулуктар адамдар бирдей корголушун кепилдейт, бир динге экинчиси алдында артыкчылык бербейт,- деди Америка-ислам мамилелери кеңешинин аткаруучу директору Нихад Ауад Вашингтондогу басма сөз жыйында.
Конгрессте демократтар президент жардыгын сындап жатышат. Мурдагы президент Барак Обама да жаңы иммиграциялык саясатка каршы өлкөсүндөгү нааразычылыктарды колдоду.
Обаманын басма сөз катчысынын айтымында, ал АКШнын баалуулуктары "коркунуч алдында калды" деп эсептейт.