Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Дастанга айланган Уланбек


«Чындык деп жанган өмүр» китеби
«Чындык деп жанган өмүр» китеби

Уланбек Эгизбаевдин «Чындык деп жанган өмүр» китебине камтылган эскерүүлөрдөн үзүндүлөр.

Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын президенти:

- Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келе жаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди.

Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти:

- Биздин балабыздай болгон жаш жигит. Бирок 28 жаштагы Уланбек көп нерселерди жасоого үлгүрүп кетти. Ал – биздин Данко! Кыргыз журналистикасынын бийиктиги менен күчүн көрсөткөн азамат. Ал таза, калыс Чындыктын өзү болчу.

Венера Жуматаева, "Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси:

- "Азаттык" радиосунда иштеген туптуура беш жыл ичинде Уланбек Эгизбаев Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, эң аярлуу, чукул жардамга, колдоого муктаж, же тегерегиндеги элден башкача жашаган, кандайдыр ички терең баалуулуктарды аздектеген каармандарды таап, аларды видеого тартып, радио, телеге алып чыгып, баарыбызды таң калтырып келди. Элдин баары сөз кылган, бирок эч ким даап казып чыкпаган коррупциялык иштердин бетин ачып, ондогон иликтөө программаларын даярдады. Кыргыз тилиндеги журналисттик иликтөөнүн деңгээлин көтөрдү. Жалпы эле Кыргызстандагы эр жүрөк, чынчыл журналистиканын символуна айланды.

Айзада Касмалиева, "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кеңсесинин директору:

- Кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин журналистикада калтырган мурасы мына ошондой бийик парзды аркалаган күчтүн жаралышына дем берип, өсүп келаткан жаш муун үчүн ар дайым үлгү болушу керек. Уланбек Эгизбаевдин атын, жаркын элесин эстен чыгарбоонун бирден бир жолу мына ушул.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Уланбек аз жашады, бирок нускалуу жашады. Уланбек эч кимден жеңилген жок. Кечээтен бери эң мыкты акындар Уланбекке ырларын арнап жазды, бүгүнтөн баштап ага обондорун арнап жазып жатышат. Уланбектин жер үстүндөгү сапары карыды, бирок түбөлүк сапары арыбайт. Эми ал ырга айланат, эми ал дастанга айланат, эми ал арманга айланат, эми ал обонго айланат. Эртедир-кечтир кайсы бир жерде бир сөз жетпей калса, бир чындык жетпей калса, ошондо арман кылып, ушуну Уланбек айтмак эле, ушуну Уланбек кылмак эле деп эстээрбиз... ​

Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле.

Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Уланбек өзүнүн жеке кызыкчылыгына келгенде жулунбаган, өтө уяң, тартынчаак жигит болсо, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде оттон, суудан тартынбаган азамат эле. Дал ошондой мүнөзү бар эле. Буга чейин айтылгандай, адамдарды тирүү кезинде баалай албайт экенбиз. Эгерде бааласак, Уланбектин иш-аракетине дем-күч бере турган биз элек, ушундай азаматтарыбыздын көп болушу үчүн кол-кабыш кылып, жардам бере турган биз элек. Тилекке каршы, ал жагынан бизден кемчилик кетти.

Амирбек Азам уулу, журналист:

- Уланбек даярдаган видеоберүүлөрдөн казынанын “канын” сүлүктөй соргон коррупционер-жемкорлор менен сүйлөшкөндө, үнү болк этпей, суроолорду казык каккандай бергенин баарыбыз көргөнбүз. Бул анын өз чөнтөгүн акчага толтурууда напсисин араандай ачкан кызмат адамдары Кыргызстандын бүгүнкү абалы үчүн жооптуу экенин терең түшүнүп, алардын “сук дүйнөсүн” тайманбай ачууга бекем бел байлаганынан болсо керек... А телефондон баарлашканда үнү камкор жана мээрман сезилер эле.

Тынчтыкбек Чоротегин, журналист:

- Эгерде бийлик дурус түшүнсө, эл-журт маркум Уланбекти эскерүү чараларына жандуу катышуу жана анын мезгилсиз өлүмүнө жаны ачыгандыгын билдирүү аркылуу коомдогу эки жүздүүлүккө, маселелерди көмүскө чечүү тажрыйбаларына, адилетсиздикке эчак тойгондугун, жапатырмак жаңыланууну, тазаланууну көксөп жаткандыгын тастыктап жатат.

Олжобай Шакир, жазуучу:

- Ие, кайран баатыр, баарыбыз сага карап түзөнөр болдук мындан кийин! Тилин тишине катып жүргөндөр көп бүгүн. Сенин өлүмүң ошолордун абийирин козгоор өлүм болду.

