Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Израилдин коргоо министри Газа шаарын ээлөө планын жактырды


Газанын тургундары гуманитардык жардам таратылгандан кийин азык-түлүк жана башка жардам салынган мүшөк көтөрүп баратышат. 27-июль, 2025-жыл
Газанын тургундары гуманитардык жардам таратылгандан кийин азык-түлүк жана башка жардам салынган мүшөк көтөрүп баратышат. 27-июль, 2025-жыл

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Газа шаарына чабуул коюу планын бекиткенин мамлекеттик медиалар - Kan, Ynet жана The Times of Israel кабарлады.

Операция "Гедиондун арабалары II" деп аталып, резервдеги жоокерлердин мобилизация болушу күтүлүүдө.

The Times of Israel басылмасы коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянып, резервдеги 60 миңдей киши армияга чакырыларын жазды.

Исраэл Кац мындан тышкары "гуманитардык даярдык" планын бекитти, ага ылайык миллиондой палестиналык жай тургун Газа шаарынан сектордун түштүгүнө көчүшү керек. Ал операция аяктагандан кийин "Газанын көрүнүшү өзгөрүп, мурдагыдай болбойт" деп билдирди.

Израилдин министрлер кабинети 8-августта премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекиткен. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген.

Ушул тапта Газа тилкесинин 75-80% Израилдин көзөмөлүндө.

Палестин анклавында дээрлик эки жылга аяк баскан согуш уланып жатканда Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге жасаган террордук кол салуудан 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 148 туткун аман-эсен кайтарылды. Дагы 50дөй израилдик туткундун 20сы тирүү экени кабарланган.

Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согушта 60 миңден ашуун киши каза тапканын маалымдаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG