Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Президент Жапаров Саида Мирзиёеваны кабыл алды


Саида Мирзиёева жана Садыр Жапаров.
Саида Мирзиёева жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 20-августта Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланганын билдирди.

Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотууга багытталган “Заковат” интеллектуалдык оюну Бишкекте өткөрүлгөнүн айтып берди.

Быйыл июнь айынын этегинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны президенттик администрациянын жетекчиси кылып дайындаган.

40 жаштагы Саида буга чейин президенттин жардамчысы болуп иштеген. Ага чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы, 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары кызматын аркалаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG