Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Bloomberg: Он чакты өлкө Украинага аскер жөнөтүүгө даяр


Украина. Фронт сызыгы
Украина. Фронт сызыгы

Тынчтык келишиминин алкагында Украинага өз аскерин жиберүүгө онго чукул мамлекет даяр экенин Bloomberg 20-августта өз булактарына таянып кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Батыштын расмий өкүлдөрү 19-августта британиялык жана франциялык аскерлерди Украинага жиберүү планын, алардын санын, жайгаша турган жерин талкуулады.

Британ бийлиги европалык аскердик өкүлдөр жакынкы күндөрдө америкалык кесиптештери менен жолугушарын, анда Украинанын коопсуздук кепилдигине байланыштуу талкуу болорун билдирди.

Axios өз булактарына таянуу менен коопсуздук кепилдигин иштеп чыгуу менен алектенген жумушчу комиссияны АКШнын мамлекеттик катчысы Мапко Рубио жетектей турганын жазды.

"Жакынкы күндөрдө баары таңдан кечке чейин коопсуздук кепилдиги менен алектенет. Балким, жуманын аягына чейин кандайдыр бир ачык архитектура көрүнүп калышы мүмкүн", – деди аталган басылмага украиналык аткеминер.

Bloomberg божомолдогондой, Украина үчүн коопсуздук кепилдигинин пакети ушул аптада түзүлүшү мүмкүн. Биринчи этабында жардам катары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин жана анын жеке курамын окутуп-үйрөтүү каралган.

Бул маселе менен негизинен европалык аскер кызматкерлеринен турган топ алектенет, алар Украинада фронт сызыгынан алыс жайгашат деп күтүлүүдө.

Агенттиктин булагынын билдирүүсүндө, пландын башка бөлүгү чалгын маалыматтарын бөлүшүү, чек араларда байкоо жүргүзүү, курал-жарак жеткирүү, балким абадан коргонуу багытында АКШнын колдоосун камтыйт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News каналына берген маегинде Батыш мамлекеттери Украинага аскер жиберүүгө даяр экенин, АКШ ага жардам берерин билдирген.

"Авиация тууралуу айтсак болчудай, анткени биздегидей нерсе эч кимде жок. Бирок мен бул маселе жаратат деп ойлобойм", – деди ал.

Орусия бул билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG