Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Киев: Митинг ызгаарды тоготкон жок


Киевдеги нааразылык акциядан, 9-декабрь, 2013.
Киевдеги нааразылык акциядан, 9-декабрь, 2013.

Киевде европачылардын нааразылык акциясы уланууда. Алар Украинанын Евробиримдик менен байланышын бекемдөөнү жана Виктор Януковичтин президенттиктен кетүүсүн талап кылууда.

Катуу суукка карабай 9-декабрда да Киевдин Төбөлсүздүк майданында нааразылык акциясы уланды. Дүйшөмбүгө караган түнү миңдеген демонстранттар маанилүү өкмөттүк имараттарды камалоону токтотушпады.

"Нааразылар өздөрүн сабырдуу кармап, бирок азыркы бийликке баш ийгиси келбегенин ачык көрсөтүшүүдө",- деп билдирет “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Том Балмфорт Киевден:

- Жыйылган эл өзүн өтө тартиптүү кармоодо. Түртүшүп, жөөлөшкөндөр жок. Көпчүлүк адамдар жылмайып, жанынан кимди тапса, ошону менен жебирешип сүйлөшүүдө. Бирок аларда бийликке баш ийбейбиз деген маанай күчтүү. Коопсуздук кызматтары "өкмөттү төңкөрүүгө аракет кылды" деп оппозицияга каршы кылмыш иши ачылганын маалымдады.

Киев. 9-декабрь, 2013-жыл
Киев. 9-декабрь, 2013-жыл
Украинадагы саясий кырдаал өлкө чегинен чыгып, эл аралык коомчулуктун да тынчын алууда. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу 8-декабрда президент Виктор Янукович менен телефондон баарлашып, жагдайды “саясий жол менен чечүүнүн зарылдыгына” көңүл бурду.

Кечээ күнү Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да Украинадагы саясий абалды Виктор Янукович менен талкуулады. Андан соң жасаган билдирүүсүндө БУУнун баш катчысы “кырдаалга терең тынчсызданганын” айтып, “зобун-зордукка орун жок экенине” көңүл бурду жана “бардык кызыкдар тараптарды тынч сүйлөшүүгө чакырды".

8-декабрда протестчилердин бир тобу Киевдин борбордук майданындагы Лениндин килейген эстелигин кыйратышкан эле. Алар 1917-жылкы большевиктер төңкөрүшүнүн көсөмүнүн айкелинин бир колун Төбөлсүздүк майданындагы митингчилерге тапшырышты. “Кош бол, коммунизмдин мурасы,”-деп жазды бул окуя тууралуу Твиттерде оппоциячыл адвокат Андрей Шевченко.

Лениндин эстелигин талкалоо учуру, 8-декабрь, 2013-жыл
Лениндин эстелигин талкалоо учуру, 8-декабрь, 2013-жыл
Лениндин килейген скульптурасын талкалоону премьер-министр Микола Азаровдун өкүлү “жапайычылык” деп сыпаттады. Оппозиция лидерлеринин айтымында, эстеликти кулатууга алардын эч кандай тиешеси жок.

Оппозиция лидерлери митингчилер менен үзбөй кездешип, аларга дем берип турат. УДАР партиясынын лидери, бокс боюнча дүйнөнүн оор салмактагы чемпиону Виталий Кличко жекшемби күнү митингчилерге кайрылып, алар өз келечеги үчүн күрөшүп жатканын айткан:

- Мен сиздердин ар бириңиздерге рахмат дегим келет, сиздердин пассивдүү болбой жарандык позицияңыздарды көрсөткөнүңүздөргө алкыш айтам. Сиздер өз келечегиңиздер үчүн күрөшүп жатасыздар. Сиздердин болочогуңуздар мага же башка оппозиция лидерине багыңкы эмес. Келечек ар бириңиздерге көз каранды. Жеңиш үчүн биз баарыбыз биригип, колдон келгендин баарын жасашыбыз керек.

Европачыл демонстранттардын бири, Максим аттуу жигит дүйшөмбү күнү Рейтер агенттигине берген интервьюда: "Акыркы 20 жылда эч нерсе жасалбады. Кырдаал тез өзгөрөөрүнө ишеним жок, бирок бул митингдер өзгөрүүлөргө түрткү берет,” –дейт.

Маалыматтарга караганда, Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон айым ушул бейшемби күнү Киевге келип, саясий тирешүүнү тынчтык жолу менен басуунун жолун сүйлөшөт.

Украинадагы анти-өкмөттүк чыгуулар президент Янукович Евробиримдиктин 28-29-ноябрда Вильнюста болгон саммитинде Ассоциациялык кызматташуу келишимине кол койбогондон соң башталды. Буга нааразы болуп, ноябрдын акыркы дем алышында Киевде жарым миллиондой адам жана башка шаарларда да миңдеген эл демонстрацияга чыккан. Бул 2004-жылкы Саргылтым ыңкылаптан берки эң чоң саясий акция болду. Европачылардын Киевдеги акциясы ошондон бери тынбай уланууда.

Киевде Лениндин эстелигин кулатышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG