Өлкөдөгү курч, көйгөйлүү маселелерди тайманбастан козгоп, коомго алып чыккан чыгаан журналистти замандаштары эскерет.
Журналисттик иликтөөлөр фондунун байкоочу кеңешинин жетекчиси Султан Каназаровдун айтымында, кыргыз журналистикасында иликтөө тармагы жанданганына ашып кетсе төрт жылдай гана убакыт болду. Ал иликтөө жанрына кадам таштаган саналуу журналисттердин сап башында Уланбек Эгизбаев турганын эскерди:
“Бүгүнкү күнү иликтөө биздин журналистикада кадимки калыптанган көрүнүшкө айланып калгандай көрүнөт. Бирок төрт жыл мурдагы иликтөөчү үч гана журналисттин атын эстей алам. Алар - Жанар Акаев, Али Токтакунов жана Улан Эгизбаев. Иликтөө жанрына элдин ишеними пайда болушу үчүн ошол убактагы иликтөө жасаган балдардын репутациясы тунук болушу керек. Анткени алдыдагы авангардга чоң жоопкерчилик коюлат. Башындагылар туура жолго салып кетсе, ошол жанр жашап калат. Эгерде элдин ишеними башынан эле болбой калса, анда жогорудагы жанр өнүкпөй калат. Кыргыз журналистикасында бүгүнкү күндө чоң резонанс жараткан, кадрдык өзгөрүүлөргө алып келген иликтөөлөр болуп жатат. Ушул иштерге Уландын салымы бар. Азыр үч жылдан кийин баа берип жаткан болсок, кийинчерээк мындан да терең баа берилет деп ойлойм”.
Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөндөн кийин ага арналып акындар тарабынан ырлар жазылды, “Чындык деп жанган өмүр” атуу китеп кыргыз жана орус тилдеринде «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү. Бул китепте анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.
Журналист Аскер Сакыбаева Уланбек жемкорлукту аныктаган иликтөө гана жасаган адам эмес, патриот адам катары жасаган иши менен өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошо алды деген пикирде.
“Анын иликтөөлөрүнөн кийин көптөгөн мамлекеттик мекемелер аракет кылып, иш жүрүп жатты да. Бул да анын эмгеги. Уландын башкалардан айырмаланып тургандыгы ушунчалык эл-жер үчүн жалындап күйүп турган мекенчил эле. Кайсы маселе болбосун бул сапаты сезилип турчу. Дагы бир өзгөчөлүгү - ал абдан сабаттуу болчу. 3-курсунан биздин "Жаңы Агым" гезитинде иштеди да. Менин таң калганым, ошондо эле чоң материалдарды жазчу эле. Негизинен сөзсүз түрдө бере турган ойду, маселени толук ачуу журналистикага жаңы аралашкан адам үчүн оор да. А Улан ошондо эле жеңил баштаган".
Депутат Абдывахап Нурбаевдин пикиринде, Эгизбаев кыргыз тилдүү журналисттердин эл аралык деңгээлде өсүп-жетилүүсүнө шарт түздү. Ошону менен катар жаштарга үлгү болуп, ачыктаган чуулгандуу иштерин кесипкөйлүк менен көрсөтө алды:
“Ар бир өлкөнүн ар бир жөнөкөй жараны министрлик же депутаттык кызматтарга барбай деле өлкөгө кызмат өтөсө болорун Уланбек Эгизбаев үлгү катары көрсөтө алды. Биздеги сөз эркиндигин пайдаланып, көп журналисттерди шыктандырды. Жаш болсо да курчтугу, тайманбастыгы менен 120 депутаттан турган парламент айта албаган, жасай албаган иштерди батынып жасоого аракеттенди. Анан дагы ар бир ишин жиликтеп, фактылар менен аткарганын баса белгилейм. Анткени ал тирүү кезде эч бир жаран же болбосо мамлекеттик органдар сотко бергенин көрбөдүм”.
“Журналисттик иликтөөлөр фонду” 2018-жылы Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты негиздеген. Жеңүүчүлөрдү фонд көз карандысыз комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт.
Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо. Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.
Маркумду жакындан тааныган замандаштары ал кыргыз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошконун да эскеришет. Уланбек "Фейсбуктагы" баракчасына “Кыпкыргызча” деген топ түзүп, миңдеген окурмандардын нукура кыргызча баарлашуу, талкуу аянтчасына айланта алган.
Анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.
“Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун мурунку жетекчиси, активист Хабиб Арзыкулов Эгизбаевдин кайрымдуулукка кошкон салымына токтолду:
“Уландын күйүмдүүлүгү таасирлентчү. Ал “Дүйнөлүк деңгээлдеги социалдык долбоорлорду иштеп, элдин аң-сезимин көтөрүп, кайрымдуулук маданиятын түптөгөнгө менин да ордум болсо” деп кыялданчу. Ал үчүн чет жактан окуп, чет тилдерин бышыктоо максаттары бар эле. Жаш болсо да Нургазы аттуу каарманы менен тарткан даректүү тасмасы 63 өлкөдөн катышкан миңдеген тасмалардын ичинен жеңип алганы эле кандай зор ийгилик. Мен “Бир демөөрчү, бир окуучу” деген долбоор менен иштедим. Кыргызстанды кыдырып, жетим балдарды окутуу долбоору болчу. Ошол долбоор менен көп демөөрчү таап Америкага чейин бардык. Ошол долбоордун атын да Уланбек Эгизбаев коюп берген”.
Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.
Ал 2013-жылдан бери “Азаттыкта” эмгектенип, “Бажыдагы миллиондор”, “Көрүстөндөгү корррупция”, “Саясатташкан сауналар” жана башка бир катар коомчулукта чоң талкуу жараткан журналисттик иликтөөлөрдү тарткан.
Журналист 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө чөгүп каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, анын сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Эгизбаев көзү өткөндөн кийин да бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган.