Мартин Басов бала чагында футбол академиясында, кийинчерээк Донецктеги Сергей Бубка атындагы олимпиадалык резервдеги окуу жайда окуган. Харьковдогу юридикалык академиянын бүтүрүүчүсү. Кыргызстанга келгенге чейин Украинанын экинчи, Беларустун жогорку лигасында ойногон. Мартин Басов Украинадагы кырдаал, ага болгон жеке көз карашы тууралуу "Азаттыкка" маек берди.
«Азаттык»: Украинага акыркы жолу качан бардыңыз?
Мартин Басов: Үч ай мурда Донецкке баргам. Ал жакта психологиялык абал оор. Эл согушуп, бир туугандар бири-бирин атып жатат. Эсиңизде болсо Донецкте референдум өткөн, биз өз эркибиз менен барып добуш бердик. Ал жактагы эл Украинадан бөлүнгүсү келген жок, болгону өлкө ичинде автономия түзүүнү каалашкан.
«Азаттык»: Эми кандай өлкөгө кайткыңыз келет?
Мартин Басов: Украина менен бирге калууну каалайт элем. Мен 1994-жылы туулгам, көз карандысыз өлкөдө жашадым. Улуу муун өкүлдөрү Советтер Союзунун стереотиптери, өткөндү сагынуу менен жашайт эмеспи. Ошол эле маалда биз дүйнө интеграция болуп жатканын сезип турабыз. Мен бөлүнбөгөн Украинаны жактайм, бирок ал Бажы биримдигине жакын болушун каалайт элем. Анткени биз бир тууган элбиз, Европа бул Европа, бирок Украинаны Орусиядан ажыратууга болбойт. Кыргызстан, Орусия, Беларус жана Казакстанды башкача көз караш менен карагым келбейт.
Донецктен экениме карабай, Украина өз жолу менен өнүгүүсү керек деп эсептейм. Бизге башынан эле өлкө батышында жаман адамдар жашайт деп мээге сиңирип коюшкан. Кийин окууну бүткөндөн кийин алар деле биздей адам экенине көзүм жетти.
«Азаттык»: Ким айтчу эле ошентип?
Мартин Басов: Мектепте Степан Бандера тууралуу айтып жатып, Украина батышында негизинен начар адамдар жашаарын кошумчалай кетишчү. Мен Украинанын бүтүндүгүн жактайм, бирок Степан Бандераны идеалдаштыргым келбейт. Ал гумандуулукка каршы кыянатчылыктарды көп кылган, кадыресе эле бандит болгон.
«Азаттык»: Сиз кетип жатканда Донецкте абал кандай эле?
Мартин Басов: Туруктуу болчу. Тазалоо иштери жүрүп жаткан. Мен өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атагандар бандит жана аракеч дегенге кошула албайм. Анын мүчөлөрү негизинен жаш жигиттер, анан темирдей тартипке баш ийишет. Мен Донецкте жүргөндө баары тынч болчу, “Донецк элдик республикасынын” мүчөлөрү эч кимге тийишкен жок. Бирок негедир кымбат унааларды ээсинен тартып алып жатышты. Бул коопсуздук үчүнбү же башка себептен уламбы билбедим. Менин көз алдымда эле бир кыздын BMW X5 унаасын алып коюшту.
«Азаттык»: Азыр ал жакта эмне болуп жатат. Дос-туугандар менен байланышып, кабар алып турасызбы?
Мартин Басов: Донецкте бийлик өкүлдөрү иштеген жок. Көчөдө эл аз, жумушчулардын көбү ак төлөнбөгөн эс алууга кетишкен. Эң зарыл гана Тез жардам сыяктуу кызматтар иштеп жатат. Суу жана жарык маал-маалы менен өчүп турат. Кырдаал абдан курч болчу.
Дагы бир нерсени айта кетейин, окуянын чордонунда жашап атып элдин башы маң, чын менен калпты айырмалай албай калышты. Орус телеканалдары бирди айтат, украиналык каналдар таптакыр башка нерсени көргөзүшөт. Маселен, «Донецк элдик республикасынын» аймагында украин телеканалдары көрсөтпөйт, ал эми Харьков облусунда орус каналдары тартпайт.
«Азаттык»: Эми өзүңүзгө токтолсок, Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?
Мартин Басов: Кай жакка баруу керектигин талкуулаган кезде Кыргызстанга токтолдук. Мурда бул өлкө тууралуу уккан элек. Футбол клубдарын карадык, акырында бизди “Алайга” чакырышты.
«Азаттык»: Кыргызстанда силерди кандай тосуп алышты?
Мартин Басов: Абдан жакшы. Биз муну күткөн эмес элек. Бул жактын эли меймандос келет экен. Конокко чакырган күйөрмандар болду. Жардам сурасаң чын дили менен кол созушат, нагыз бир туугандык мамиле.
«Азаттык»: Келишим эки айга гана түзүлгөн турбайбы. Андан кийин эмне кыласыз, кайда барасыз?
Мартин Басов: Азыр билбейм. Беларуска барам го. Ата-энем ошол жакта. Азыр аскер курагындамын. Украинага барсам, ок атууга мажбурлашат. А мен өз элиме каршы согушкум келбейт.