Сени өлдү деген суук кабар элди аралап, жүрөгүн ойготту. Баатырдын өлүмү гана элди ушинтип термелтмек. Манастын чыныгы урпагы белемсиң, Уланбек! Сенин өлүмүң канчалардын уятын козгоп туру бүгүн!

Сарвар Усмон, "Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисти:

- Улан өзүнүн журналистикасы менен кыргыз журналистикасын, коомду тазарта баштады. Жок дегенде ушундай үмүт бере алды.

…"Улан" деген ысымдын өзбекче айтылышы "Уул" болот. Кыргыз журналистикасы Уулунан ажырады. Мен муну эч кандай пафосу жок, толук ишеним менен айтып жатам.

Венера Акматова, доцент:

- Чындыкка багышталган реквиемимди көкүрөктөн чыккан сөздөр менен аяктагым келет: Мекенге кызмат кылуу деген ушундай болот! Элге-жерге өрнөк болуу деген ушул! Аз болсо да жарык өмүр сүрдү, көптүн бири болбоду. Ушундай уул тапкан ата-энесине, мектебине, айылына, Кочкор аймагына, мүлдө кыргыз элине рахмат! ​

Аким Кожоев, жазуучу:

- Уландын кайгылуу өлүмү көпчүлүгүбүздүн көзүбүздү ачты, чындыктын куну канчалык кымбатка турарын дагы бир жолу эсибизге салды. Эгемендиктин оош-кыйыш жылдарында улуттун, өлкөнүн келечеги үчүн чыркырап жүрүп жан берген Насирдин Исанов, Сатыбалды Жээнбеков, Дооронбек Садырбаев, Шералы Назаркулов ж.б. сыяктуу чыныгы баатырларды дагы бир жолу эскертти. Уланбек эңсеп жүрүп өтүп кеткен адилет коомду куруу канчалык кыйынга турарын, акыйкатка жетүү оңой эмес экенин дагы бир жолу түшүнгөндөй болдук.

Азамат Тынаев, журналист:

- Кечээ өтө кайгылуу күн болгонуна социалык тармактарда бардыгыбыз күбө болдук. Уланбекти жеке тааныбаган адамдар да анын өлүмүн өздөрүнүн жеке жоготуусу катары кабыл алышты. Бул жөн жерден эмес. Уланбек өзүнүн журналисттик эмгеги менен бул кесипке жан киргизди. Ал бардыгыбызга күч колдонуп революция кылбай эле, өзүндө болгон мүмкүнчүлүк менен көп нерсени өзгөртсө, мыйзамсыздыкка каршы күрөшсө боло турганын көрсөттү, ошого үмүт берди.

Жолдош Турдубаев, публицист:

- Бактылуу жашоону байлык топтоо, бийликке жетүү, айбандык кумарга берилүү ж.б. деп түшүнгөндөр толтура. Уланбектин ЖАШООСУ мындай пас, тар түшүнүккө дегеле сыйбайт. Ал элин, өз өлкөсүн жанындай жакшы көрүп жашады. …Ата-энесин, өмүр шеригин, жакын туугандарын эле эмес, кыргызды, Ааламды кучагына алган ЖАКШЫ КӨРҮҮ сезими менен жашады. Чындыкты, адилеттикти жактап жашады. Баарыбызды ойготуу үчүн сергек, таза ЖАШООГО сөзү менен да, иши менен да чакырган ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР сүрдү.

Редакциядан: Чындык үчүн күрөшкөн чыгаан журналисттин ишин улантуу максатында "Азаттыктын" жамааты "Кыргызстан-Сорос" фондусунун көмөгү менен Улан Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" ("В поисках правды") деген китебин кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды.

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен Журналисттик иликтөө фонду түзүлүп, 2018-жылы 14-сентябрда ишке кирди. Фонд мыкты журналисттик иликтөө чыгарган журналистке жыл сайын Улан Эгизбаев атындагы сыйлык уюштуруп, аны туулган күнү 12-февралда ыйгарып туруу чечимин кабыл алды. Бул сыйлыктын алгачкысы "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковго, ушул эле конкурстун алкагындагы сыйлыктар журналисттер Карачач Шакировага, Эрик Исраиловго, Адил Турдукуловго, Марина Сколышевага ыйгарылды.

Жыл ичинде Уланбек Эгизбаевге көптөгөн сыйлыктар, наамдар берилди. Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Уланбекке «Эрдик» медалы ыйгарылды.

Уланбек Эгизбаевдин ысымы өзү окуган Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектепке коюлду жана бул мектептин бүтүрүүчүсүнө жыл сайын "Азаттык" ыйгарып турчу бир жолку стипендиянын алгачкысы тапшырылды.

"Азаттыктын" белгилүү иликтөөчү жаш журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза болгон.

Уландан уланган жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:53 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG