Кыргызтан менен Тажикстандын чек арасына зым тартуу иши ушул тапта Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жана Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жүрүүдө.
Жергиликтүү бийлик калктуу конуштарга зым тартуу иштеринин жүрүшүндө тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бак-дарактардан тазалоо иштерине көмөк көрсөтүп жатат.
“Тургундар чек араны тосуу иштерин кубаттап, турак жайлары аркылуу өткөн зым тартуу иштерине түшүнүү менен мамиле жасап жатышат”, - деп айтылат облустук бийликтин маалыматында.
Баткен районунун акимчилигинен чек араны тосуу учурдунда жарандардын мүлкү зыянга учураса кенемте төлөп берүү үчүн атайын комиссия иш алып барарын маалымдаган.
Ушул жылдын 29-апрелинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталган. Биринчи этапта 420 км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылаары айтылган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталган. Калган 486,94 чакырымын делимитациялоо иши соңку үч жыл ичинде ишке ашты. (JsA)
Шерине