Украинадагы жарандарын эвакуациялоо аракетин улантып жатат. Элчилик 28-февралда Украинанын борбору Киевден 114 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин кабарлады.
Украинанын Киев баштаган бир нече аймактарында кыргызстандыктардын ичинен ар кандай жол менен башка өлкөгө чыгып кетип жаткандар бар.
“Сыртка чыкпай жашынып отурабыз”
Украинадагы кыргызстандыктарды издеп жатып, ал өлкөдө кыйын кырдаалга туш болгон мекендештерди таптык. Донецк аймагындамын деген кыргызстандык атын атасы келген жок. Анын айтымында, Донецкиден мекенине кете албай турган төрт кыргызстандык үй-бүлө бар.
“Кечээ катуу атышуу болду эле, бүгүн тынч уктадык. Көчөгө чыкпай отурабыз. Кайсы элчиликке кайрылышыбыз керек? Азыр биз кимге карайбыз? Киевби же Орусиябы? Менден башка төрт кыргыз үй-бүлө сыртка чыкпай отурат. Баарынын эле кетебиз деген ою бар. Бирок, өздөрүнүн жана балдарынын документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондуктан чыгып кете албай турушат. Менин документим жайында бирок, 23 жаштагы балам бар. Азыр көчөгө чыксак эле баламды алып кетишет. Башка кыргыздарга жардам берсе жакшы болмок. Биз бул жерде көп жылдардан бери жашайбыз. Үйүбүз талкаланды", - деди ал.
Бул кыргызстандык Донецкиде кайсы өлкөнүн жарандыгын алганын айткысы келбеди.
“Чек арада ыктыярчы болдум”
Ал эми Киевде иштеп жүргөн Арген Жумагазиев согуш башталгандан бир күндөн кийин эле Варшаваны көздөй жөнөгөн. Ал жолдон көргөндөрүн мындайча баяндап берди:
“Машине сатып иштечүбүз. 24-февралда согуш башталды. Бир аз машинелерибиз бар болчу. Аларды коопсуз жерге катып, жолго чыктык. 25инде эртең менен саат 10дордо чыгып кеттик. Эрте чыкмакпыз, май куюучу жайларда кезек болду. Львов облусунда “Шегини” деген өткөрмө бекет бар экен. Ошол жерден чыгып кеттик. Ал жерде машинелердин кезеги 40 чакырымга созулду. Биз тоолорду аралап 15 чакырым кыскарттык, анан кайра 15 чакырымдай жөө басып чек арага келдик. Чек арада башаламандык. Үч аскерге жардам берип байкем экөөбүз элди киргизип, ыктыярчы болуп төрт сааттай иштедик. Ал жакты иреттешип, биринчи балдарды, аялдарды өткөрүп иштедик. Эки миңдей кишинин арасында ыйлап, эсин жоготуп кулагандарды көрдүк. Чек арадан ашып секиргендерди токтотуш керек болду. Кадимки Ооганстандагы согуштай абал болду. Элчиликти күткөндөй убакыт жок болчу. Танк менен тебелеген окуялар биздин райондо болду. Бул жерден согуштан корккон жокпуз, көчөдөн улутчулдарга кабылып калбайлы дедик”, - деди Арген.
Украинанын ар кайсы аймактарындагы кыргызстандыктар түрдүү жолдор менен коңшу мамлекеттерге чыгып кетип жатышат. Эл аралык уюмдардын биринде иштеген атын атагысы келбеген кыргызстандык өзү иштеген уюм аркылуу чыгып кеткенин айтып берди.
“Луганск облусунда, Донбасста болчубуз. Эки күн мурда жолго чыкканбыз. Днепропетровск деген облусундагы Днепр деген шаарда жаттык. Жолдон ар бир шаардын кире беришинде жана чыгып жатканда элдик кошуундар сыяктуу куралчан кишилер ар бир машинени текшерип жатты. Өрттөлгөн техника көп экен. Украина менен Молдованын чек арасына келип 7-8 сааттай турдук. Кезек аябай көп болду. Учурда Молдованын борбор шаарында турабыз”, - деди кыргызстандык.
Согуштук аракеттер дагы деле уланып жаткан Киев шаарынан байланышка чыккан мекендешибиз Азамат Исмаилов Украинада кыргыз диаспорасын жетектейт. Анын айтымында, 28-февралда Киевден кыргыз жарандарын коопсуз жагдайда алып чыгып кетүүгө аракет башталды.
“Бүгүнкү түн мурункуларга караганда тынчыраак болду. Коменданттык саат аяктап элдер сыртка чыкты. Көчөдө саат кечки 10го чейин жүрсө болот. Киевдин өзүндө 300гө жакын кыргыз бар. Өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен чыккандар 25 кишидей болду. Алар Польша, Молдовага чыгышты”.
Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Идрис Кадыркулов 28-февралда Киев убактысы менен саат 13:00дө 107 кыргыз жараны Венгрияга жөнөп кеткенин кабарлады. Анын 34ү балдар.
Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган. Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланууда.
Элчиликтин 28-февралдагы расмий маалыматына ылайык, консулдук каттоодо турган 680 адамдын арасынан 300 киши менен такай байланыш болуп турган. Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 жаран бар.
27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо бараткан. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданып жаткан. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратканын кабарлаган.
Украинадагы окуяларга байланыштуу дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда да талкуулар, акциялар өтүп жатат. 28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Украинаны колдогон кезектеги акция өттү.
Акцияга чыккан ондогон кыргызстандыктар "Согушка жол жок!", "Тынчтык үчүн!", "Украинага даңк!", "Алдоону жана өлтүрүүнү токтот!" деген жазууларды кармап, кыйкырып турушту.
Ал ортодо Украинанын Кыргызстандагы элчиси өз өлкөсүндөгү соңку окуялар, кыргыз-украин кызматташуусу тууралуу журналисттерге маалымат берди. Элчи Украина менен Орусиянын ортосундагы абал кыргыз-украин мамилесине таасирин тийгизбей турганына ишенет.
24-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушкан. Анда Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынарына ишеним артып, абалдын курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.